Борбор Азия: 1916-жыл тууралуу англис тилинде жарык көргөн эмгек

Published

Улуу Британиянын Манчестер университети тарабынан "1916-жылдагы Борбор Азиядагы көтөрүлүш: согуш жана ыңкылаптар заманында кулаган империя" деген аталыштагы китеп жарык көрдү.

Китеп өткөн кылымдын 16-жылындагы кыргыз, казак, өзбек, тажик жана башка улуттардан кеминде 150 миңдей кишинин өмүрү кыйылган көтөрүлүш тууралуу. Бул эмгек соңку 60 жыл ичиндеги англис тилинде жарык көргөн биринчи эмгек болуп калды.

Тарыхый булактарга таянсак, 1916-жылы, 4-июлда Кожент шаарында Түркистан аскер губернаторлугуна таандык аймакта падышалык жарлыкка каршы биринчи козголоң чыккан. Бул козголоң жалпы Түркистан аймагына, Борбор Азиянын чөлмкөмдөрүнө таркалып, падышалык Орусиянын оторчул режимине каршы ири улуттук боштондук кыймылы болуп калды деп мүнөздөйт тарыхчылары.

1916-жылы көтөрүлүш Борбор Азиянын кеңири аймактарын кучагына алган. Айрым маалыматтарда көтөрүлүшкө 10 миллион чамалуу киши тартылганы айтылып жүрөт. 1916-жылдын 25-июнунда падышалык Орусиянын башкаруучулары Түркстандагы эркектердин 19 жаштан 43 жашка чейинкилеринин баардыгын Биринчи дүйнөлүк согушка катышып жаткан орус армиясынын ооруктагы ишине тартуу боюнча атайын жарлык чыгарган. Бул өз кезегинде улуттук-боштондук кыймылдын жана кеңири масштабдагы көтөрүлүштүн чыгышына алып келген. Китептин авторлорунун бири француз окумуштуусу Клое Дрию (Cloé Drieu) көтөрүлүштүн чыныгы себеби бул эмес дейт. Бул жөн гана шыкакчы болгон деди окумуштуу Би-Би-Синин Өзбек кызматына курган маегинде.

"1916-жылдагы Борбор Азиядагы көтөрүлүш боюнча биринчи китеп Александр Сокол тарабынан 1950-жылдары жазылган. Андан бери далай убакыт өттү. Соколдун китебинде дагы көтөрүлүштүн себептерине жакшы анализ берилген. Бирок Советтер Союзунун алгачкы жылдарында, андан кийин 1950-жылдары бул тема өтө саясатташып кетти. 1930-жылдардан бери бул темага арналган китептер жарык көргөн эмес. Көпчүлүк жарыяланган материалдарда архив материалдардын жыйындысы гана берилет. Башкача айтканда, чийки метериалдар, анализдөөгө мүмкүн болбогон түрдүү темалар козголду. Биз бул китепке көптөгөн тарыхчы авторлорду тарттык. Александр Моррисон, Аминат Чокобаева жана мен 10дон ашуун автордун макаласын киргиздик. Алар дүйнөнүн ар кайсыл булуң-бурчунан - Өзбекстандан, Кыргызстандан, Германия, Франция, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдөн. Китепте биз көтөрүлүштүн көчмөн аймактардагы жана отурукташкан жерлердеги мүнөзүн өзүнчө талдоого алдык",-дейт Дрию.

"Эң негизги көйгөй - бул Кыргызстан болобу, Өзбекстан болобу, бул көрүнүштү улутташтыруу аракеттери болуп келген жана биз мындай улуттук чечмелөөлөрдөн алыс болууга аракет кылдык".

Азыркы учурда 1916-жыл тууралуу сөз кылуунун мааниси эмнеде? -деген суроого окумуштуу Борбор Азиянын дүйнөлүк тарыхтагы ордун көрсөтүү деп жооп берди.

"Эгерде биз Борбор Азияны дүйнөлүк кеңири тарыхка, Биринчи дүйнөлүк согуштун тарыхына кошкубуз келсе, анда биз тарыхын терең изилдешибиз зарыл. Айталы, Францияда Борбор Азия тууралуу такыр эскерилбейт",-деди француз окумуштуусу.

Би-Би-Си окумуштууга жакында Германия жүз жыл мурунку кылмыштары үчүн Намибиядан кечирим сурап, кенемте төлөп бергени жатканы тууралуу кабарды эске салып, мындай мамилени мурдакы башка колониалдык күчтөрдөн күтүүгө мүмкүнбү деп сурады.

"Эгерде Германия мунун расмий түрдө кабыл алганда абдан жакшы болмок. Анткени бул башка колонизаторлорду, айталы, Франция менен Улуу Британияны жана башкаларды сестентмек. Франциянын колониалдык доорундагы Алжирдеги согушу азырга чейин өтө аялуу тема болуп келет. Арадан жүз жыл өтсө дагы бул тема баары бир аялуу тема бойдон калууда",-деди окумуштуу.

Борбордук Азиядагы көтөрүлүштү Орусиянын оторчул аскерлери ырайымсыздык менен баскан. Мисалы, кыргыздардын кыйласы Кытайды көздөй качууга арагасыз болгон. Бул тарыхта "Үркүн" деген ат менен калды. Кыргыз тарыхчылары Улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн маалында 100 миңден ашуун кыргыз набыт кеткенин белгилеп жүрөт. Кыргыздардын саны 40% азайган деген далидерди келтиришет. Бул көтөрүлүн улуттук-боштондук кыймылы катары кыргыз тарыхына кирген.