Жайбасар: Айга жеткен "суу аюулары"

A tardigrade floating in space

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жайбасарлар ачык космосто тирүү жүргөн биринчи жандык
Published

Жер планетасында "өлбөс-өчпөс" деп аныкталган миңдеген жайбасар жандыктары учурда Айда жашап жатат.

Бир милиметрге жетпеген жайбасарларды көп учурда "суу аюулары" деп аташат. Бул жандыктар 150 градус ысыкта же суукта өлбөйт. Жандыктар апрель айында Айга кырсыктап кулаган Израилдин космостук аппараты менен жеткен. Окумуштуулар жандыктар аман калганын айтып жатышат.

"Биз кырсыктан кийин жайбасарлар аман калды деп ойлойбуз",-деди миссиянын башчысы Нова Спивак.

A tardigrade in water

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жайбасарлардын көрүнүшү

Arch Mission Foundation уюму ар түрдүү биологиялык жандыктарды космоско жөнөтүп турат. Уюм Жер планетасында жашоого мүмкүн болбой калгандан кийинки тиричилик боюнча изилдөө жүргүзүп келет.

Космостук миссияларга кеткен кеме же аппаратка уюм адам баласынын тарыхын, ДНКсын жана башка маанилүү маалыматты кошо жөнөтөт. Мындай маалымат менен кошо Айга учкан аппарат менен жайбасарлар дагы жөнөтүлгөн болчу.

Башка жандыктарды ачык космоско учурганда алар аман калбайт. Себеби адам баласындай эле жандыктар дагы суу же абасыз жашай албайт.

A tardigrade illustration

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айга жеткен жайбасарлар аман калдыбы?

Бирок "суу аюулар" ондогон жылдан бою терең уйкуда жатып, суу жеткенде гана ойгоно алат. Суу жок кезде жайбасарлар денесин кургатып, башы менен сегиз бутун ажыратып, топтой тоголок болуп жата берет. Кийин суу келгенде жандыктар кайра ойгонот.

2007-жылкы изилдөөдө жайбасарлар ачык космоско чыгып, аман калган. Окумуштуулар бул изилдөөдөн кийин жандыктарды Айга жөнөтүп көрүүнү чечишкен.

"Жайбасарлар кымындай болот, Жер планетасындагы эң бекем жандыктардын бири. Дал ушул себептен аны Айга болгон миссияга кошконбуз",-дейт Нова.

A swimming tardegrade

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2007-жылкы изилдөөдө жайбасарлар ачык космоско чыгып, аман калган

Жандыктар аман калса дагы, жайбасарлар Айда калбашы керек болчу. Бирок космостук аппарат кырсыкка учурап, миссиянын планы өзгөрдү. Аппарат жерге кайтып келген жок.

"Миссиядан улам Айдагы "кол тийбеген" айлана-чөйрө өзгөрдү. Айрымдар 1969-жылы Армстронг менен Алдрин Айга конгондо эле айланадагы тунук, кол тийбеген жагдай бузулду деп айтышат. Балким, мында чындык бардыр. Бирок жайбасарлар Айда калат деп айтышса, буга эч ким уруксат бермек эмес",-деди окумуштуу Моника Грейди.

Жайбасарлар аман болсо да, аларга суу жетмейинче терең уйкудан ойгонбойт. Жандыктарды кайра Жерге алып келип, аларга изилдөө жүргүзүү теориялык жагынан мүмкүн. Бирок азырынча андай миссия пландалган жок.

Ошентсе да түн ортосунда Айды карап, анда жайбасарлар уктап жатканын эстеп, жылмайып коюңуз.

line

Макаланы BBC Newsbeat жазган. Аларды Instagram, Facebook, TwitterжанаYouTube тапсаңыз болот.

line