You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Зебранын сызыктары жөн жерден эмес
Окумуштуулар акыркы жүз жыл ичинде зебралардагы ала-темгил сызыктар кандай кызмат кылат дегенге баш оорутушту.
Эми буга Бристол университетинин биологдору жооп табышкан. Эксперименттердин жүрүшүндө ала-темгил сызыктар чымын-чиркейлерден, ылаадан коргой турганы белгилүү болду. Зебра сызыктары чымын-чиркейлердин башын айлантат. Ошон үчүн башка жаныбарларга караганда зебралардын көп тынчын ала беришпейт.
Окумуштуулардын мындай тыянагы биринчи жолу айтылып жаткан жок. Жети жыл мурун Венгрия менен Швециянын окумуштуулары дагы ушундай тыянакка келишкен. Деген менен башка дагы көз караштар болгонун айта кетели.
Бристолдук окумуштуулар Сомерсет графтыгында үч зебрага жана ар башка тукумдагы тогуз жылкыга байкоо жүргүзүштү.
Зебра менен жылкыларды бир жерде кармап, аттарга ар кандай жабууларды жаап турушкан. Бирде зебранын түсүндө, бирде башка түстө кылып.
Эксперименттин жүрүшүндө зебранын жана жылкылардын үстүнөн ылаалар бирдей эле айланып жүрүшөт. Бирок конгон учурда чоң айырма болгон.
"Биз байкоого алган учурда ылаа зебранын үстүнө келгенде тез учуп, коно албай сүзүп алып, калдактап кеткенин көрдүк",-деп айткан Guardian басылмасына берген маегинде эксперимент жүргүзгөн илимпоздордун бири, илимдин доктору Мартин Хау.
Окумуштуулар күн сайын 16 сааттан видео байкоо жүргүзүштү. 2016-2017-жылдардагы жай айларында тынымсыз байкоолор өткөрүлгөн.
Окумуштуулар түшүндүргөндөй зебранын темгил-ала сызыктары ылаа, көгөн, чымын-чиркейлердин учуу траекториясын өзгөртүп салат. Алар жакшы коно албай, калдастап калышат.
"Эволюциялык көз караш менен алганда, зебралар чымын-чиркейлер өлүмгө жеткирген ылаңдарды жайылткан аймакта жаралышкан. Үй жаныбары болгон жылкыларда мындайга себеп жок эле",-деп түшүндүрөт Мартин Хау.
Окумуштуулар табият койнунда көп убактысын өткөргөн кишилерге да ушундай кеңеш беришет: темгил-ала кийимдерди көп кийгиле. Чымын-чиркейлер чагып, тынчыңызды албайт.
Өткөрүлгөн эксперименттин тыянагы PLOS One илимий порталына жарыяланды. (AbA)