Блог: Устатымдын соңку сөзү, акыркы деми...

Published

Бүтүн дүйнө бир жылдан бери коронавирус пандемиясы менен алышып, миңдеген бүлөлөр жакындарын жоготту. Көп өлкөлөрдө аттуу-баштуу кишилер, кайталангыс инсандар оо дүйнө кетти.

Аттиң, алардын катарына агайыбыз Каныбек Исаков дагы кошулуп калды. Кудайдын буйругу, тагдырдын жазганы ушул экен. Агай тууралуу көп киши эскерип, эмгегин баалап жүрөт. Дагы көп жылдар эл оозунда болоор...Мен болсо устатымдын өмүр соңундагы окуяларды айтып берүүнү туура көрдүм. Ошол тууралуу эскерүү жазгым келди.

Каныбек агай кант диабети менен ооручу. Өзүн өтө этияттап тураар эле. Билим берүү жана илим министри болуп толук бир жыл иштеди. Анын жанында беш жыл жардамчы болуп жүрдүм. Министр болуп иштегенине үч ай болгондо агайдын бутуна оор операция жасалды. Муну көпчүлүк билбейт. Ооруканада узак жата алган жок, бир аз жакшы болушу менен "жумушка чыга берейин" деп, өзүн колго алып, эрте ишке аралашып кеткен.

Министрликте иштеп жатканда COVID-19 илдети күч алып, карантин режимдери катуу сакталган учурда агай өзүн өтө этияттап, беткап тагып, катуу сактанат эле. Бизге да тамашага салып: "Мени этияттагыла бул оору мага бир тийсе эле, кеттим" дейт болчу. Биз да жолугам деп келген адамдарга болушунча аралыкты сактоосун, беткап тагуусун эскертип, дене табын өлчөп киргизет элек.

Иммунитетти бекемдөө, бул оорунун алдын алуу, сактануу боюнча көп адамдардан уккан, окуган кеңештерин бизге да айтып, аткаргыла, жасагыла дечү. Анын үстүнө ушул вирустун айынан көз жумган жаштарды, таанымал инсандарды жоктоп, аябай кайгырганын көрдүм.

Өлкөбүздөгү 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин жаңы өкмөттүн курамын түзүү боюнча 2-3 жолу жыйындар болду. Каныбек агайды дагы жыйындарга чакырышып, "оор абалда иштедиңиз, кайра министрликти жетектеп бериңиз" деп айтышкан. Акыркы өкмөттүн курамы бекитиле турган күнү дагы агайды мамлекеттик резиденцияга чакырышкан. Бирок башка кишинин министрликке алып келишкенин ошол жакка барганда билдириптир.

Министрликтин аппараты менен акыркы жыйынында жалпы жамаатка ыраазычылык билдирген. "Министр - саясий кызмат. Министрликтен кетүү мен үчүн трагедия эмес! Башкысы жаманаттуу болбой, оор кырдаалга карабастан, туңгуюктан жол издеп, сыноодон татыктуу чыга алдык. Кызматты тапшырсам бир аз ден соолугума кам көрүп, буйруса чоң саясий майданда аттанам", - деди бизге.

31-октябрь. Кечинде агайды "Манас" аэропортунан тосуп алдым. "Ошко жакшы барып келдим. Атама жолугуп, айылда досторум, инилерим менен бактардын астын жумшартып катуу иштедик. Көп адамдар менен жолугуп, чайлашып, кыйла чер жаза сүйлөшүп келдим", - деди. Ошондо бир аз жөтөлүп-жөтөлүп койгон.

Эртеси түштөн кийин Бишкектеги жакын достору менен жолуккан. Кечинде шакирттери менен чайканада олтурганбыз. Агай баарыбызга дем-күч берип, мурдагыдан да ачылып сүйлөп, бирок негедир катуу тердеп олтурган. Суук өтүп калбаса экен, эрте эле үйүнө кетти.

Эки-үч күндөн кийин сасык тумоолоп калган окшойм деп жазды мага. Үйүндө болуп эле, эч жакка чыкпай жаткан эле.

"Өмүр, мага 12:30 келип калсаң. Рентгенге бир түшүп коёлу, Урмат врач айтты",-деп 4-ноябрда мени чакырды. Улуттук госпиталга барганбыз. Жыйынтыгы жакшы, өпкөңүз таза экен дешкен.

Анан тынбай байланышта турдук. "Жакшы элемин, бирок толук жакшы боло албай жатамын. Жөтөл бар азыраак, сатурация 96, 97 болуп жатат. 2-3 күндө жакшы болом буюрса",-деди 7-ноябрда.

"Азыр укол алып келдим, эртең да алышым керек. Эртең Сыргак менен байланышсаң (Турдалиев Сыргак, Улуттук хирургия борбордо врач, карантин учурунда кызыл аймакта иштеген) медайым сүйлөшүп берет. Алып келип уколдотуп турсаң. Күнүнө эки маал алышым керек экен",-деди эртеси.

Эки күн үйүндө дарыгер келип карап, уколдорун берип турду.

10-ноябрда эрте менен уколдорун алгандан кийин "өзгөрүү болбой жатат, түнү менен кыйналып чыктым" деди. Түштөнүү убагында агайга Сыргак акени алып бардым. Текшерип, "сатурациясы 95, 96 болгон. Томографияга бүгүн эле бир түшүп койсоңуз" деди.

Томографияга түшкөндө эле "өпкөнүн 65% жабыркаган" деп айтышты. Ошол кабарды укканда агайды ой басып, катуу кыжаалат болуп калды. Ошондо ПЦР тест да тапшырган, жыйынтыгын эртеси күнү алганбыз "положительный" деп чыкты.

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жатты. Жолдо унаада баратканда агай токтоно албай узак жөтөлдү. "Ушундай болбош керек эле", - деди бир ооз гана. Ошо боюнча унчукпай барды.

Ооруканага киргенибизде эле бизди коргоо каражаттарын кийинген ак формадагы медицина кызматкерлери тосуп алды. Аларды көргөндө агай дагы, биз дагы башкача бир сезимде болуп кеттик окшойт. Ооба, жүрөк опкоолжуп, чочулап кеттик.

-Агай сизди карап, жаныңызда болоюнбу?

-Болот бекен, аракет кылып көрчү. Өмүр мени 6-корпуска жылдырды, бир орундуу экен жана үч адам менен бирге эле.

- Агай макул болбой жатышат, эртең сүйлөшүп бере турган болушту. Агай врачтардын айтканын кылыңыз.

- Азыр кислород алып жатамын.

Телефон аркылуу ушунтип жазыштык...

11-ноябрда агайдын жакындары келишти. Мени агайдын жанында каралашып жатууга уруксат беришкен жок.

"Эгер ден соолугума бир нерсе болсо, дарыгерлерге доом жок деп тил кат жазып беремин", - деп да айттым. Болбоду. "Кызыл тилкеге" эч кимди киргизе албайбыз дешти.

"Өмүр, уруксат бербесе кыйналбагыла, жакшы элемин",-деп жазды агай.

Ошол күнү саат 21:30 чамасында оорукананын тосмосунан агай жаткан бөлмөнү издеп таптык. 30-40 метрдей аралыкта агайды айнектен көрдүк. Баскан турганын, тамак ичкенин көрүп абалы жакшы экен деп сүйүндүк. Агайга WhatsApp аркылуу "Сизди көрүп атабыз" деп жазып, телефондорубуздун фонариктерин жандырып кол булгаладык. Агайда биз жакты карап кол жаңсап, кайра кеткиле дегенсип ишарат кылды.

Агайды акыркы көргөнүбүз болду. Азыр ойлосом ошол учур акыркы көрүшүү, коштошкон сыяктуу кол булгоо болгон экен...

Эртеси күнү агайдын уулу, инилери, шакирттери болуп оорукананын сыртында болдук.

"Курмандык чалып, кан чыгарып, муктаждарга таркатып койгула", - деп уулу Жыргал менен иниси Курманбекке жазыптыр. Алар аны аткаралы деп кетишкен. Бизге бир дарысын таап бергиле деди. Ошону издеп жөнөдүк. Ошондон кийин агайга жазсак жооп болбой калды...

Саат 12:32де "Дарыларды сизге киргизип жибердик агай! Жеткирип беришет азыр",-деп жаздым. Саат 13:40та агайдын 10-15 мүнөт мурда көз жумганын ооруканадан чалып айтышты. Агайыбыз 51 жашында, 12-ноябрда жарык дүйнө менен кош айтышты...

Азыр агайды көп эстейм, түшүмө да кирет. Шаарда чогу жүргөн жерлерибизден өтүп калсам, элестер көз алдыма тартылат. Агайга жардамчы болуп беш жылдай иштегеним менен мамилебиз ата-баладай эле.

Өмүрбек Акбарали уулу, Бишкек шаары

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.