Дары-дармектерди арзандатуу: эл аралык уюмдардын тажрыйбасы

Сүрөттүн булагы, Kirill Kukhmar\TASS via Getty Images
Улуттук онкология жана гематология борбору рак илдетин аныктаган атайын жабдыкты сатып алуу үчүн тендер ийигиликтүү болгонун өткөн апта соңунда жар салды. Борбордун адистери ушуну менен үчүнчү жолу тендер өткөрүүдө.
Абдан маанилүү медициналык жабдыктарды сатып алууда Кыргызстанга тажрыйбалуу эл аралык уюмдардын жардамынан пайдаланууга эмне үчүн болбосун?
Би-Би-Си Crown Agents уюмунун өкүлү Лариса Кокареваны маекке тартып, Кыргызстандагы медициналык сатып алуулар боюнча реформалардын жүрүшү тууралуу сурады.
Л. Кокарева: Кыргызстанда 2015-жылы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзам кабыл алынгандан кийин бул багытта реформалар жандана баштады. Мыйзам долбоорун жергиликтүү эксперттер Дүйнөлүк банк, Европа кайра куруу жана өнүгүү банкы сыяктуу уюмдар менен бирге иштеп чыккан. Бул документ мамлекеттик сатып алуулар жаатында дүйнөдөгү эң мыкты жараяндарды камтыйт. Ал эми медициналык сатып алуулар үчүн эл аралык уюмдарды тартуу үчүн бул мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аракетин туура деп эсептейм.

Сүрөттүн булагы, Social Media
Ички ресурстар сатып алууларды натыйжалуу жүргүзө албай жатканда жана өлкөдөгү азыркы жагдайды эске алганда, убактылуу болсо да, мындай чечим туура болот. Мамлекеттик сатып алууларга башка уюмдан профессионал адистерди тартуу дүйнөдөгү белгилүү тажрыйба. Мамлекеттик сатып алууларга бюджеттен көп каражат бөлүнөт. Акчаны натыйжалуу пайдалануу жана ишти туура уюштуруу үчүн тыштан адистер тартылат. Өзгөчө инновациялык товарлар керек болгондо, мындай адистер убакыт жана каражатты үнөмдөйт.
Азыр 2015-жылы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүү киргизип, эл аралык уюмдарга Саламаттыкты сактоо министрлигинин ордуна дары-дармек жана башка каражаттарды сатып алууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Азыр Саламаттыкты сактоо министрлиги башка министрликтей эле керектүү каражаттарды өздөрү сатып алышат.
Би-Би-Си: Мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдө Саламаттыкты сактоо министрлигинин ордуна эл аралык уюмдар медициналык сатып алууларга тартылсын деп жазылган экен. Бирок бейөкмөт уюмдарга уруксат берилген эмес. Бул реформаларга кандай таасир этет?
Л. Кокарева: Реформалар жемиштүү болушу үчүн курч жана ачык атаандаштык абдан маанилүү. Медициналык сатып алууларга катышып жүргөн кызыкдар уюмдардын баары Кыргызстанга келип, өз сунушун айтууга мүмкүнчүлүк алышы зарыл.
Кандай уюмдар катыша алары мыйзамда так жазылышы керек. Бул кадам аркылуу уюмдарды электен өткөргөндө, натыйжада тажрыйбалуу эл аралык жана бейөкмөт уюмдар гана калат. Мисалы, Украинанын мыйзамында атайын фонддор, БУУнун агенттиктери, дары-дармек менен камсыз кылган эл аралык ассоциациялар (International Dispensary Association), Улуу Британиянын королдук агенттиги (Crown Agents), НАТО сыяктуу уюмдарга мамлекеттик сатып алууларга катышууга уруксат берилген.

Сүрөттүн булагы, Matthew Sperzel/Getty Images
Би-Би-Си: Сиз Украинадагы реформалар жөнүндө айтып кеттиңиз. Бул өлкөдө жүргөн реформалардан кийин дары-дармек жана башка медициналык каражаттардын баасы 40 пайызга төмөндөгөнү айтылды. Бул дары-дармектин сапатына таасир эткен жокпу?
Л. Кокарева: Украинанын Эсептөө палатасы аудит жүргүзүп, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын жардамы менен сатып алынган дары-дармектердин баасы 40 пайызга арзан болгонун аныктаган. Бул Украинадагы реформалар жемиштүү болгонун тастыктайт.
Украина бул көрсөткүчтөргө ачык-айкындык, атаандаштык жана коррупцияны жок кылуу менен жетишти. Ошондой эле атайын уюмдардын байланыштары да абдан маанилүү. Алар медициналык каражаттарды өндүргөн компанияларга түз чыга алат. Дары-дармектин сапатына эч таасир этпейт. Тескерисинче, бул багытта иш жүргүзгөн уюмдар репутациясын баалайт. Алар сапаттуу медициналык каражаттарды өндүргөн ишканалар менен гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мисалы, Crown Agents бүт эл аралык талаптарга жооп берген, лицензиясы бар, сапаттуу каражаттарды чыгарган компаниялар менен гана иш алып барат. Украинада биз кан-тамыр илдеттерин дарылоого колдонулган стент (кысылып калган тамырынын оордуна стент коюлат) каражаттарын өкмөттүн атынан сатып алуу мүмкүнчүлүгүн утуп алдык. Биз европалык жана америкалык компаниялар менен гана иштедик. Украинанын саламаттыкты сактоо министрлиги 3,1 миллион долларга 10 354 стент алууну суранышса, биз ошол каражатка 23 519 стент алып бердик. Украинада биринчи жолу бул каражатка болгон талап толугу менен камсыздалган. Салыштыруу үчүн 2015-жылы Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 7 170 стент жана аны менен келген жабдыктар үчүн 6,1 миллион доллар сарптаган.

Сүрөттүн булагы, Dogukan Keskinkilic/Anadolu Agency/Getty Images
Би-Би-Си: Украинадан Кыргызстанга өтсөк. Өлкөбүздө дары-дармек көп жылдан бери кымбат баада сатылат. Абалды өзгөртсө болобу?
Л. Кокарева: Кыргызстан дары-дармек жана медициналык каражаттарды өзү чыгарбайт. Ал эми мамлекеттик сатып алууларда дары-дармектер ортомчулар аркылуу алынат. Бул ортомчулар да дары-дармекти өндүргөн компанияларга түз чыкпай, башка ортомчулардан алышат. Бул баанын кымбатташына алып барат.
Эл аралык уюмдардын адистери тажрыйбалуу болгондуктан жана алар мурдагы байланыштарын колдонуп, медициналык каражаттарды өндүргөн ишканаларга түз чыгат. Бул кадам аркылуу дары-дармекке баалар түшөт, сапаты да сакталат. Бирок курч атаандаштык жана ачык-айкындык болбосо, бул компаниялар өлкөгө кирүүдөн тартынат. Мисалы, Украинада 2018-жылы 132 тендерге 18 мамлекеттен 81 компания катышты. 2015-жылы Украинада жаңы иш жүргүзүп баштаганда абал башкача болчу. Украинада онго жетпеген ишкана дары-дармек жеткирген. Бир нече жылда атаандашык курч болуп, сатып алуу жараяндар ачык жүргөндүктөн медициналык каражаттарды өндүргөн компаниялардын ишеними жогорулап, Украинага келе баштады. Бул бир гана Crown Agents уюму катышкан тендерлер.
Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу дары-дармекке болгон баалардын баасын төмөндөтүп, эффективдүүлүктү көтөрөт. Бул эл аралык уюмдардын көз карашы. Бирок азыркы өзгөртүүлөр боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктери гана сатып алууларга катыша алат деген берене бар. Crown Agents аны кеңейтип, башка эл аралык жана бейөкмөт уюмдарды кошууну да сунуштап жатабыз. Мен сизге айтып кеткендей, Украина дагы мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип БУУдан тышкары, башка уюмдарды, анын ичинде Crown Agents уюмун да кошкон. Өкмөт жана Саламаттыкты сактоо уюмунун тандоосу болушу керек. Эл аралык уюмдардын арасында да атаандаштык болгону жакшы. Бул кадам аркылуу өкмөт пайда көрөт.
Би-Би-Си: Сиз бул кадам бюджеттик каражаттарды үнөмдөйт деп жатасыз. Бирок эл аралык уюмдар өздөрү да ортомчу эмеспи?
Л. Кокарева: Мен бул багыттагы эл аралык уюмдарды ортомчу деп атамак эмесмин. Мамлекеттик сатып алууларды аутсорсинг деп атамакмын. Бул өкмөттүн бир гана функциясы тышкы адистердин жардамы менен аткарылат дегенди билдирет. Башкача айтканда тышкы, тажрыйбалуу уюм бул кызматты өкмөткө көрсөтүп берет. Бул компания сапаттуу дары-дармекти өз убагында жеткирип берет. (AT)
































