“Дүйнө карарып баратат”: Киев масштабдуу чабуулду күтүүдө

Published

Лиз Дюсет

Би-Би-Синин эл аралык иштер боюнча кабарчысы

Киев

Сүрөттүн булагы, AFP

Жаздын биринчи күнүн, Орусиянын Украинага басып киришинин алтынчы күнүн киевдиктер азап менен тосуп жатышат. Алтымыш чакырымдай аралыкка созулган Орусиянын аскердик колоннасы Украинанын борборуна акырындык менен жылууда.

Курал-жарак менен бараткан колонна спутниктен тартылган сүрөттөрдө даана көрүнүп турат. Сүрөттөр түстүү кылып тартып алынган, бирок пейзаж ак-кара көрүнөт: кара танктар ак кардуу жол менен жылууда.

Сүрөттөрдү каалаган жерде реалдуу убакыт режиминде каалаган киши көрө алат. Бул “дүйнө карап турат” деген сөзгө жаңы, коркунучтуу маанини кошууда.

Дүйнө көз салууда, Батыш өлкөлөрү Киевди курал-жарак жана ок-дары менен камсыз кылып жатат, дипломаттар улам тынчсызданган билдирүү менен чыгууда. Бирок чабуулду украиндер гана токтото алат. Себеби согуш талаасында Украина менен Орусия жекеме-жеке калды.

“Биз бул колоннаны өрттөйбүз”,- дейт учурда бомбадан калкалоочу жайда жаткан украин журналисти. Дал ушул чечкиндүүлүк жана патриотизм күчтүү орус армиясына украин аскерлеринин катуу каршылык көрсөткөнүн түшүндүрөт.

колонна

Сүрөттүн булагы, MAXAR TECHNOLOGIES

Колуна смартфон кармаган журналист компьютерине үңүлдү. Мунун жардамында ал тышкы дүйнө менен байланышты кармап турат.

Киевдин көптөгөн тургуну азыр жер төлөдө, метродо жана шаардын бардык жеринде бомбадан баш калкалоочу жайларда отурушат. Аба чабуулунун сиреналары токтобойт окшойт.

Менин жанымда көз айнек тагынган, арык бойлуу өспүрүм отурат. Он үчтөгү Рустам телефондун экранынан башын көтөрбөйт. Ал Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун видеосун TikTok тиркемесинде көрүп жатат. Видеодо чечен аскерлеринин Украинага чабуулу тууралуу айтылат.

“Алар дагы бул жакка келишеби?”,- деп менден сурады өспүрүм.

Украина

Сүрөттүн булагы, AFP

Телефондон көз албай, улам жаңылыктарга үңүлүү эми жөн эле адат эмес. Жаш-кары дебей, Киевди көздөй жакындап бараткан орус аскерлеринин чоң колоннасын реалдуу убакыт режиминде көпчүлүгү тынчсыздануу менен карап турат.

“Түндө уктаган жокпуз”,- дейт Рустамдын апасы Лиана. - Башка шаардагы туугандар, достор менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Коңшу Польшага качып чыккан курбум телефон чалып, анын үйү орус ракетасынан улам талкаланганын айтып, ыйлап жатат”.

Лиананын атасы орус аскерлери ээлеп алган Чернобылга жакын жайгашкан үйүндө кала берген. Атасы Лианага байланышып, үйдүн бакчасына ракета түшкөнүн айтты.

Жер төлө, Украина

Сүрөттүн булагы, Reuters

Рустам менен Лианага жакын турган керебетте австралиялык ишкер Стивен Риммер отурат. “Тезирээк кетким келет”- дейт ал санаасын араң жашырып. Стивендин түрк паспорту бар, ал Киевде түрк жарандарын эвакуациялоо үчүн уюштурулган поездге түшүүгө аракет кылган. Бирок вокзалда дүрбөлөң түшкөң эл көп болуп, поездге түшө албай, артка келди.

Стивен жер төлөгө кокустан келип калганын айтат. Ал өткөн бейшембиде, Орусия Украинага чабуул жасаган күнү учуп кетиши керек болчу.

“Путин муну жасайт деп ойлогон да эмесмин”, - дейт ал.

Бир жума мурун бул жерде жаткан же башка жерде жүргөн кишилер Орусиянын президенти Владимир Путин мынчалык алыска барат деп ойлобосо керек.

Алты күндөн бери кишилер коркунуч жана чабуулга каршы туруу каалоосу менен жашап жатат.

Украина

Сүрөттүн булагы, AFP

Орус аскерлеринин курчоосунда турган Херсон шаары жөнүндө ар кандай божомол кептер айтылууда. Бул жерде согуштун орто кылымдагы ыкмасы (курчоого алынган шаар тургундары багынып бергенге чейин эле ачкалыктан кырылат) колдонулушу мүмкүн дегендер бар. Заманбап дүйнөдө мындай аракеттерге согуш кылмышы катары баа берилет.

Украинада калкынын саны боюнча экинчи ири шаар эсептелген Харьковдун турак жайларында колдонулган кассеталык бомба жөнүндө да ар кандай сөздөр айтылууда.

Эми болсо баш калаа Киев жакындап келе жаткан колоннаны күтүүдө. Февраль айынын акыркы күнүндө борбор калаадагы имараттар биринчи жолу катуу жарылуудан улам титиреп жатты. Украинанын куралдуу күчтөрү учурган “жер-аба” ракеталары асманды жарык кылып турду. (ErA)