Зеленскийдин командасына кимдер келди?

Владимир Зеленский со своей командой

Сүрөттүн булагы, ТВИТТЕР

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Зеленскийдин командасы
Published

Владимир Зеленский президенттик кызматка киришкен алгачкы эле күндөрдө өзүнүн командасын чогулта баштады. Алардын арасында Зеленский менен "Квартал-95" студиясында бирге жүргөн адамдар да бар.

Президенттик администрация башчысы - Андрей Богдан

Богдан

Сүрөттүн булагы, UNIAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Андрей Богдан

Андрей Богдан 42 жашта, мыкты юрист, адвокат катары белгилүү. Өзүнүн айтымында, жаңы президент менен көптөн бери жакындан тааныш, анын "досумун" деп айтып келет. Богдан "Украинская правда" гезитине интервью берип, 2014-2015-жылдары жылдызы жанып турган Зеленскийге саясатка аралашууга үндөгөнүн жашырган жок.

Акыркы президенттик шайлоо өнөктүгүндө Богдан украин лидеринин Зеленскийдин штабында жүрдү. Дебаттарда да азыркы президентти колдоп, алдыда жүрдү.

Зеленский

Сүрөттүн булагы, President.gov.ua

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Зеленский менен Андрей Богдан бири-бирин "дос" деп аташат

Андрей Богданды саясатта жаңы фигура деп айтууга болбойт. Ал 2004-жылдан бери шайлоо өнөктүктөрүнө катышып келгенин билдирди. Виктор Ющенконун учурунда Богдан Юстиция министрлигинде иштеген. Януковичтин убагында антикоррупциялык саясат боюнча өкмөт мүчөсү болгон.

Биринчи жардамчы - Сергей Шефир

Бул кызматка Зеленскийдин жакын досу, 54 жаштагы Сергей Шефир келди. Киевдеги "theБабель" маалымат агенттигинин жазганына караганда, Зеленский менен Шефир Москвада бир батирде жашаган. Экөө Москвадан Киевге кайтып, "Квартал 95" студиясын негиздеген.

Сергей Шефир администрация жетекчилигине келет деген сөздөр айтылган, бирок ал бул кызматка юрист дайындалганы туура болот деген пикирин билдирген.

Андан тышкары Владимир Зеленский бир катар кеңешчилерин жана мамлекеттик органдардагы өкүлдөрүн дайындады.

Руслан Стефанчук
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Руслан Стефанчук

КВНдын мурдагы катышуучусу, юридика илимдеринин доктору Руслан Стефанчукту Зеленскийдин штабында "башкы идеолог" деп аташат. Украинанын маалымат агенттиктери жазгандай, Стефанчук шайлоо өнөктүгүндө жаңы президенттин убадаларын мыйзам долбоору катары ишке ашырууда. Шейшемби күнү ал президенттин кеңешчиси жана Жогорку Рададагы өкүлү болуп дайындалды.

Президенттик аппарат жетекчилери

Президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары катары Сергей Трофимов дайындалды. Мурда ал "Квартал-95" студиясынын аткаруучу продюсери болчу.

команда Зеленского накануне встречи с президентом Франции

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зеленский командасы менен (солдон оңго): Иван Баканов, Александр Данилюк, Владимир Зеленский жана Руслан Рябошапка

Юрий Костюк - "Элдин кулу" сериалынын сценарист, продюсери.

Кирилл Тимошенко- GoodMedia студисынын негиздөөчүсү, отуз жашта. Ал шайлоо өнөктүгүндө Зеленскийге жардам берди.

Украинанын Куралдуу күчтөрү

Руслан Хомчак

Сүрөттүн булагы, УНІАН

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Руслан Хомчак

Элүү эки жаштагы генерал-лейтенант Руслан Хомчак Башкы штабдын жетекчиси катары кызматка келди. Ал генералдык наамды 2011-жылы алган.

Донбасстагы аскердик жаңжалдар учурунда командачы катары кызмат кылып келген. Хомчак биринчилерден болуп Украинанын чыгышына орус аскерлери жөнөтүлгөнүн айткан. Ал украин аскерлери менен орус армиясынын ортосундагы кагылышуулар биринчи жолу 2014-жылы 24-августта болгонун маалымдаган.

Атайын кызматтын орун басары катары - Иван Баканов

Иван Баканов в штабе Зеленского
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иван Баканов

Иван Баканов Зеленскийдин бала кезинен берки жакын досу. Экөө бир батирде чоңойгон. Ошондой эле Баканов "Квартал-95" студиясында юрист катары иштеген.

Баканов Украинанын коопсуздук кызматынын биринчи орун басары, Коррупция жана уюшкан кылмыштуу топко каршы башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды. Би-Би-Сиге берген маегинде Баканов мурдагы бийликтин саясатын "украин элине каршы геноцид" деп атаган.