"Операция жакшы өттү". Кипрде бычакталган Жанеркенин дарыгери анын абалы тууралуу айтып берди

Түндүк Кипрде бычактан оор жаракат алган казакстандык Жанеркенин абалы турукташып, операция жакшы өткөнүн аны дарылап жаткан дарыгерлер билдирди.
Burhan Nalbantoğlu мамлекеттик ооруканасынын башкы дарыгери Хасан Биртан Би-Би-Сиге берген маалыматында бейтап акырындап өзүнө келе баштаганын айтты.
"Операция жакшы эле өттү. Ал калыбына келе баштады. Бирок дагы деле жандандыруу бөлүмүнө. Кан кеткен жок. Ал көзүн ачты. Ушул тапта жеңил седацияда. Азырынча сүйлөй албайт. Бирок баарына реакция жасап жатат. Баарын түшүнүп жатат. Колун булгалап, суу талап кылып жатат. Колу менен бир нерсени түшүндүрүүгө аракет жасап жатат. Эртең же бүрсүгүнү дем алдыруучу түтүктү алып салабыз деп ойлоп жатабыз. Менимче, бир нече күндөн кийин өз алдынча сүйлөп калат го деп ойлоп жатам. Коркунуч бир аз азайды деп айтсам болот. Баарына убакыт керек", - деди ал.
Дарыгердин айтымында, Жанерке моюнунун жана курсагынын бир нече жерине бычак жеген.
Окуянын чоо-жайын Кипрдин укук коргоо органдары иликтөөнү улантып жатат.
Супермаркетте мыкаачылык менен бычакталган
Денесинен бир нече жолу жаракат алган Жанерке Абдразакова 3-августта Түндүк Кипрдин Никосия шаарындагы Metropol Market супермаркетинде мыкаачылык менен бычакталган. 5-августта анын абалы тууралуу маалымат берген Никосия шаарында жашап жаткан кыргызстандык юрист Назгүл Алымбаева буларды айткан:
"Кыз бүгүн эсине келди. Бирок абалы оор бойдон калууда. Ага бир операция жасалды. Эми дагы бир операция жасалары күтүлүүдө. Операция жана дарыланууга байланыштуу чыгымдарды Түндүк Кипр өз мойнуна алды".
Burhan Nalbantoğlu мамлекеттик ооруканасынын башкы дарыгери Хасан Биртан күн мурун жергиликтүү медиага Жанерке өмүр үчүн күрөшүп жатканын билдирген:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Денесинин түрдүү жеринен бычактан жаракат алган. Дароо операция болду. Жалпысынан бейтаптын абалы начар, бирок туруктуу. Жандандыруу бөлүмүндө. Өмүр үчүн күрөшүп жатат. Бул алдыдагы 48-72 саат бою уланат. Азыр ашык кан кеткен жок, ошону гана айта алам".
Жанерке Абдразаковага кол салган түрк жараны анын таанышы болгону айтылууда. Ал бул кадамга эмне себептен барганы азырынча расмий жарыялана элек. Шектүү да ооруканада, полициянын көзөмөлүндө.
"Анын да абалы оор деп эсептелет. Бирок оор экенине карабай, укук коргоо органдары тергөө амалдарын жасап жатышат", - деди Анкарадагы элчиликтин консулу Чыңгыз Абдрахманов.
Маалыматтарга караганда, Жанерке Абдразакова Түндүк Кипрге жайдын башында эле барган. Жумуш иштөөгө расмий уруксаты болгон.
Бейтаптын агасы Алайдан жолго чыкканы, эртең, 6-августа Кипрде болору айтылды. Ал жактагы кыргызстандыктар үй-бүлөгө ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатышат.
"Кыргызстандыктар өз демилгеси менен каражат чогултуп жатышат. Бул жактагы бир кыз агасына билет алып берди. Себеби агасы маалыматты укканда дендароо болуп калды. Мындан тышкары мен юрист катары кун өндүрүү боюнча жарандык негизде доо арыз даярдап, соттук иш баштайын деп жатам. Кыз арыз берсе да, бербесе да, прокуратура сөзсүз тергөө жүргүзөт", - деди Назгүл Алымбаева.
Ар кыл эсеп боюнча Түндүк Кипрде Кыргызстандын миңге чукул жараны окуп, иштейт.
































