You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Унаа түтүнүн милдеттүү текшерүү зарылбы?
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Бишкекте машиналардан чыккан түтүн текшерилип жатат. Ушул жыл ичинде аны такай текшерип туруу жана абаны ашыкча булгаган болсо чара көрүү эрежелери кирет. Айдоочулар абаны көп булгаган машиналар эмес дешет.
Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыктын маалыматында унаалардын түтүнү эки аптадан бери текшерилүүдө.
Башкармалык экотехинспекциянын өтүнүчү менен кызматкерлерди бөлүп берди. Алардын милдети унааны токтотуп берүү менен чектелет.
Ал эми инспекция абаны көп булгаган машиналар катталып жатканын айтууда.
Текшерүү айдоочуларды эскертүү жана абал тууралуу жалпы маалымат алуу иретинде жүрүүдө.
"Текшерүү үч айдан беш айга чейин соузулушу мүмкүн. Бишкектен баштаган болсок, акырындык менен бардык шаарларда текшеребиз. Ага атайын шаймандар алынат. Бул 2018-жылдын планына кирди. Абаны ашыкча булгаган - бул эски машиналар менен жүк ташуучу унаалар экени аныкталды", - деди Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева.
Айдоочулар: машина абаны булгады деген шылтоо
Айдоочулар ар бир унаанын түтүнүн тескөө кайра эле коррупцияга жол ачат дешет. Анткени түтүндүн зыянын өлчөө техникалык кароо милдеттендирилсе автоматтык түрдө ага кошулат.
"Абаны машиналар гана булгаган жок. Антовка айылынын этегинде керамика заводу бар. Жылытуу борборунан он эсе көп түтүн чыгарып жатат. Машинанын түтүнү үчүн техникалык кароону киргизүүнүн кереги жок. Кара түтүн чыккан машина - бул бузук машина, көрүнүп эле турат. Ага чара көргөн мыйзам бар, ошону иштетишсин. Техникалык кароону киргизсе, эмне болоорун билебиз. Бизде дайыма башталышы жакшы, жыйынтыгы окшош", - дейт айдоочу Татьяна.
Бишкек айдоочулар союзунун төрага орун басары Дүйшөналы Токтакунов да унаалар шаарды көп булгабайт деп эсептейт. Бирок ал чет өлкөгө чыгуу жана жол коопсуздугу үчүн машинанын техникалык абалы тескелиш керек дейт.
Ал он жылдан эски унаалар Кыргызстанга азыр киргизилбегенин белгиледи.
"Он жылдан берки машиналардын баарында катализатор деген турат. Ал түтүндү абага чыпкалап туруп чыгарат. Түтөгөн машинаны шайманы жок эле көрүп жүрбөйбүзбү. Көчөдөн бирин-экин эле байкайбыз. Көп болсо машиналардын он пайызын түзүшү мүмкүн. Андай машина эч кимге пайдасыз. Кыймылдаткычы майды көп жейт, май болсо бензинден кымбат", - деди Токтакунов Би-Би-Сиге.
Унаалар техникалык кароодон милдеттүү өтөт
Мындан сырткары өкмөт техникалык кароону кайра киргизүүнү сунуштап жатат. Ага атайын жумушчу топ түзүлгөнүн Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыктын бөлүм башчысы Мирлан Боенов билдирди.
"Милдеттүү техникалык кароону мамлекеттик орган же жеке ишкана өткөрөөрү алдыда чечилет. Ал үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, тартиби аныкталыш керек. Ошол техникалык кароо учурунда машинадан чыккан түтүндүн нормасын Чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги өз иши катары текешерүүгө мүмкүнчүлүгү болот".
Чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги бул милдетти мурда аткарып келген.
Унааларды техникалык кароо коррупцияга гана жол ачат деген жүйөө менен 2012-жылы жокко чыккан.
Эми ал ЕАЭБдин талабы деген жүйөө менен кирзилгени жатат.