You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Блог: Терешкова көчүрбөй сактап калган кыргыз айылы
- Author, Алмаз Кулматов,
- Role, коомдук ишмер
- Published
Кадимки Төрөгелди баатырдын байырлаган жери, даанышман акын Молдо Кылычтын Шамыркан уулунун ата конушу айыл бойдон сакталып калышына Валентина Терешкованын тиешеси бар экенин бала чакта көп уккам. Маани берген эмесмин. Студент кезде иликтеп көрдүм, бирок Төрөгелди тукуму жашаган айылдын тадырына дүйнөдөгү биринчи космонавт айым Терешкова кандайча аралашканынын жандырмагын тапкан эмесмин.
Азыркы Молдо Кылыч айылы кантип айыл бойдон сакталып калганын ошол айылдын айрым тургундары, жаш муун дээрлик билбесе керек. Кантип билет. Психология илиминде таанып-билүүгө кызыкчылык (познавательный интерес) жана аңдап-түшүнүүгө ички муктаждык деген мыйзамченемдүүлүк бар. Ошол эки нерсе жетишпей, элеттен чыга качып, көр оокаттын айынан таалай издеп тышка чыксам, эптеп байысам деген тилеги калган максаттарынан күчтүүрөк муун киндик каны тамган, ата-теги кишиликке жанган айылы кандай тарыхты башынан кечиргенине кызыгышы кыйын белем бу кыйсыпыр заманда. Антсе да, өзү сурабаса неге айтмак элем деп кайдыгерлик кылбай, эл-журт эстей жүргөнгө уламадан укканымды кыска кеп кылайын.
Кадимки Төрөгелди баатыр Абайылда уулу байыркы Кочкор өрөөнүнүн азыркы Бугучу айылынын үстү жагындагы жерди байырлаган. Бул өрөөнчө түндүгү кадимки Кара-Тоонун этегиндеги, Сөөк суусунун боюндагы, сактар, сак-усундар мекендеген, түрктөр, кийин караханий династиясы ордо кылган Кочкор-Ата мазарына 3 чакырым түзөӊ жер. Өрөөндүн этегинде кийин кыргыздар желе дөбө деп атап алган сактардын күмбөздөр тобу жайгашкан.
Ушул конушту байырлаган Төрөгелдинин урпактары тээ колхоздоштуруу мезгилинде да колхоз аталбай, бий-манаптын тукумдары катары кулакка тартылганы тартылып, сүргүнгө айдалып, аман калганы колхозго малын берип, бирок айылдан көчпөй тирилигин өткөрүп келген. Бара-бара айылдын калкынын саны өсөт, аянты кеӊейет. Анан 1930-жылдары Осоавиахим айылы деп аталып калат (ОСОАВИХИМ, 1927—1948-жылдардагы Общество содействия обороне, авиационному и химическому строительству деген уюмдун кыскача аталышы, кийин ДОСААФка айланат).
1947-жылдан бери Өзүн район болуп жүргөн Чолпон 1955-жылы совхоз болуп уюшулганда Осоавиахим айылын ушул совхоз жайгашкан Чолпонго көчүрүү аракети катуу жүрө баштайт. Себеби эмнеде?
Биринчиден, 1950-жылы Москва обкомун башкарган Н.С. Хрущевдун демилгеси менен майда коллективдүү чарбалар (колхоздор) бириктириле баштайт. Бул тажрыйба жайылып, 1950-жылы 30-майда ЦК ВКП (б) "Майда колхоздорду ирилештирүү жана партиялык уюмдардын ушул ишти уюштуруудагы милдеттери жөнүндө" деген токтому чыгат. Компартиянын бул чечимин ишке ашыруу максатында СССР Министрлер Совети ушул эле жылы 17-июлда "Майда колхоздорду ирилештирүү жөнүндө" жана ""Майда колхоздорду ирилештирүүгө байланышкан иш-чаралар жөнүндө" деген эки токтомун кабыл алат. Жогортодон чыккан бул чечимди союздук республикалар кыйшаюсуз аткарууга киришет. Натыйжада кыска убакыт ичинде бир эле РСФСР боюнча колхоздордун саны 2,5 эсеге чейин кыскарып, жүздөгөн айыл-кыштактар жоюлуп, калкы мажбурланып көчүрүлүп, колхоздорго жана совхоздорго биригет. Айрым оӊ натыйжаларга карабастан, бул саясат айыл чарбасынын, калктын социалдык-экономикалык турмушуна терс таасирин тийгизгенин орус окумуштуулары белгилешкен (Караӊыз: Р.Р. Хисамитдинова. Ошибики и просчеты, допущенные при укрупнении колхозов Урала в 1950-1952 гг.) Компартия да 1951-жылы 2-апрелде ирилештирүүдө кетирилген каталарга мындан ары жол бербөө боюнча жабык кат даярдап, анда ыктыярдуулук, жердин жана калктын жашоо шартын эске алуу принциптерине көӊүл буруу жагы белгиленген. Бирок бул жабык кат 1958-жылы ЦК КПСС токтому менен жокко чыгарылат. Дээрлик 20 жыл бою Советтер Союзунун, анын ичинде биздин республикада ирилештирүү саясатынын арааны токтобостон жүрүп, жүздөгөн айыл-кыштактар жоюлуп, алардын калкы колхоздор жана совхоздор жайгашкан кыштактарга көчүрүлгөн.
Экинчиден, айыл-кыштактардын инфраструктурасын курууга чамасы азыраак болгондуктан, социалдык-экономикалык инфраструктураны оптималдаштыруу деген ураан астында компартиянын дагы бир чечими менен 1960-жылдары келечеги жок айылдарды калкы көбүрөөк жашаган, чоӊураак кыштактарга көчүрүү саясаты ирилештирүүгө кошул-ташыл болот. Натыйжада көп айылдын калкы ата-бабасы жердеген айылдардан көчүүгө аргасыз болот. Бирок Осоавиахим айылынын эли совхоздун борбору Чолпон кыштагына көчпөй коет. Чолпондун повороту деген жол айрылыш жердин түндүк-батыш жагына чектелген жерге көчүрүлмөк экен. Ага киши басып барбай коет. Чолпонго жакын, 3 чакырым аралыктагы Осоавиахим тургай, андан ондогон километр алыс Оро-Башы, Узун-Булак айылдары күчтөп көчүрүлгөн. Кийин, эгемендүүлүккө ээ болгондо, совхоз дыйкан чарбасына таркаганда эл мурда көчүп келген конуштарына кайра көчүп барып, үй-жай салып, отурукташып калды. Мына жакында эле, 2000-жылдардын башында Кочкор районуна жетекчилик кызматта жүргөнүмдө Оро-Башы айылына мектеп, ФАП окшогон зарыл инфраструктуранын курулушуна азыркы байлардай чөнтөгүмдөн уучтап акча бербесем да, ПРООН, АРИС сыяктуу эл аралык уюмдардын жардамын алып берип, бир аз көмөктөшүп да калдым. Кыскасы бир топ убакыт бою айыл аксакалдары көчпөй, караманча көшөрөт, моюн бербейт. Айылдын Андаш уулу Өмүр, Ысраил сыяктуу аксакалдары (бул кишилер Төрөгелдинин неберелери, Өмүрдүн чоң атасы Батыркан менен Молдо Кылычтын атасы Шамыркан бир тууган) туш-тушка кайрылат. Майнап чыкпайт. Бирок компартия ага болчу беле, күчкө салып, мына эми көчөт болгондо Москвадан айылды ордуна калтыруу маселеси коюлуп калат. Болгондо да Советтер Союзунун Баатыры Валентина Терешковадан тийбегиле айылга маанисинде ишараат келет. Бул факт тууралуу айылдын кадырлуу акскалы Көчкөнбай уулу Шаршен (чертки уругунан) көп ирет тамшанып кеп кылаар эле. "Кайран Өмүкөм, эр эле, болгондо да Терешковага айттырып, ошол космонавт аялдын аркасы менен айылыбыз көчпөй калган" деген сөзүн илгери далай уктук. Болгон иш. Айыл азыр ордунда турат. Молдо Кылыч айылы деп аталат. Осоавиахмге окшоп көчпөй калбай айылдар көп эле болсо керек. Бирок туташ ирилештирүү убагында Терешкова кийлигишип ордунда калган бөлөк айыл Кыргызстанда бар-жогу белгисиз.
Эми Төрөгелдинин урпактары кайдан жүрүп Терешковага жол таап, ким аркылуу а киши менен байланышты деп жүрчүмүн. Болжолдуу жандырмагы кечээ жакында билинди. Кылым жашаган кадырлуу бир аксакалдын жанын ээсине, сөөгүн жерге бергени Кемин районунун Тегирменти айылына барганымда орошон акын ,жазуучу Нуралы Капаров менен мыкты саясатчы, жазуучу Каныбек Иманалиев экөө айыл тууралуу, ошол айылдагы Карл Маркс атындагы орто мектептин директору Калича Чоробаева эжей, анын укмуштуудай адам, чыныгы педагог, мыкты уюштуруучу, прогрессивдүү жетекчи болгонун чечиле кеп кылып калышты. Калича Чоробаева эже кезегинде мектептин мыкты жетекчиси катары Кыргыз ССРинин аялдар комитетинде иштегендигин, Бүткүл союздук аялдар комитетинин съездерине катышып жүргөнүн, ал тургай Валентина Терешкова турмушка чыкканда Н.С. Хрущев өткөргөн комсомолдук үйлөнүү үлпөтүнө катышканын, кийин да Терешкова менен аялдар комитетинин иши аркылуу байланышта болгонун бири бирин толуктап, сүрөп, сыймыктана айтып беришти. Аныгын эми далилдешим кыйын, бирок божомол ойго кеттим. Калича эже сарыбагыштын кызы, жантай уругунан. Ал эми сарыбагыштын манабы Төрөгелдинин балдары, даӊктуу бабасы жердеген кутман конушту, ата-бабасынын сөөгү жаткан ыйык жерди, Молдо Кылычтын киндик каны тамган туурду таштап кетпештин түркүн амалын издеген аксакалдар акыры Терешкова менен байланышы бар карындашынын кабарын угуп, ага кайрылган окшобойбу. Ата конушу үчүн айла издеп, тек кууп, муун жиреп, тамыр издеп кайран кишилер карындашынын кабарын укканда ылаажы болоор деп тээк кылып, үмүт артса керек. Кандаш байкелери, болгондо да Төрөгелдинин нак тукуму келип жатса, миӊ коммунист болгон күндө деле, тектүү жердин нарктуу кызы, билимдүү, акылы жетик Калича Чоробаева эжей жок дей албаса керек. Эптеп ыӊгайы келгенде аксакалдар аманат тапшырган айыл калкынын кайрылуусун бир чети депутат, бир чети бүткүл союздук советтик аялдар комитетинин төрайымы катары Валентина Терешковага элден түшкөн көп суроо-талаптын, каалоо-тилектин арасына кошуп берип жиберген окшойт сыягы. Башка жандырмакты таба албадым.
Орус кыштагында чоӊойгон, атасы карапайым тракторист В. Терешкова айылдыктардын суроосунун маӊызын түшүнгөнбү, айтор биздин Республиканын компартиясынын борбордук комитетине карагыла, чечкиле маанисинде тиешелүү визасын коюп жиберсе керек. Даӊкы таш жарган биринчи космонавт айым, Советтер Союзунун баатыры, СССР Жогорку Советинин депутаты, СССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү, Бүткүл союздук аялдар комитетинин төрайымынын эки ооз сөзүн ким даап эки кылмак эле ошол кезде.
Ошентип кайран акскалдардын эмгегинин акыбети кайтып, ата конушу ордунда калып, Осоавиахим айылы көчпөй, Төрөгелдин баатырдын урпактары ата конушунда калат. Өзүн эмес, өӊүн гана телевизордон, гезит бетинен көргөн Валентина Терешкова менен айылдын аксакалдарынын сырдуу байланышын чала-бучук уккан облустун, райондун жергиликтүү бийлиги бул айылга көп тийишкен эмес. Бири чочуп, бири сыйлап, айтор Өмүр баштаган аксакалдарды урматтап, сыйлаш турушчу экен. А кишилердин кадыры артык болгонуна Кочкордо иштеп жүргөнүмдө далай ирет күбө болдум. Кийин да, жеке чарбалардагы менчик малдын санын ченелүү чектен ашырбай, элдин малын күчкө салып этке төктүрүп, ордуна жарыбаган акча берген контракт деген саясат катуу жүрүп турган кезде Чолпон совхозунун директору, азуулуу, айбаты артык, барктуу, ары иштерман, ары сөзгө кыйын жетекчилердин бири Туткабай Байдөөлөтов ошол Өмүр аксакалды сыйлап, айылга анча кол салчу эмес дешет эски кишилер. Өмүр аксакал ар жылы эттин планы, контракт өнөктөштүгү башталганда эле алдын-ала "ата-бабадан калган көп малды советке тээ илгери эле тапшырганбыз. Куйруктуу кыргыз койдон кудайга шүгүр төл алдык, жакшы тайлар, торпок-тана бар, алсаӊ меникин, мага окшогондордукун алгыла, бирок элдикине тийбе, жону жукарып кетет, эстүү жансыӊ, Тука" деп эркелете айтып, ошону менен иш бүтчү дешет көргөн-билгендер. Кайран кишилер...
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт