Кытай менен Орусия Айда космостук станция курат

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кытай менен Орусия Айда космостук станция куруу долбоорун жарыялады. Орусиянын космостук агенттиги "Роскосмос" Кытайдын Улуттук космостук администрациясы менен келишимге кол койгонун билдирди.

Эки мекеме Айдын бетинде же орбитасында изилдөө жүргүзгөн станция курат. Ошондой эле бул станцияны башка мамлекеттер дагы колдонсо болору айтылат.

Орусия жакында космоско биринчи жолу адамды учургандыгынын 60 жылдыгын белгилейт.

Эл аралык илимий космостук станция Айды изилдегенден тышкары, башка дагы маанилүү илимий иштерди аткарат.

"Кытай менен Орусия космос изилдөөсүндөгү, космостук аспаптар жана технология багытындагы бай тажрыйбасына таянып, Айда эл аралык станция куруу долбоорун иштеп чыгат",-деп айтылат кытай тилинде таратылган билдирүүдө.

Ошондо Орусия менен Кытай долбоорду бирге иштеп чыгып, станциянын дизайнын дагы биргеликте чийип чыгышат.

Кытайдын космостук программасында адис болуп иштеген Чен Лан журналисттерге эки өлкө макулдашкан келишим "чоң жаңылык" экенин айтты. Кытай космос изилдөөсүн башка державаларга салыштырганда кеч баштады. Декабрь айында Кытайдын Chang'e-5 роботу Айдан таш жана топурак алып келген. Соңку жылдары Кытай космостук изилдөөсүн кеңейтип жатканы талашсыз.

Орусия болсо космостук изилдөөдөгү алдыңкы мамлекеттердин бири. Бирок соңку жылдары АКШ менен Кытай Орусиядан озуп өткөнү айтылып келет. Өткөн жылы жеке SpaceX компаниясы Эл аралык космостук станцияга космонавттарды жеткирип, Орусия бул багытта дагы монополиясынан айрылды.

АКШ дагы Айга 2024-жылга чейин кайтып барарын жарыялаган. "Артемис" аттуу долбоорго ылайык, АКШ 1972-жылдан кийин биринчи жолу Айга эркек жана аял космонавтты жөнөтмөкчү.