Кыргызстандын Кытай багытындагы кыска саясаты

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кытай бийлиги "Бир кур, бир жол" платформасы алкагында Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоого даяр экенин билдирди. Бээжин Кыргызстан менен мындан ары да ири долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга ынтызар.

Бирок соңку жылдары Кыргызстан бул платформанын алкагында, дегеле Кытай менен кызматташууда өз мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана албай жатканы сындалып келет. Анын кандай себептери бар?

Сөздөн ишке

"Бир кур, бир жол" платформасы алкагында кыргыз тараптын мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу маселеси Бээжиндеги кыргыз-кытай президенттеринин жолугушуусунда да көтөрүлдү.

"Толугу менен бул кызматташтык потенциалы ачылбай жатканы айтылды. Биздин өлкөгө пайдалуу ар кандай тармакта, анын ичинде транспорттук-инфраструктура, туризм жаатында конкреттүү долбоорлорду баштоо тууралуу президент Тышкы иштер министрлигине, Кытайдагы кыргыз элчилигине тапшырма берди. Буга чейин кытай демилгесин идеологиялык жактан колдоп келген болсок, эми реалдуу долбоорлорду жылдыруу боюнча тапшырмалар берилди", -деди президенттин басма сөз өкүлү Толгонай Стамалиева Би-Би-Сиге.

Кыргызстан соңку жылдары Кытай менен мамиле курууда карыз алуу жагына гана басым жасап келди.

Кытайдын Экспорт-импорт банкына болгон Кыргызстандын карызы 2018-жылдын декабрына карата 1 млрд 719,38 миллион доллар деп айтылган. Бул өлкөнүн сырткы карызынын 44,9 пайызын түзөт.

Карыз эсебинен өлкөдө негизги кан жолдор салынып, түндүк менен туштүктү байланыштурчу альтернативдик жолу дагы деле курулуп жатат. Мындан тышкары Бишкек ЖЭБи жаңыланып, бир катар социалдык объекттер тургузулуп, чакан экономикалык долбоорлор иштеп жатат.

Коңшуңду жакындан тааны

Кыргыз бийлиги Кытайдын инвестициялык потенциалын пайдалануу жагын жакшы колго ала албай жатканын бир себеби - Кыргызстан тышкы саясатка олуттуу мамиле жасап, ошол эле Кытайды жакшылап аңдап, изилдеп, тааный электигинен улам, дешет адистер.

Мамлекеттик башкаруу боюнча адис, саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов Кытай менен экономикалык долбоорлорду жылдыруу үчүн мамлекеттик органда кытай таануучулары болушу керек дейт.

"Кыргызстандын экономика жана финансы тармагына жоопкер мамлекеттик мекемелерде, алалы Экономика жана Финансы министрликтеринде кытай таануучулары такыр жок. Андай шартта кантип экономикалык саясат жүргүзсө болот? Жалгыз Тышкы иштер министрлиги экономикалык да, каржылык да саясат менен алек болушу керек деген ой жаңылыштык. Дагы бир маанилүү жагдай, өлкөдө чечим кабыл ала турган мамлекеттик кызматтагы өкмөт-башчы, вице-премьер-министрлер, алардын жардамчыларын алсак деле - кытай тануучулары дээрлик жок. Кытай тилин билгендер бардыр, бирок таануучулар жок, бул да мүмкүнчүлүктөрдү чектейт", - деди серепчи.

Бактыгулов өлкөдө кытай таануу тармагына көңүл буруп, эми да болсо тийиштүү мамлекеттик адистерди даярдоо жагын колгоо алууну сунуштады.

Кытайга дүрбү

Бүгүнкү күнү Кытай дүйнөлүк саясатта башкы оюнчулардын бири. Андыктан кытай бийлиги кабыл алып жаткан чечимдер глобалдык деңгээлде да мааниге ээ болуп баратат, дейт мурунку тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев:

"Кытайдагы Эл өкүлдөрүнүн сессияларында кабыл алынып жаткан чечимдерди кунт коюу менен изилдеш керек. Алар Кытайдын эле экономикалык өнүгүүсү үчүн эмес, ага чектеш жана башка өлкөлөрдүн да экономикасы үчүн маанилүү. Тышкы иштер министрлигинде дайым эле бардык же болгон материалдарды анализдөөгө чама жетпейт. Бул нерсени эксперттик коомчулук жасап, тиги же бул маселеде окуя кандай өнугүшу мүмкүн болгон варианттарды алдын ала айтып турушу керек".

Абдылдаев мамлекеттик деңгээлде кабыл алынуучу чечимдер үчүн эксперттик коштоонун зарылдыгын айтып, бул жалгыз эле Кытай менен болгон мамиледе эмес, дегеле тышкы саясаттагы Кыргызстандын бардык өнөктөштөрунө карата тажрыйбаланышы керек нерсе деди.

"Бир кур, бир жол"жана Кыргызстан

Кытай "Бир кур- бир жол" деп аталган экономикалык демилгесин 2013-жылы эле жарыялаган. Бээжинжин бул геостратегиясынын максаты - Жибек жолунун боюндагы мамлекеттер менен экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, чыгыштан батышты көздөй тоскоолдуксуз карым-катнаш түзүү.

Кытай долбоордун алкагында автожол, темир жол, порт салууга, электростанцияларды курууга ири инвестиция, каражат бөлүүгө убада берип, расмий Бишкек Кытай демилгесин ошол эле жылы колдоого алган.

Кыргызстандын Кытайдагы мурунку элчиси, ШКУнун мурунку башкы катчысы Муратбек Сансызбаев Кыргызстан "Бир кур - бир жол" демилгесине карата өз саясатын иштеп чыгуу зарылдыгын буга чейин деп белгилеген:

"Кыргызстандын "Бир кур, бир жол" демилгесине карата жооп бере ала турган өзүнүн концепциясы болсо болмок. Мындай ири конструкцияларга олуттуу мамиле жасалбаса, биз дайым ээрчиме ролдо болобуз. Европа менен донор-реципиент форматында түзүлгөн мамиледей, Кытай менен да мамилени чечиш керек, Кытай азыр бул маселени биз менен чечкенге даяр, бирок биз даяр эмес болуп жатабыз".

Ошол эле маалда Кытайдын "Бир кур - бир жол" геосаясий планы бир катар олуттуу проблемарга туш болууда. Алалы, Борбордук Азиянын башкаруучулары кытай капиталынын келишин колдоп жатышкан менен кытайлык инвесторлор жергиликтүү элдин жериген мамилесине туш болууда, кээ бир жерде ксенофобия көрүнүштөрү болуп жатат.

Кыргызстанда эле быйыл эле жыл башында мыйзамсыз жүргөн кыргыз мигранттарына каршы ири митингдер өтүп, анын артында үчүнчү күчтөр турганы айтылган.