Алыстан кат: "Дүйнөнүн бир бурчунда туруп, мен бармын дегим келди"

Published

(Би-Би-Си сайтына жарыяланган мекендеш агам Алмаз Кулматовдун катына жооп).

Бүгүн да адаттагыдай эле эрте турдум. Бул өтө сергектигимен эмес, жумушка кечикпеш керек. Мен үчүн бул шаарда бир күн иштебей коюш эртеси ачка калуу дегенди билдирет. Анткени жумуш акысы саатына төлөнөт. Ага жараша көп иштеп, көп акы алыш керек.

Эшикте кыштын чилдеси. Кыш чилдеде жамгырдын жааганын ушул өлкөдөн көрдүм. Таң калып бүтпөйм. Бул өлкөгө келгениме төрт жыл болду. Бөтөн өлкөдө өмүр кечирүүнүн өзүнө тиешелүү күнүмдүк түйшүктөрүнөн кол бошобойт. Мага мекенимде жүргөн учурда бөтөн жердин азабы, түйшүгү тууралуу эч ким деле эскертип айтып койбоптур. Ата-энемдин мага айтканы эле ушул болгон: "Кызым, батыштын жаман жактарын үйрөнбө!".

Азыр ойлоп көрсөм биз кыргыздар башка жактын жакшы жагына караганда жаман жактарын өтө бат кабыл алат экенбиз. Эмне үчүн ошондо мага ата-энем "убактыңды бошко кетирбе, ал элдин маданиятын үйрөн, адабиятын оку, эли менен жакындан тааныш, жерин кыдыр, эркиндиги менен гумандуулугун өзүңө сиңир",-деп айткан жок деп калам.

Эркиндик демекчи, мен чыныгы эркиндик кандай болоорун ушул элден көрдүм. Бирок алар өз эркиндиги менен башкаларга зыян тийгизип, кемсинтип, жөөлөп кетишпейт. Жөн гана өздөрүн жана өзгөлөрдү сыйлаган эркиндик. Айткан ойлору эркин, бирок эч кимге таңуулашпайт. Башканын оюн сыйлап, ар ким өзү каалагандай чечим чыгарганга мүмкүнчүлүк беришет. Дагы бир байкаганым ар ким өзү үчүн жашап, өздөрүн өтө жакшы сыйлашат. Мен төрт жыл мурун австриялык үй-бүлөгө "Ау пайр" болуп, кыргызча айтканда бала багуучу болуп келгем.

Өзүн сыйлоо эмне экенин ошолордон көрдүм. Балдарын карап отуруп, дайыма өзүмдүн балалыгым эсиме түшчү. Чоң энемдин "музей-үйү" бар эле. Ичи толо оокат, идиш аяк, жууркан төшөк. Байкуш энем ал оокаттарын коноктор үчүн жыйып, чогултуп өзү да, бизге да колдонууга мүмкүнчүлүк берген эмес. А конок келди дегенде, коноктор менен кошо тамактанганыбыз деле эсимде жок, столго коюлган таттуулардан көзүбүз кызарып, келген кишилердин кетишин тилеп отурчубуз. Кийин энемдин көзү өткөн соң, ал жууркан төшөгү, жыйган оокаты ар жерде чачылып жок болду. А бул жакта ошол жакшы оокаттардын баарын колдонуп жашап, үйүнө ким келбесин балдарын чогуу дасторконго отургузуп, биринчи өз балдарына сый көрсөтүп, анан убактылары ашса конок күтүшөт. Убакыт демекчи, анча мынча сапатсыз сааттарга караганда батыштын эли убакытка тагыраак болооруна да күбө болдум. Жада калса, коңгуроо кылып, "Убакытыңды алган жокмунбу?" деп сурайт. Жумушка метро менен жарым сааттай жүрөм. Метродо дээрлик баарынын колунда (кары жаш дебей) китеп, гезит, журнал. Китепти кайсыл жерде болбосун окуй беришет.

Кээде жумушума жеткенче көп окуялар болуп кетет. Учурда дүйнөнү каптаган вирустан улам, бул шаарда ар бир адам масканын белгилүү бир түрүн тагынуусу керек (башка маска колдонулса айып пул төлөөгө туура келет). Мен бүгүн колума биринчи тийген масканы тагынып жөнөгөм. Полицияда иштеген адам жаныма басып келип, мага эскертүү берди. Бирок анын жумуш убактысы 10 мүнөттөн кийин башталаарын, ошого байланыштуу мага айып пул сала албасын билдирди. Мына мыйзам!

Студенттерге жумасына 20 сааттан гана иштегенге уруксат берилет. Бул дегеним мамлекеттеги минималдуу айлык акыны студенттер алат. Анан баарын үнөмдөп жашоого туура келет. Мен дагы ушундай өп-чап, жетишпеген жашоодон улам, тиштерим четинен сына баштады. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп жатып, бир жылга чукул чыдадым (Кыргыздын, өзгөчө мигранттардын чыдамкайлыгы өзүнчө бир кеп). Акыры тиш доктурга барууга туура келди. Аягы келип сөз акчага такалганда, ал киши 10 бодо малдын баасын айтты. «Андан көрө бул акчага мекенимен үй алам, тиши жок эле жашайм» дедим ичимен. Анан ар кайсыл өлкөдө иштеп жүргөн мигрант мекендештердин тагдырын эстедим, алардын «оокат жыйам, үй курам, бала окутам, кредит төлөйм» деп өзүнөн бир тыйын аяп жүрүп, ден соолугуна көңүл бурбай, аягында оорулуу болуп, андан жаманы "жүк 200" болуп мекенге кайтып жатканын эстедим. Ошону ойлоп отуруп, үйү жок, бирок тиши бар кыз болууну чечтим. Кечээ мага бир кыргызстандык тааныш кыз чалган:

-Жумуш барбы?-деп сурады.

-Жумуш өзүңө керекпи?- десем, жок башка кыргыз кызга керек экен.

Айтып бергенине караганда 18 жаштагы кыз мекенде калган ата-эненисинин кредитин төлөө максатында бул шаарга иштегени келиптир. Бул жакта бир үй бүлөнүн баласын карап иштечү экен. Ал үй бүлө менен келишип жашай албай койсо керек. Эми жумуш издеп атыптыр. Мен ушул биздин ата-энелерибиздин басымдуу бөлүгүнө таң калып бүтпөй койдум.

18ге жаңы толгон кызын окуп же өзүн өркүндөтүү максатында эмес, "кредит төлөп, бизди бак" деген максатта чет жерге жөнөтүшөт. Ал кымындай кыздар кандай адамдарга жолугуп, кандай жол менен акча таап, тагдырын кантип түздөп жашап кетишет, ал ата энени көп ойлондура бербейт. Биз ал кызга жумуш таап берүүгө аракет кылдык, бирок жардам бере албадык, анткени менин таанышым деле, мен деле ошол кызга окшогон эле бирөөбүз да. Кредит төлөбөгөнүбүз эле болбосо…

Сиздин катынызды окуп, сизге жооп бергим келди. Балким арыздангым келди. Балким дүйнөнүн бир бурчунан туруп, "мен бармын" деп үн каткым келди. Балким эмнени жоготуп, эмне таап жатканымды түшүнгүм келди. Мен бул шаарда чындап эле көп нерсе жоготтум, ошол эле учурда көп нерсени үйрөнүп жатам. Маянам аз болгонуна байланыштуу үнөмдөп жашаганды үйрөндүм. Менимче бул деле пайда. Азыр тапкан акчамды үнөмдөп чогултуп, Европанын башка мамлекеттерине арзан, бирок сапаттуу саякатка көп чыгам. Мындан тышкары немис тилин жакшы өздөштүрдүм. Тарыхы жана адабияты менен четинен таанышып келе жатам. Эркиндикти туура пайдаланууга үйрөндүм. Бирок убакытты туура пайдалануу жагын эч эле өзүмө сиңире албай койдум. Эртен кайра таң атпай ойгонмой. Кайра эле ошол жол. Кайра эле ошо иш.

Гүлзат Бектемир Вена, Австрия

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.