You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Блог: Бишкек ким болгон?
- Author, Рыскул Жолдошов,
- Role, тарых илимдеринин кандидаты
- Published
Тарыхчы Рыскул Жолдошовдин изилдөөсү кыскартуулар менен сунушталат.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын аталышы тууралуу кайрадан талаш-тартыш күчөп жатат. Талаштын чордонун бир жарым кылымга жакын орус документтеринде кыргыздын "Бишкек" сөзү "Пишпек" болуп жазылып келиши түзүп турган. Чындыгында орус тилинде мындай жазылыш, кыргыздардын "бишкек" сөзүнүн орусча бурмаланган калькасы экендиги эч талаш жаратпашы керек. Себеби, XIX кылымдын ортосундагы орустардын алгачкы документтик маалыматтарында алар "бишкек", "пишкек" жана "пишпек" деп ар түрдүү формада жазып колдонушкан. Бул "бишкек" терминин кийинчерээк орус тилинин грамматикалык мыйзамдарына ылайык "пишпек" формасында колдонулуп калгандыгын далилдейт. Карапайым кыргыздар деле чет тилден кирген Фрунзе аталышын оозеки тилде "Боронзо" же "Бурунзе" деп кыргыз тилине ыңгайлаштырып айтып келишкен.
Бирок буга карабастан, айрым изилдөөчүлөр терминдин түпкү маанисин бурмаланган формасынан издөөгө аракеттенишкен. Мисалы, топонимист Эдуард Мурзаев өзүнүн китебинде казак изилдөөчүсү Э. Койчубаевдин 1963-жылы эле казак тилине ыңгайлаштырып "Пишпек" топониминин этимологиясын "пиш" (беш) жана "пек" ("беек" казак тилинде бийик) деген эки сөз айкалышынан тургандыгын көрүп, анын маанисин "беш бийик" деп чечмелөөгө аракеттенгендигин жазган. Мындай чечмелөөнү бир дагы адис лингвист колдоого алган эмес. Терминдин этимологиясын тилдин мыйзамдары боюнча чечмелөөгө зор эрудициялык билим жана тактык талап кылынат. Ал эми терминдин маанисин башка тилге бурмаланган котормодон издөө натыйжалуу жыйынтыктарды бербей тургандыгы белгилүү.
Борбор шаардын негизделиши менен курулуш тарыхына арналган өзүнчө илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алсак, Кыргыз ССРнин Илимдер академиясындагы Тарых институтунун илимий кызматкери В. Я. Галицкий борбор шаарыбыздын 1878-1917-жылдардагы тарыхын чагылдырган эмгегин 1980-жылы басмадан чыгарган.
Кыргызстан суверенитеттүүлүк алган мезгилден кийин деле, сөздүн этимологиясын "Пишпек" термининин базасынан издөөгө аракеттенишкен айрым адистер болушту. Алсак тарыхчы Д.Сапаралиев алгач жазган макалаларында "Пишпек" кыргыздын "беш бек" деген сөзүнөн пайда болушу мүмкүн деген ойду айтса, географ Т. Эшенкулов түрколог-тилчи окумуштуу Сагалы Сыдыковдун пикирине таянып, топонимдин түпкү мааниси моңгол-ойрот тилдериндеги "биштек" сөзүнөн жаралып, " бир же жалгыз тоо" маанисин бериши мүмкүн деген божомол жасаган. Мындай божомолдор адистер тарабынан колдоого алынган эмес жана алар кошумча далилдер менен бекемделген жок.
Эч кандай фактыларга таянбастан, негизи жок эле "Бишкек" деген топонимдин айтылышы боюнча ар ким түрдүү ойлоп табууларды жарата берсе, чексиз фантазияга батып калабыз. Мындай жол менен илимий чындыкты табууга мүмкүн эмес. Аймактын аталышы боюнча жергиликтүү элде оозеки түрүндө тарыхый маалыматтар айтылып келген. Уламыш формасында сакталып калган элдик кабарларды кылдат изилдесек, алар тарыхый булак катары кызмат өтөп, тарыхый чындыкты тактоого жардам бере тургандыгына шек жок.
Бишкек шаары тууралуу кыргыз элинин уламыштары
Бишкек деп аталган жер атынын пайда болушу тууралуу кыргыз элинин ичинде уламыштардын эки түрү байыртадан эле айтылып келген. Белгилүү болгондой көчмөнчүлүк замандарда жазуу иши кыргыз элине массалык тарабагандыктан, биздин элдин өз өкүлдөрү жазган жазма документтик булактар жокко эсе. Бирок элдин эсинен өчпөгөн айрым тарыхый окуяларды элибиз оозеки тарых - санжыра же уламыш түрүндө сактап келишкен. Алар оозеки фольклор болгондуктан, көптөгөн деталдары унутулуп же өзгөрүп, аркандай ой жоруулар менен коштолуп аңыз кептерге айланган. Оозеки тарыхый маалыматтар жазылып калбагандыгына байланыштуу, фольклордун мыйзамдарына ылайык көркөмдөлгөн, айрыкча мезгилдик даталар элдин эсинен чыккан. Өзгөчө тарыхта болуп өткөн бир нече окшош окуялар бири-бирине кошулуп кетип трансформацияланышат, жалпыланышат. Ошондой болсо дагы уламыштардын өзөгүндө чыныгы тарыхый окуянын элементтери кандайдыр бир деңгээлде сакталат. Андай болбосо элдин ишениминен чыгып жомокко айланып калат.
Бишкек топоними жөнүндөгү биринчи уламышта мындайча баяндалат: "Илгери кыргыздардын бир айылы көчүп бара жатканда, атактуу байбиченин кооздоп жасалган бишкеги (кымызды ачытканда быша турган ашкана аспабы) жолго түшүп калыптыр. Байбиче конушка баргандан кийин, жигиттерин бишкегин издөөгө жөнөтөт. Бишкек табылган жер кийин Бишкек аталып калыптыр. Ал жерге бир топ убакыт өткөндөн кийин адегенде айыл түшүп, анан акырындап отуруп Бишкек шаары пайда болгон экен".
Экинчи уламыш төмөнкүчө айтылат: "Кыргыздын солто уруусундагы жоочалыш бутагынан чыккан Бишкек деген адам өз заманында жакыр жашап, туугандары менен кошо көчө албай жер иштетип, жатакчы болуп калат. Бирок ал акылдуу жана мээнеткеч адам болгондуктан жерди жакшы иштетип жашоосун бир топ оңдойт. Бишкек көп уулдуу болуп, балдары эр жеткенде мал-жан күтүп, багбанчылык кылып байлыгы артат. Бишкек чебер колдуу уста болгондуктан, жашаган жерине там салып, устакана курат. Туугандарына керектүү буюмдарды жасап берүү менен кошо соода да кылат. Ага кокондук жана кашгарлык соодагер сарттар келип байланышып турат. Ал өлөөрүндө балдарына керээз кылып, менин сөөгүмдү туугандардын көрүстөнүнө алып барбай, ушул жердеги чоң жолдун боюндагы төрткүл дөбөчөгө (эски шаардын чалдывары) алып барып койгула дейт. Чоң жол менен ары-бери өткөн элдер куран окуп, дуба кылып тургандай болсун, деген осуят калтырат. Бишкек өлгөндөн кийин балдары керээзди аткарат. Алар жыл өткөндөн соң атасына чоң аш берип, ага арнап коргон салышат. Коргон турган жерге соодагер сарттар акырындап кепелерди салышып, самын, күзгү, насыбай, жип-шуу жана башка элге керектүү майда нерселерди сатуучу болуптур. Кийин ал соода-сатык жайга келген кыргыздар: "Бишкекке барабыз, Бишкекке барып соода кылабыз", - деп айтып жүрүшүп, ал аймак Бишкектин коргонунун атынан Бишкек деп аталып кеткен экен".
Эл оозундагы биринчи уламышка токтолсок, аны Бишкек деген терминдин маанисин ачып бергенге арналган элдик түшүндүрмө деп атасак болот. Бул уламышта жердин аты эмес, "бишкек" сөзүнүн чыгышы тууралуу, тактап айтканда сөздүн этимологиясы жөнүндө айтылып, "бишкек" бул сабадагы кымызды бышкан аспап экендигине басым жасалып турат. Ошондуктан бул уламышты жердин аты менен байланыштырып иликтөөдө аны жөнөкөй гана эски топонимге арналган элдик комментарий катары кабыл алабыз. Бирок уламыштын ушул түрүн колдоочулар Бишкекке канатташ жайгашкан Чүй боорундагы аймактардын кыргыздын буюм-тайымдарынын аталыштары менен аталгандына таянышат. Алсак, Чүй суусунун боюнда, чыгыштан батышты карай Токмок, Кант, Бишкек, Сокулук (соку), Кара-Балта деген топонимикалык аттардан турат.
Ал эми экинчи уламышта кандайдыр бир деңгээлде тарыхый чындыктын үлүшү сакталып турат. Бул уламышка кыскача анализ жасасак, жүз жылдан ашуун убакыттан бери уламыш катары айтылып келген окуя, конкреттүү жеке инсан Бишкек ысымдуу адамга жана ага арналып салынган коргон жайгашкан аймактын атынан, ал чөлкөм Бишкек деп аталгандыгын баяндайт. Бишкек сөзүнүн түпкү мааниси кымызды бышкан ашкана куралы болгону менен кыргыз элинде адам аттарын аркандай буюм-тайымдардын аталыштарынын атынан ысым кылып коё бергендиги маалым. Алсак, Салмоорбек, Кийизбай, Чыны, Макибай, Канжар, Чокмор ж. б. у. с. антропонимдерден көрсөк болот.
Уламыштан тышкары, Бишкек тууралуу окуя санжыралык маалыматтарда дагы берилип, Бишкектин ата-бабасына жана урпактарына чейинки кабарлар камтылат. Кыргыздын оозеки тарыхы болуп эсептелинген "санжыра" оозеки формада айтылса да, ал фольклордук чыгармалардан өзгөчөлөнүп, өзөгүндөгү тарыхый окуяларды, өзгөчө акыркы звенолорунда бекем сактайт. Белгилүү мезгилдеги окуяларга жалган сөздөр кошулса, аны билгендер сөзсүз оңдоп-түздөп турушкан. Ошондуктан кыргыздар санжырага ишенип, тарых дареги катары урматташкан. Бул тууралуу белгилүү кыргыз таануучу С. М. Абрамзон санжыра таза фольклор эмес экендигин далилдеп, аны элдик этногония деп атаган.
Булардан башка дагы көңүлгө алчу нерсе, бул так ошол Бишкекти жердеп турган эл, алардын арасында Бишкектин түздөн-түз урпактары дагы өзүлөрү жердеген жердин аталышы алардын бабаларынын бири болгон Бишкектин ысымынан келип чыккандыгын айтып келишкендигинде турат. Белгилүү болгондой ар бир эл өздөрү жашаган жер-суу аттарынын тарыхын башкалардан жакшыраак жана тагыраак билишет.
Элдик уламыштардын кыскача анализинин жыйынтыктары, Кыргыз мамлекетинин борбор шаарынын аты, Чүй боорунда турушкан кыргыздын солто уруусундагы жоочалыш уругунан чыккан Бишкек деген тарыхта жашап өткөн инсандын ысымынан пайда болгондугун чындык катары кабыл алууга толук негиз берет. Албетте, борбор шаарыбыз ысымын алып жүргөн Бишкек ким болгон, качан жашаган, эмне менен кесиптенген деген сыяктуу суроолор ар бир кыргызстандыкты кызыктырат.
Уламыштарда айтылган Бишкек реалдуу жашоодо ким болгон?
Уламыштарда айтылган Бишкектин реалдуу жашоодо ким болгондугун тактоо аракетери XX кылымдын башынан баштап эле жасалып келген. Бул меселеге токтолууда өзгөчө көңүл бура турган нерсе, сөз болуп жаткан Бишкек жөнүндө жазма булактарда эч кандай даректер кезикпейт. Себеби, ал инсандын заманында кыргыздарда элдин кеңири катмарына тараган жазма болгон эмес. Экинчиден, Бишкек теги боюнча белгилүү манап тукумунан эмес, карапайым уруктун өкүлү болуп, бул инсан жасаган иштери менен жалпы кыргызга таанымал болбогон. Тарыхтагы Бишкек тууралуу маалыматтар санжыралык даректерде гана жолугат.
Кыргыз санжырасында солто уруусу оң канат урууларынын тагай бирикмесине кирет. Тагай бийдин бир баласы Богорстон андан Эштек. Эштектен Солто. Солтонун негизги тукуму үч бутакка ажырайт: Култуу, Күнтуу жана Чаа. Солто уруусунда булардан башка дагы бир канча майда уруктар бар. Бишкек солтонун чаа бутагынын ичиндеги жоочалыш уругунан чыккан. Жоочалыш уругу тууралуу ар кандай маалыматтар берилет. Кээ бир санжырачылар Жоочалышты Чаанын таап алган бакма баласы болгон десе, айрымдары аны Чаанын токолунан төрөлгөн бала деп баяндашат. Кандай болбосун жоочалыш бутагы солто уруусунун ичиндеги букара уруктарынын бирин түзөт.
1950-жылдардын башында солто уруусунун аксакал адамдарынан чогулткан материалдарынын негизинде С. М. Абрамзон жоочалыш уругу солтонун ичиндеги жети кул уруктун бири экендигин жазган (беш көөрүк, мааке, шалта, жоочалыш, төлөк, көгөй). Ошол эле информаторлор солтонун белгилүү манабы Түлөөберди өлгөндө анын уулдары букараларды мурас катары өз ара бөлүп алышкандыгын айтып беришкен. Ошондо Чыныга - беш көөрүк менен мааке, Канайга - төлөк, Карбоско - асылбаш, Эшкожого - жоочалыш, шалта жана карасакал уруктары тийген. Мына ушул жоочалыш уругун негиздеген Жоочалыштын Кенен жана Белек деген эки уулу болгон. С.М.Абрамзондун жазганы боюнча Бишкек Кенендин уулу Көңүлдүн баласы деп көрсөтүлөт. Ал эми айрым санжырачылар, алардын ичинде Бишкектин өзүнүн урпактары такталган маалыматтарды беришип, Бишкекти Кенендин уулу дешет.
Белгилүү санжыра жыйноочу Муса Байгариновдунмаалыматтарында
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турган материалдардын арасында белгилүү санжыра жыйноочуларынын бири Муса Байгариновдун кол жазмасы бар. М. Байгаринов санжыра маалыматтарын 1924-25-жылдардын баштап чогулта баштаган. Ал өзү солто уруусунун өкүлү болгондугу үчүн бул уруунун санжырасын салыштырмалуу так бере алган. Мындан тышкары, анын Бишкек тууралуу маалыматтарынын өзгөчөлүгү, жыйноочу Бишкектин урпактарынын өздөрүнөн маалыматтарды жазып алган. Ошондуктан Бишкектин санжырасын М. Байгариновдун жазмасы аркалуу берсек бир аз так болот.
Ал төмөнкүчө жазат: "Чаадан Жоочалыш (тондуу уул), андан Кенен, Белек. Кененден: Кемпирээк, Темир, Бишкек, Итаяк, Эсер. Кемпирээктен: Кудайберди, Эсенкул, Рыскелди, Казакбай, Борку. Темирден: Болот, Самтыр. Болоттон: Конуш, Баатай, Жаныш, Олжотай, Бокобай, Карбоз, Кенжекара, Арбоз, Карабек. Конуштан: Найман, Беки, Карач, Ниязбек, Каманбай, Турусбек. Белектен: Жарбаң, Көңүл, Чайыш. Жарбаңдан: Карбит, Борсолдой, Куттубай, Ноорус, Жакшылык. Сынма деген калмак аялынан төрөлгөн баласынан тараган бир аз түтүн сынмалар аталып жүрүп, жарбаң менен сынмалар кошулганда жарбаң аталып калган. Чайыштар бир аз түтүн көңүлдөр менен аралаш. Көңүлдөн Аюу, Саткын, Бердике, Апы, Олжочулар. Жарбаңдан: Тайшак, Жаныке, Алыке, Калча. Куттубайдан: Беки, Чаңгыл, Чалкан, Төлөгөн. Ноорустан: Качы, Мамыш, Адил. Жакшылыктан: Улан, Эрмек, Кочкорбай, Бөкө. Сынмалар Момбай, Тубар, Олжобай, Кенжебай деген аталарга таркалат.
Жоочалыш балдары: Кенен, Белек. Белек өлгөндөн кийин аялын иниси Кенен алат. Кененден Бишкек туулат. Бишкек жакшы турмушта күн кечирип, элине кадырлуу киши болуп, сексен жаштан ашканга чейин жайшайт. Сокулуктун тоосу Чуңкурчак деген жайлоодо бүтүн Белек, Кенен тукумдары жайлап жүрүшүп, Бишкек көпкө чейин ооруп жатып калат. Бир күнү туугандарына айтат: "Кадырлуу аксакал туугандарым жана балдарым, силерге мен айта турган осуятым, мен өлүп калсам өлүгүмдү өзүмдүн Кара буура төөгө жүктөп, артып чоң жолдун боюна төрткүл дөбөчөгө алып барып койгула дейт. Чоң жол менен ары-бери өткөн элдер менин өлүгүмө куран окуп, бата кылып тургандай болсун, менин өлүгүмө ат чаптыргыла. Чапкан аттын баш байгесине сөөгүмдү жүктөп барган Кара буураны байгесине сайгыла"- деп, осуят айтып ошол оорусунан оңолбой Бишкек өлөт.
Болжолдогондо мындан 120 жыл чамасында мурун өлгөн. Бишкек өлгөндөн кийин айтып кеткен осуяты боюнча, сөөгүн өзүнүн Кара буурасына артып, тоодон Чуңкурчактан алып келип, чоң жолдун бою төрткүлгө коёт. Өлүгүн койгондон кийин ат чаап, чыккан атын баш байгесине Бишкектин Кара буурасын берет. Ал кезекте азыркы Фрунзе шаары орношпогон такыр там жок экен. Анда эл арасында бир нерсе сатуучу дүкөн да жок болгон. Соодагерлер тарак, күзгү, насыбай, жип жана башка майда нерселерди куржунга салып алып, атка минип эл кыдыртып сатуучу экен. Аны бакалчы деп коючу.
Бишкектин сөөгү коюлган жерге соодагер сарттар эки жер там салып ошол тамга самын, күзгү насыбай, жип жана башка элге керектүү майда нерселерди сатуучу болуптур. Тоодон жана ар тараптан эл көп келип керектүү нерселерди алуучу болуптур. Элдер барган-келгендерди кайда бардың, кайдан келдиң деп сурашса, айта турган белгилүү жери жок болгондуктан, Бишкектин сөөгү коюлган жерди айтып, барган-келгендердин элге түшүндүрүш үчүн Бишкекке бардык, Бишкектен келдик деп айтып жүрүшүп, жер там салып соода кылган майда нерселер саткан жер Бишкек (Пишкек) атала баштаптыр. Анан Ташкен, Анжиян жана башка шаарлардан бириндеп сарттар келип, жер там салып алышып, соода кылышып, эл көп болуп, кыштакка айланып Пишкек аталып калган экен. Кийин орустар Пишкекти, Пишпек деп айтып жана кагазга жазып Пишпек аталып калган.
Муну мен совет өкмөтү уюшулгандан тартып угуучу элем жана билүүчү элем. Жакында 80 жаштагы карыя Чүкүш Жакшылыков, 74 жаштагы карыя Буржуй Ажыкуловдор менен аңгемелешкенимде Бишкектин туугандары экен толук айтып беришти. Бишкектин баласынын баласы карыя Суракмат жана 90 жашка келген Бишкектин тууганы да бар дейт. Бишкектин тукумдары азыр 30 түтүн чамасында". (Айтуучу М.Байгаринов: 1924-25-жылдары Окружной Землестроительде инспектор болуп иштөөчүмүн. Ошондо мени жерди, элди каттап кел деп жиберген. Ошол каттоодо Бишкектин 80 ден ашкан баласына жолугуп, өз оозунан ушул тарыхты уккам. КР Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фонду, №564. Кыргыз элинин санжырасы. Жыйнаган Муса Байгаринов. - 65а-65-беттер-текст өзгөртүлбөстөн берилди, Р. Ж.).
Бул санжырада Жоочалыштын улуу баласы Белек өлгөндөн кийин, анын аялын иниси Кенен алгандыгы, Бишкек Кенендин экинчи аялынан төрөлгөндүгү так айтылат. Ушул Муса Байгариновдун жазгандарына окшош маалыматтарды кыргыздын бир катар санжырачылары айтып келишкен. Алардын арасында атактуу кыргыз акыны Алыкул Осмонов дагы Бишкек тууралуу уламышты 1946-жылы жазып алган экен.
Алыкул Осмоновдун маалыматы
Анда мындай деп жазылган: "... Ошол замандарда бир Бишбек аттуу кедей кыргыз жашаган. Аны азыркы карыялар: "Ал Бишбек деген киши ушул эле Жоочалыштык болучу"- деп коюшат. Ал Бишбек деген киши кыйын уста экен, кыргыздын түйшүгүнө керек болгон ар нерсени жасай билүүчү экен. Бир күнү калың элдин арасында олтуруп: "Журтум мен түндө жатып түш көрдүм. Менин атым чыгыш менен батышка тарап жатыптыр", -дейт. Эл жакшылыкка жоруйт. Ошентип арадан көп жылдар өтөт. Ары-бери каттаган кыргыздар: "Бишбектикинде болдук, Бишбекке кондук" деп оозго алымдуу кылып жибергендиктен, акыры "Бишбекке баралы" деген сөз чыгат. Ошентип олтуруп бул шаар Бишбек атка конот. Кийин ал Пишпек болуп кетет" [15; 303].
Шаршенбек Үмөталиевдин маалыматы
Бишкек жөнүндө белгилүү сынчы-адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев 1970-жылы «Кыргызстан маданияты» газетасына "Пишпек баяны" деген макала жарыялаган. Анда жазуучу өзү дагы Бишкектин урпактарынан экендиги жазылган. Согуш жылдарында Сокулук районундагы "Түз" колхозунда башкарма болгон тууганы Молдокул Пишпеков (1966-жылы 82 жашка чыгыптыр) жана өз мезгилиндеги белгилүү санжырачы Багакбай аксакалдан Бишкек бабасы жөнүндө маалыматтарды уккандыгын эскерет. Ш. Үмөталиев Бишкектин тарыхый адам болгондугун жазып, санжырачы аксакалдардын айтышканы боюнча Бишкек Канай бийдин замандашы болуп, мезгилинде бийлерге тең ата, тың өмүр сүргөндүгүн баяндайт. Анда автор санжырачынын айтканы боюнча бабасы Бишкекти "баатыр" деп атап, бирок анын кандай эрдиктерди жасагандыгын айтпайт. Макалада "ошо Бишкек баатыр атанып чыкканын Канай жактырбайт. "Ал жоодон келген кул жоочалыштан чыккан, аны эмне баатыр деп айтасыңар?"-деп, элди тыйып салчу экен",-деген саптар менен чектелет. Бишкектин беш уулу болуп, алар атасынын көзү өткөндөн кийин ага арнап коргон салышат. Ошол аймакка там салып, үй курушат. Дыйканчылык кылып коон, дарбыз айдашат. Бишкектин балдары өстүргөн дарбыздарды киши минсе, буту жерге тийбей калчу экен. Ошентип Бишкектин коргону салынган жерди балдары өздөштүрүп, акыры ал жер шаарга айланыптыр.
Эсенгул Төрөкан уулунун маалыматы
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин кыргыз тарыхына байланышкан бардык материалдарды тарыхка кызыккан адамдар эркин чыгара баштаган. 1995-жылы тарых сүйүүчү жана санжыра жыйноочу Эсенгул Төрөкан уулу өзүнүн мурунку мезгилде жыйнап жүргөн маалыматтарын "Кыргыздын кыскача санжырасы" деген ат менен 2 китеп кылып басып чыгарды. Бишкек жөнүндө экинчи китептин 43-бетинде мындай деп жазат: "... Бишкек үйлөнүп-жайланып, азыркы кыргыз элинин борбору болгон Бишкек шаарына келип дыйканчылык кылып, коон, дарбыз, бадыраң ж. б. ар түрдүү өсүмдүктөрдү биринчи айдаган жана устачылык кылган да адам. Турган жери соодагерлердин өткөн-кеткен жолунда экен, ошондуктан кийинчерээк өзүбектер келип, чайкана уюштурушуптур. Өткөн-кеткен жүргүнчүлөр ал жерге көп келип, Бишкектин коон, дарбыз ж. б. жер-жемиштерин сатып алып турушкан. Мына ушуга байланыштуу кийинчерээк бул жер "Бишкек калаасы" деп аталып калган". Эсенгул Төрөкан уулу Бишкекти Кенендин жедигер уруусунан болгон Кудакенин кызы Кубул деген аялынан төрөлгөн деп жазган.
Жогоруда берилген маалыматтардын бардыгында солто уруусунан чыккан Бишкек карапайым, мээнеткеч адам болуп, бардык жетишкендиктерге өз эмгеги аркылуу жеткендиги айтылат. Бишкектин өмүр жолундагы өзгөчөлүк кыргыздардын жапырт көчмөнчүлүк мезгилинде, алгачкылардан болуп, мал чарбачылыгынан тышкары жер иштетип, дыйкачылык кылууга, там салып, устакана куруп, жерди өздөштүрүүгө болгон аракети эсептелинет. Бишкектин там салуу, жер иштетүү, соода кылуу аракеттери ал мезгилдеги кыргыз коомундагы новаторлук көрүнүш болчу. Көчмөн жашоодо, мал багуу менен турмуш кечирген кыргыз элинде Бишкектин жашоо образы жаңылык болгон. Ал өзү жашаган замандагы кыргыз элине жаңы чарбалык багытты баштоого көпүрө салган адам болгон десек болчудай.
"Бишкек баатыр" кантип пайда болду
1991-жылы шаарыбызга тарыхый аты Бишкек ысымын кайтарып берүүдөн мурун, кыргыз коомчулугунда бул аталыш тууралуу өтө жандуу, ар түрлүү талаш-тартыштар кызуу жүрдү. Талашта аталыштын туурасы Бишкекби же Пишпекби, балким Пишкек болбосун? Бул аталыш жердин атынан пайда болгонбу же адам атынан келип чыкканбы? деген суроолорго жооп издешти. Мындан тышкары Бишкек инсан болсо, ал ким эле, эмне иш кылган деген маселе дагы курч бойдон турган.
Ошондой кырдаалда, ал мезгилде жаш тарыхчы Кыяз Молдокасымов 1990-жылдын 6-сентябрындагы "Кыргызстан маданияты" газетасына" "Бишкек баатыр баяны" деп аталган макаласын жарыялаган. Макалада Бишкек тарыхый инсан болгондугу жазылып, бирок ал жөнүндө так маалымат жок экендигин эскерет. Ага карабастан, жаш тарыхчы орус документтеринен, Бишкектин өлгөндүгү тууралуу маалымат кездештиргендин белгилейт. Ал жаңы табылга катары 1876-жылдын 8-июнунда жарык көргөн "Туркестанские ведомости" газетасына жазылган макаладагы Бишкектин коргону жөнүндөгү элдик уламышты берген автордун шилтемесин көргөзөт: "XIX кылымдын экинчи жарымында Чүй боюна келип кеткен орустун бир саякатчысы 1876-жылдагы "Туркестанские ведомости" газетасына Бишкек тууралуу макала чыгарган экен. Саякатчы жергиликтүү элден Пишпек кыштагы турган жерге болжолу 100 жыл чамалуу илгери мезгилде кыргыздын кандайдыр бир баатыры ошол жерге коюлгандыгын угуптур". Автор ошого негизденип, Бишкек демек 1776-жылы дүйнөдөн кайткан деп так кесе жазат. Макаласын дагы "Бишкек баатыр баяны" деп атаган. Бишкектин баатырлыктары XVIII кылымдын экинчи жарымында болгондугуна терең ишенген К. Молдокасымов аны 1758-жылга чейинки кыргыз-жуңгар согуштарында жана андан кийинки Абылай хан жетектеген казактардын жортуулдарында жаралгандыгын баяндаган.
Биринчиден, 1876-жылдын 8-июнунда жарык көргөн "Туркестанские ведомости" газетасына жарыялаган макаланын авторун орустун бир саякатчысы деп түшүнгөн. Орус саякатчысынын аты ачык айтылбай бүдөмүк болуп калган. Кийин бул маалымат ар кайсы изилдөөчүлөр тарабынан түрдүүчө жазыла баштаган. Айрымдары бул маалыматты Н. Н. Пантусовго таандык кылып көрсөтүшкөн. Мисалы Галицкий В. Я., Плоских В. М., Сапаралиев Д. макалаларында жаңылыш Н. Пантусовдуку деп беришет.
Чындыгында "Туркестанские ведомости" газетасына 1876-жылдын 8-июнунда жарык көргөн макала "Пишпек и Аламедин" деп аталат. Анын автору Орус империясынын Орто Азияны басып алуучу аскердик жүрүштөрүнүн катышуучусу, генерал-майор, орус журналисти Николай Александрович Маев (1835—1896) болгон. Ал орус армиясы Туркестанды басып ала баштаганда эле, Петербургдан Ташкентке көчүп келген. 1869-жылдан тартып «Туркестанские ведомости» басылмасынын редакторлук кызматында иштеген. Газетанын колонкалары "расмий" жана "расмий эмес" бөлүм деп экиге бөлүнгөн. "Расмий" бөлүмгө мамлекетик маалыматтар, буйруктар ж.б. жарыяланган, ал эми "расмий эмес" бөлүмдөгү колонкага ар түрдүү макалалар жазылган. Бул колонкага басылманын редактору аты жөнүн толук жазбай, инициалын (аты жөнүнүн баш тамгалары) коюп жазууга укуктуу болгон. Макаланын аягында Н. М. Деген Маевдин инициалы коюлуп турат.
Н. М. Маев "Пишпек и Аламедин" макаласында кыргыз жериндеги бул калк жашаган пункуттардын ошол мезгилдеги абалы тууралуу баяндаган. Пишпектин (Бишкек) аталышы жөнүндө жергиликтүү элден уккан уламышын шилтеме катары колдонгон. Анда мындай деп берилет: "Пишпек жайгашкан жерге кандайдыр бир Пишкек ысымдуу кыргыз баатыры коюлган экен (100 жыл илгери); ошондон ал аттын бузулуп Пишпек деп айтылгандыгынан шаардын аталышы пайда болуптур. Кыргыз дөбөнүн үстүнө көмүлгөн экен, кийин ал дөбөнүн топурагынан кокондуктар чеп курушуптур. Чеп 50 жылдай убакыттан бери турат; Ал Кокондук Мадалы хандын убагында негизделген".
Бул жерде көрүнүп тургандай, Н. Маев жергиликтүү элден уккан уламыш сөздү, өзүнүн түшүнүгүнө карата жазып кеткен. Белгилүү болгондой оозеки уламыштарда мезгилдик даталар элдин эсинен чыккандыгына байланыштуу, болжолдуу түрдө гана айтылат. К. Молдокасымов мындагы 100 жыл чамасы илгери деген сөз элдик оозеки маалымат экендигин, ал эми оозеки маалыматтарда мезгил өйдө-төмөн айтыла бере тургандыгы эске алган эмес. Ал түз эле уламыштагы Бишкек Маев жазгандан туп-туура жүз жыл илгери өлгөн деп эсептеп, Бишкектин өлгөн жылы такталды деп, аны так эле 1776-жыл экендигин көргөзөт. Ушундан улам аны XVIII кылымдагы согуштарга катышкандыгына эч шектенбейт. Макалада эскерилген уламыштык маалымат башка дагы кошумча маалыматтар менен салыштырылып изилденмейинче аны чыныгы далилдүү факты деп айтууга мүмкүн эмес. Ошондуктан макаланын авторунун Бишкектин өлгөн жылын билебиз деп, аны эч бир маалыматтар эскербеген эрдиктерин ойлоп табуу, анын жаштыгынан кыялга алдыргандыгы болсо керек. Ошондой эле кыялдануудан Бишкек коюлган дөбө (кийин кокондуктар түздөп кетишкен), мурунку Ысык-Көл кино театрынын (азыркы борбордук мечит) ордунан табылгандыгын айтууга болот.
1876-жылдагы Н. М. Маевдин "Пишпек и Аламедин" макаласындагы Бишкек жөнүндөгү уламыштык маалыматы Кыргызстандык тарыхчылар ар кимиси өзүнүн көз караштарына ылайык пайдалана башташкан. Алсак, В. Я. Галицкий менен В. М. Плоских "О легендарном герое Бишкеке и названии нашей столицы" деген макала жазышкан. Анда алар Бишкек шаарынын тарыхына сенсациялуу маалыматтар менен окурмандарды таң калтырууга аракеттенишкен. Макалада кытай булактарындагы маалыматтардын котормолорун чаташуулар менен колдонушуп, Бишкек чеби XIX кылымдын башында эмес, XVIII кылымдын ортосунда эле Кокон мамлекети кургандыгын баяндашат. Авторлор кокондук Ирдана бек менен казак Абылай хандын чабыштарын кыргыз жергесине көчүрүп келишип, ар кыл мезгилдеги фактыларды бир мезгилде болгон окуяга байлашып сенсация жасашкан. Албетте алар дагы Н. М. Маевдин эмгегин Н. Пантусовго ыйгарышып, Бишкек кыргыздын легендадагы баатыры деген жыйынтык чыгарышат.
Дал ошондой Бишкекти баатырга айландырган алгачкы кадамды жасаган адам жазуучу Асанбек Стамов болду. Албетте, ага тарыхчы К. Молдокасымовдун макаласы кандайдыр бир деңгээлде таасир берген өңдөнөт. Ал 2003-жылы Бишкектин өмүр жолун, жашаган доорун тактоого аракет кылган көркөм популярлуу "Бишкек баатыр" деп аталган китепче жазды. А. Стамов макаласында Бишкек жөнүндөгү ар кыл санжыралык маалыматтарды пайдаланып, бирок аларга өзүнүн фантазиясынан чыгарылган көркөмдөөлөрдү киргизип, кооздоп жазып чыккан. А. Стамовдун макаланы көркөмдөө жолу менен жазышы, бир четинен караганда, ал көркөм өнөр чебери жазуучу болгондуктан ага түшүнүү менен мамиле кылса болот. Экинчи жагынан алганда тарыхый көркөм чыгармаларды жазууда, тарыхый чындыктын чектеринен чыгып кетип көркөмдөө кечирилгис болуп, чындыкты бурмалоо жана фальсификациялоо болуп эсептелинет.
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору Өскөн Осмоновдун 2012-жылы жазган "Бишкек баатыр баяны" деп аталган макаласына (Бишкек баатыр: Тарыхый очерк.- Б., 2012.) А. Стамовдун жогорку макаласы негизги булак болуп берген. Тарыхчы илимпозго жазуучунун көркөм чыгармасы эч табылгыс тарых булагы катары кызмат аткарышынын өзү эле чоң суроолорду жаратат. Жазуучу жаңылып калса, тарыхчы адистиги бар иликтөөчү аларды тактап коюуга жараган эмес. Тескерисинче өзүнүн макаласынын көпчүлүк жеринде жазуучуну сөзмө-сөз кайталайт. Стамовдун орус изилдөөчүлөрүнүн эмгектерине берген жалган шилтемелерине терең ишенет. Жаңылык катары экинчи бир санжырачынын т. а. Э. Төрөкан уулунун санжырасындагы такталбаган маалыматка таянып (Бишкектин энеси жедигердин Кудакесинин кызы деген), 2010-жылы өткөн кайсы бир элдик жыйында Бишкектин таякелери табылгандыгын жазат. Эгер 2010-жылы жыйынга катышкан аксакалдар 1930-жылдан берки мезгилде туулган адамдар болушса, алар совет мезгилинде тарбия алып, санжыра эмес, уруулук бөлүнүштөрдү унуткан муундун өкүлдөрү болушкан. Тарыхты тактоо үчүн XX кылымдын башында чогултулган санжыра кол жазмаларынан издесе максатка ылайык болмок. Тарыхчынын иликтөөсү жазуучунукунан эч айырмаланбастан, ага окшош маалыматтар менен коштолот. Алсак, Бишкек баатыр катышкан акыркы согуш деп 1759-жылы күзүндө Фергананын чыгыш тоо этектеринде кытай армиясы менен болгон салгылашууну көрсөткөн (Аталган эмгек.- 29-бет). Биринчиден, ошол согушка Бишкек катышкандыгын кайдан алган? Тарыхта факты жок болсо ал калп болот. Экинчиден, XVIII кылымдын ортосунда Фергана тоолорунда гана эмес, дегеле жалпы кыргыз жоокерлери цин кытай аскерлери менен беттешкендиги тууралуу маалыматты эмнеге көргөзбөйт. Мындай окуя тарыхта болгон эмес. Ө. Осмоновдун эмгеги кыргыз тарых илиминдеги, постсоветтик мезгилдеги илимден алыстоо синдромуна ачык мисал болот.
Тарыхчынын көргөзүлгөн макаласы кыргыз коомчулугундагы ар кыл чөйрөдө эмгектенишкен тарыхка кызыгуучуларга жем таштап берген. Алар биринин артынан бири А. Стамов менен Ө. Осмоновдун эмгектерине таянышып түркүн макала-маалыматарды жазышкан. Ошентип кыргыздын кулагына жагымдуу "Бишкек баатыр" термини калыптанып калды. 2012-жылы публицист Кубан Мамбеталиев, 2016-жылы Кыргыз эл акыны Токтосун Самудинов Бишкекке арналган макалаларды жазышкан. Алар дагы толук бойдон А. Стамовдун каталарын кайталашып, маалымат булактарын тактоого аракеттенишкен эмес. Мына ушундай жаңылыш, такталбаган маалыматтардын базасында жазылган Бишкекти баатыр деген маалымдама кабарлар массалык маалымат булактарынын бардык тармагына, т. а. теле, радио, газета, журнал, интернет сайттарына кеңири тарады.
Бишкек жөнүндөгү тарыхый даректер
Борборубуз Бишкек шаарынын түптөлүшүнө өбөлгө түзгөн, ошондой эле шаарыбызга атын берген бабабыз Бишкек ким болгон. Алгач Бишкектин инсан катары реалдуу жашоосун тактоодон мурун, биз шаарыбызды түптөөгө негиз салган киши сөз жок атактуу адам же кылычынан кан тамган баатыр, болбосо эл башкарган падыша болуш керек деген калпыс түшүнүктөн айрылышыбыз керек. Андай болбогон шартта тарыхый чындык эч качан ордуна келбейт. Тарыхта калган ири окуялардын негиздөөчүлөрү жөнөкөй адамдардын катарынан чыккандыгын көргөзгөн маалыматтар көп эле кездешет. Жөнөкөй эле мисал атактуу Рим шаарын негиздеген деп эсептелинген легендалуу Ромул ата-энеси жок жетим болгон. Аны карышкыр эмизип өстүргөн. Ошондуктан Рим шаарында карышкырга эстелик орнотулган. Биздин шаарыбыздын негиздөөчүсү тарыхый инсан Бишкек жөнүндөгү баяндамалар жогоруда эскерилгендей ар кандай жасалма жолдор менен ойдон чыгарылган окуялар менен коштолуп, бурмаланып кеткен. Мындай кейипкерлерди жасалма даңазалоо, эртеби же кечпи реалдуу изилдөөлөрдүн аркасында ачыкка чыкканда, коомго терс таасирин берет. Ошол себептен туура, так илимий анализ жасоого аракеттенишибиз керек.
Колубуздагы санжыралык кабарлар менен уламыштардагы маалыматтар Бишкек тарыхта жашап өткөн реалдуу инсан болгондугун тастыктайт. Ошондой эле Бишкек кыргыздардын калмактар менен болгон согуштарына катышкан эмес, балким ал окуялар болгон мезгилде жаштык куракта болгондугу байкалат. Ошондуктан аны XVIII кылымдын ортосунда туулгандыгын болжолдой алабыз. Жогоруда белгиленгендей Бишкектин урпактарынын эскерүүсүн жазган Ш. Үмөталиев Бишкек солтонун чоң манабы Түлөбердинин уулу Канай бий менен замандаш болгондугун эскерет. Ал эми Канай эмес анын атасы Түлөберди кыргыз-калмак согушу аяктаганда туулгандыгы тууралуу так маалымат бар. Мисалы кыргыздын алгачкы тарыхчыларынын бири Осмонаалы Кыдык уулу (Сыдыков) кыргыздардын калмактарды талкалап, Чүйгө алгачкы келгендигин тактоодо, солтодо Кошой бийдин баласы Жамансарттын аялы кыргыздар Чүйгө келип конгондо эркек бала төрөгөн окуяны эскерет. Калмактан Чүйдү бошоткон эл, бул жерге эсен-аман келдик деп, баланын атын Эсенаман койгон экен. Эсенаман 85ке чыгып өлгөн. Ал киши каза болгондо туулган бала Чоңайылчы, 1914-жылы 73 жашта деп эсептейт. Ошентип, Канай бийдин атасы Түлөөбердинин агасы Эсенаман 1756-жылы төрөлөт [27; 137]. Дал ушул окуяны жана датаны XIX кылымдын 2-жарымы- XX кылымдын башында жашаган адамдардын, т. а. Алымбектин жана Бөөмбай уулу Насирдиндин санжыраларынан табабыз. Санжыра сөздөрдө Бишкек Канай менен алака жасагандыгы эскерилет. Эгерде ал Канай менен замандаш болсо, Бишкек эң жок дегенде Канайдын атасы Түлөөберди менен курдаш адам болушу мүмкүн эле.
Санжыралык жана архивдик изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыгы азыркы борбор шаарыбызга ысымы берилген Бишкек бабабыз калмак доорунан кийинки заманда жашап, кокондук Мадалы хан Чүйгө Бишкек чебин салдырганга чейинки мезгилде көзү өткөндүгүн көргөзөт. Белгилүү адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев Бишкектин өзүнүн тукуму Молдокул Пишпековдун жана жергиликтүү санжырачы Багакбай аксакалдын айткандары боюнча Бишкек солтонун манабы Канай менен бир мезгилде жашагандыгын жазат. Анда Багакбай " Кыргыз менен калмактардын чабышын Бишкектин атасы Кенендин заманы деп, ал эми кыргыздардын Чүйгө келип Абылай баштаган казактар менен жайыт талашкан убактысын Бишкектин мезгили" деп баяндайт. Анын Бишкектин Баймурат, Манаккозу, Манапбай, Жорго, Рыскул деген беш баласына өлөр алдында айткан керээзинде "көзүмдүн тирүүсүндө манаптар кулдун тукуму деп басмырлап келди. Алдыман чаап чыгып, жолумду бөгөдү" деген сөздөрүнөн, Бишкектин карапайым элдин ичинен чыккандыгы айтылып жатат.
Муса Байгариновго Бишкек тууралуу айтып берген 80 жаштагы карыя Чүкүш Жакшылыков Бишкектин атасы Кенендин агасы Белектин чөбөрөсү болгон. Алардын айтып бергендигин Муса Байгариновдон 1970-жылдын 27-апрелинде Илимдер академиясындагы Тил жана адабият институтунун кенже илимий кызматкери Турдубай Абдыракунов кагазга түшүргөн. Муса аксакал Бишкектин туугандарына жакында эле жолуккандыгын эскерет (КР Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фонду, №564. Кыргыз элинин санжырасы. Жыйнаган Муса Байгаринов.- 65, 65а-65-беттер). Биз Чүкүш карыя 1970-жылы 80 жашта болсо, ал 1890-жылы туулгандыгын билебиз. Чүкүштүн атасы Жакшылык болжолдуу 1860-жылдардын айланасында туулган болот. Анын атасы Жарбаң 1830-жылы, ал эми чоң атасы Белек XVIII кылымдын аяк чендеринде туулгандыгын болжолдой алабыз. Ал эми Белек, Бишкектин атасы Кенендин бир тууганы, демек Кенендин уулу Бишкек болжолдуу XVIII- XIX кылымдардын аралыгында жашап өтүшү мүмкүн.
Бишкектин небере-чөбөрөлөрү 1924-25-жылдары Бишкектин өлгөндүгүнө 120 жыл чамалуу болуп калды деген Муса Байгариновго айтып берген маалыматтарга караганда, Бишкек болжолдуу 1805-1810-жылдардын тегерегинде каза болгон. Ошол эле айтуучунун Бишкек 80 жаштан аша жашаган экен дегенин эске алсак, ошол XVIII кылымдын 30-40-жылдарынын ичинде туулушу мүмкүндүгүн болжолдой алабыз.
Жалпысынан алганда Бишкек XVIII кылымдын ортосунан XIX кылымдын башы чендеги аралыкта жашаган окшойт. Муну орус архивдик документтери дагы тастыкташат. XIX кылымдын экинчи жарымындагы кыргыздардын чарбалык абалын чагылдырган орус архивдеринде Чыгыш-Сокулук болуштугунда Бишкектин (балдары эмес) неберелери жашап тургандыгын көрөбүз. Алардын биринде Бишкектин Ырыскул деген уулунун балдары тууралуу маалыматтар жазылган.
Д.Сапаралиевдин архивдик маалыматтарында ошол эле болуштукта Бишкектин урпактары Мамбет Пишпек жана Аманбек Пишпек тизмеде кездешет.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.