You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Д. Аскер: Якутияда чагымчылыкка алдырган жокпуз
- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Published
Якутияда бийлик органдарынын жана мигранттардын ичинде жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин жергиликтүү элдин ичиндеги каршылык маанай кагылышка жетпей, жөнгө салынды.
Бул жөнүндө Би-Би-Сиге Якутиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Данияр Аскер билдирди. Бир күн мурда Якутскиде борборазиялык мигранттарга каршы маанай курчуп, бир топ жерде эл топтолгон жыйындар өттү.
Д. Аскер: Якутиянын калкынын өзүнчө мүнөзү бар. Түндүктө суукта чоңойгонгобу, бири-биринин тилин угат. Мына кечээ күнү бул республиканын башчысы бат реакция жасап, каршылык маанайдагы чечүүгө жакшы аракет жасап койду.
Буга чейин көп эле иштер, ар кандай кылмыштар болуп келген мигранттар тараптан. Экинчиден, элдин өзүнүн ичинде да нааразылыктар бар эле. Кичинекей шаардын ичинде бүт жумуш орундарын мигранттар ээлеп алды, каптап кетти деген сыяктуу нааразылык. Ошонун баары чогулуп келип анан жарылып кетти окшойт. Ушундай кырдаалда шаардын мэри, республиканын президенти Айсен Николаев жана башка жетекчилер чогулуп туруп, нааразы болгон алты-жети миң адамды бир жерге чогултуп, жеткиликтүү түшүндүрүп койду. Мен силерди колдойм, түшүнүп турам. Биз бул боюнча мындай чараларды көрөбүз деп мигранттарды жумушка мыйзамсыз алып жаткандарга бөгөт коебуз, мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кетиребиз, кылмыш кылып жаткандарга тийиштүү иштерди жүргүзөбүз деп ачык-ачык, так-так түшүндүрүп берип койду. Аягында эл башка жакка чогулган жок, тарап кетти. Тентек балдар кээ бир күркөлөргө, дүкөндөргө барып, коркутуп-үркүткөн учурлар болду, бирок көп эмес. Бир-эки жерде анча-мынча чатакташмайлар да болушу мүмкүн, бирок ал өтө катуу резонанска алып келген жок. Бул жерде биздин калктын өзүнүн дагы тартибин белгилеп кетсек болот. Бул жактагы жетекчилер, аттуу-баштуу балдар топторго чыгып, чагымчылыкка алдырбагыла, элди козутпай үйлөрүңөргө туруп тургула деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошону угушуп, кечээ күнү жумуштан эрте кетишип, балдарын бакчадан алышып, кечинде үйлөрүнөн чыгышкан жок. Ошол себептүү тынч эле болду. Бүгүн шаар ичи тыптынч. Бирок кайра башка тескери тенденция болуп атат. Анткени бул жакта тейлөө тармагында биздин мигранттар көп иштейт. Автобус, такси айдашат, кафелерде, дүкөндөрдө иштейт. Азык-түлүк дүкөндөрүндө сатуучу, кассир, жүк ташып иштешет. Алардын көпчүлүгү, балким 90-99% чыкпай калды ишке. Ошол себептен шаардын күнүмдүк кадимки ыргагы бузула түшкөндөй болду. Эртең менен аялдамаларда зарыгып күтүп топтолуп калган кишилер болду, жумуштар токтоп калган учурлар болду. Дагы бир мисалды айта кетейин. Жана мага кабар келди, бир кызга ишке чыкпасаң бошотуп салабыз деген эскертүү жазышкан экен. Ал кыз Кыргызстанга кетем деп жооп жазыптыр. Ошондо кайра өтүнүп кайрылышыптыр, ишке чыгып бериңиз, коркпоңуз баары жайында болот деп. Мына ушундай суранычтар болуп атат кайра.
Би-Би-Си: Жергиликтүү элдин ичиндеги каршылык маанайдын курчушуна негизги себептери эмнеде болуп жатат?
Д. Аскер: Бул жактын кыздары дагы өздөрүн өтө эле эркин алып жүрүшөт. Биздегидей салтты көп кармашпайт. Сырттан келгендер менен таанышып, ичимдик ичишип, таксиге түшүп ойноп жүрө беришет. Ушундай учурлар дагы жергиликтүү элдин ичинде нааразылык жаратып келген. Экинчиден, мигранттар көбүнчө тейлөө тармагында иштейт. Бул өзүнчө бир себеп нааразылыкка. Бизге өзүбүзгө жумуш жетпей атса, булар келип бизден жакшы акча таап атат дегендей. Үчүнчү себеп, ошол эле келгиндер биринчи келгенде бир-эки ай тынчыраак жүрүшөт, андан кийин өздөрүн үйүндө жүргөндөй сезип калышат. Мен биздин эле мекендештер жөнүндө эмес, жалпы эле бул жактагы мигранттар жөнүнд айтып атам. Жергиликтүү калктын өкүлдөрүн кээ бирде кагып, урушуп койгон учурлары болот. Ушундай себептердин баары акырын-акырындап чогулуп келе берген. Резонанстуу кылмыштар да болуп келген. Акыркы алты айдын ичинде эле үч зордуктоо болуптур мигранттар аралашкан.
Би-Би-Си: Кэээде атайын чагымчылык менен болушу да мүмкүн да мындай кылмыштар. Зордуктоо кылмышына шектүү деп кармалган мигранттын ишин өзүңөр тактап, териштирип көрдүңөрбү?
Д. Аскер: Менин укканыма караганда ал бала кечинде кыз таанышып, чогуу ичимдик ичишкен экен. Расмий эмес маалыматтар боюнча айтым жатам. Андан кийин бир жерге машина менен барып, аял-эркек ортосундагы иш болгон экен. Андан кийин гаражда иштеген бир досунукуна барышыптыр. Ошол жактан тигил келин нааразы болуп, кетип калыптыр үйүнө. Бир нерсеге капа болгон себептүү. Ошондон ары барып зордуктоо болду деп тергөө комитетине арыз жазыптыр. Жанындагы камалган балдарды кое беришти. Ошол жалгыз бала болгон экен чынында эле күнөөлүү. Бирок азыр тергөөнүн жана соттун чечимин күтөбүз.