"Бүгүн эрте, эртең кеч": 120 депутат кантип тынч уктап, кантип басып жүрөсүңөр?

Published

Кадимки Медеткан Шеримкуловдун оозунан чыккан сөз деп жүрүшөт: "Бүгүн эрте, эртең кеч!". Биз азыр так ушундай абалдабыз. Дагы кайталайм, бүгүн эрте, эртең кеч!

Ичине ит өлгөндөй бузулган шайлоодон кийинки нааразылык мамлекетти башы жок бака, көзү жок көгөн кылды. Эми тезинен мыйзам талаасына кайталы!. Ансыз биз бензини чачылып, ширеңкеси эле чагылбай турган алааматтын алдында калдык. "Координациялык кеңеш", "ал кыймыл", "бул кыймыл", "сен өкмөт, мен өкмөт" деп турганыбызда ширеңке чагылчу болсо катуудан казан, жумшактан күлүбүз калбай күбүлүп түшөбүз. Анан эр эле болсоң эсиңе келип ал!

Өмүр бою эле эмес, кылымдар бою эс-мас абалындагы кулга айланабыз. Саат эмес, мүнөт сайын элдин маанайы өзгөрүп жатат. Болоору болду, боёсу канды, эсибизге келели. Кечиккен сайын кемип, чайпалып жатканыбыз дөдөйгө да түшүнүктүү. Ай деген ажосу, кой деген кожосу жок төрт түнөдүк. Төрт түндө эмнелер гана болбоду? Кызмат талашып бири-бирин кубалап чыкмай, бычактамай, керек болсо атып салам деп азапка салмай баары болуп жатат. Кыйроого жол бербейли. Бир заматта губернатор, акимди кой, кээ бир айылдарда "пенсионер мугалимдер кеткиле" деп мектептен бери толкуп алды. Кенден бери кемире баштаган "келемиштер" чыкты. Азыр абабыз, суубуз, таянаар тообуз - мыйзам, акыл-эс, калыстык гана калды.

Ал эми ошол мыйзамды сиз жана мен жети желмогузубуздай көргөн депутаттар чыгарат. Бул легитимдешүүнүн эң негизги, экинин бири болгон жолу. Башка жолу жокко эсе. Урматтуу алтынчы чакырылыштын 120 депутаты. Жер бетиндеги "фараондор"! Кантип тынч уктап, кантип басып жүрөсүңөр? Өлкө өрттү көздөй жылып бара жатканын кантип сезбей элесиңер? Кырсык менен оору киши (анын ичинде депутаттарды) тандабай турганын жакында эле көрдүңөр го?! Кокус, ушул саясий абалдын аягы отко айланчу болсо караламан эл менен кошо силердин да шоруңар шорподой кайнайт. Азапка кошу, эл сазайыңарды ошондо берет. Күнөөлөйт, артыңардан сая түшөт. Түн уйкуңарды үч бөлөт. Силердин айыңардан деген доомат, токон наалат сөз кулагыңарда жаңырып кала берет. Ошого жеткирбегиле, жер шаарын силер тең салмактап тургансыбай эсиңерге келип, жыйынды кургула.

Талкуулагыла, тарыхий миссияңарды аткаргыла! Мыйзамдуу өкмөт курап, президенттин тагдырын аныктап бергиле. Бул талап, сунуш, өтүнүч жана тилегибиз. Биз силердин азабыңардан чыккан ааламатты, аймак-аймак болгон чабышты көргүбүз, азабына күйгүбүз келбейт! Биз дос тамыр, куда-сөөк, бир кыргыз болуп жашагыбыз келет! Бизде башка тилек жок! Гүлдөгөн шаарлар жарандык согуштан, сырткы күчтөрдүн таасиринен гүлү көккө сапырылган мисалдарды санатпагыла! Дүйнөнүн картасынан алакандай Кыргыз мамлекетин сызып, сындырып салбагыла! Акылы төгүлгөн, кесипкөйлүгү көрүнгөн мыктылар жок эмес араңарда. Бирок, ошол топ бузарлар мыктылыгыңарды азыр көрсөткүлө, эси жок жинди кесиптештериңерди издеп таап болсо да, тезинен чогулгула. Бул силердин жумуш, ыйык милдет. Ошону тез арада орундатып бергиле. Мен президентти мактагандан алысмын! Андай оюм да жок. Бирок, курал кармап аягына чейин турам деген жок го. Сүйлөшөлү, кеңешели деп жатат го... Сунган колун суутпай чогулуп сүйлөшүүгө келгиле. Андай кийин, импичмент жарыяламактан, адам катарынан чийип салсаңар да өз эркиңер. Бирок, кантип бөк түшүп бөйпөңдөгөндөрдү унутабыз?

Элестүү айтканда, силер азыр операцияда жаткан бейтабын таштап качкан хирург, чек арада куралын таштап качкан жоокер, кемесин таштай качкан капитандан эч айырмаңар жок болуп калат. Анте көрбөгүлө! Силерден акылдуу, силерден бай, силерден мыктылар четтен табылат. Бирок, силердикиндей ыйгарым укук азыр эч кимден табылбайт.

Алты фракциянын алты лидери өз фракциясынан кайсы депутат жыйынга келбей жатканын, ким качып кара башын корголоп жүргөнүн парламенттин басма сөз кызматына жазып берсин, алар жарыяласын. Ошондо кимиси качып, кимиси эл деп, түн уйкусу бузулуп жатканын ачык билели. Фракция лидерлери, ушуга жарап бергиле. Жезбилек болчу кимиң бар? Алтынбек Сулайманов же Мирлан Жеенчороев силер баштап бергиле тизме жарыяламайды.

Эл журт, биригип, ач бел, куу жондон калкыбыз аман эсен өтүп кетсин! Тилегим ушул.

А.Казыбеков, Бишкек шаары

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.