Украина рекорддук дрон чабуулуна кабылды: Киевде турак-жайлар кыйрап, өкмөт үйүнөн өрт чыкты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жекшембиге караган түнү орус армиясы Украинага ракеталар жана дрондор менен кайрадан жапырт чабуул жасалды. Толук масштабдуу согуш башталгандан бери Орусия колдонгон дрон менен ракеталардын саны рекорддук чекке жетти. Аткылоонун эң оор кесепеттери Киевде катталды. Бир нече турак-жай кыйрап, аял жана анын ымыркайы набыт болду. Кол салуунун айынан Украинанын Министрлер Кабинетинин имаратынын жогорку кабаттарында өрт чыкты.
Орус аба чабуулу 12 саатка созулду. Украинанын Аскер-аба күчтөрү билдиргендей, орус аскерлери чабуулду ишемби күнү саат 17:00дөн баштап, 805 дрон (чабуул жана имитатор) колдонгон. Бул рекорддук сан болуп эсептелет. Буга чейинки эң жогорку көрсөткүч 9-июлга караган түнү болгон. Анда Орусия 728 дрон жана ракеталар менен аткылаган.
Украин армиясынын маалыматына караганда, Орусия 13 "Искандер" ракетасы менен сокку урду. Ошол күнкү таңкы саат 08:30га карата жалпы 751 бута — 747 дрон менен төрт ракета атып түшүргөнүн.
"Тогуз ракета жана 56 дрон 37 жерге тийди", — деп жазылат Аба күчтөрүнүн маалыматында.
Орусиянын Коргоо министрлиги болсо алардын армиясы түн ичинде Украинага чабуул жасаганын ырастады.
Алар социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүдө адаттагыдай эле "Украинанын куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланылып жаткан аскердик-өнөр жай комплекси менен транспорттук инфраструктуранын объектилери бутага алынганы" жазылган.
Бул соңку аптада Киевге жасалган экинчи жолку массалык сокку болуп калды. Августтун аягында Орусиянын ракеталары Украинанын борборундагы көп кабаттуу турак үйдү кыйратып, 22 киши, анын ичинде балдар мерт болгон.
Украинанын президенти Володимир Зеленский билдиргендей, жекшембиге караган түнү жасалган массалык орус чабуулунун кесепетинен төрт адам курман болуп, 44төн ашуун киши жаракат алган. Зеленский кайсыл райондордо адам өлүмү катталганын так маалымдаган жок.
Министрлер Кабинети жана турак-жайлар жабыркады
Украинанын премьер-министри Юлия Свириденко дрон чабуулунан Министрлер Кабинетинин имараты жабыркаганын ырастады.
"Биринчи жолу мамлекеттик имарат, чатыры жана үстүнкү кабаттары душмандын чабуулунан жабыркады. Куткаруучулар өрттү өчүрүп жатышат", — деп жазган ал социалдык тармактарга.
"Биз имараттарды калыбына келтиребиз. Бирок каза болгон адамдарды кайра кайтаруу мүмкүн эмес. Душман күн сайын элдин үрөйүн учуруп, аларды өлтүрүп жатат",- деп кошумчалады.
Кийинчерээк Свириденко жабыркаган Министрлер Кабинетинин имаратынан видео кайрылуу жасап, имараттын кыйраган бөлүгүнүн жанынан түшкөн сүрөтүн жарыялады. Сүрөттүн астына ал кол салуудан эч ким жабыркабаганын жана өрт өчүрүлгөнүн жазды.

Сүрөттүн булагы, юлия свириденко/facebook
Түштөн кийин Орусиянын Коргоо министрлиги орус армиясы аскердик объектилерди жана өнөр жай ишканаларын гана бутага алганын билдирди.
Билдирүүдө Украинанын Министрлер Кабинетинин имараты тууралуу сөз болгон эмес. Бирок "Киевдин башка объектилерине сокку урулган жок" деп жазылган.
Орусиянын аскерий ведомствосу анын буталары "дрондорду чыгаруу, чогултуу, оңдоо, сактоо жана учуруу объектилери", ошондой эле "Украинанын борбордук, түштүк жана чыгыш аймактарындагы аскерий авиабазалар" болгонун ырастады.
Мындай буталардын катарында Киевдин батыш четиндеги ишкана жана украин борборунун түштүк тарабындагы "СТС-ГРУПП" компаниясына таандык "логистикалык база" болгонун Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө жазылган.

Сүрөттүн булагы, Юлия Свириденко/telegram
Маалымат агенттиктери Киевдин борбордук аянтынан алыс эмес жерде жайгашкан Министрлер Кабинетинин имаратынын үстүнөн түтүн чыгып жатканын чагылдырган кадрларды таратты.
Соккудан улам Киевдин Святошин районунда тогуз кабаттуу үйдүн (төртүнчүдөн сегизинчи кабатына чейин) айрым жерлери кыйраганын, дагы бир үч кабаттуу үйдө өрт чыкканы тууралуу украин полициясы билдирди.
"Урандылардын астынан 32 жаштагы аялдын жана анын эки айлык баласынын сөөгү табылды. Мындан тышкары үч көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Сүрөттүн булагы, Национальная полиция Украины
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Киевдин мэри Виталий Кличко Орусиянын баш калаага жасаган соккусунан 20 адам жабыркап, анын жетөө ооруканага жаткырылганын жазды. Ооруканага жаткырылгандардын арасында кош бойлуу аял да бар,- деп маалымдады Кличко.
Ал кошумчалагандай, Святошин районундагы эң көп жабыркаган турак-жайларда издөө-куткаруу иштери уланууда.
"Урандылардын астында адамдар калып калган болушу мүмкүн", - деди Кличко.
Кличконун айтымында, сокку болгон жерде үчүнчү курмандыктын сөөгү изделүүдө. Мэр ошондой эле Дарницк районундагы баш калкалоочу жайда улгайган аял каза болгонун билдирди.
Киев обладминистрациясынын маалыматы боюнча, бир нече дрондор көп кабаттуу үйлөргө тийген.
"Святошин районундагы тогуз кабаттуу үйлөргө душманын дрондору тийди. Дагы бир нече жайда да сокку катталды. Ошондой эле Дарницк районундагы төрт кабаттуу турак үй дагы дрон чабуулунан жабыркады", — деп жазылган облус бийлигинин таңкы саат төрттө жарыяланган билдирүүсүндө.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы Дарницк районундагы турак үйдүн үстүнкү кабаттары жарым-жартылай талкаланып, ал жерде өрт чыкканын жазды.
Киев облусунун бийлиги орусиялык дрондор Фастов районундагы ат клубун дагы кыйратып, аттар кырылганын маалымдады.

Сүрөттүн булагы, MFA/Endurance Horse Sport Club/x
Украинанын ат спорту боюнча туризм федерациясынын жетекчисинин орун басары Леся Гордиенко билдиргендей, абадан жасалган соккудан Endurance Horse Sport Club ат клубунун атканалары жабыркады.
"Фастов районунда душман жеке турак-жайды жана аткананы кыйратты. Жети ат өлдү", — деп жазды Киев облусунун аскердик администрациясынын башчысы Николай Калашник өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына.
Гордиенконун айтымында, клубдагы тогуз аттын экөө гана калган.
"Аткананын терезелери менен эшиктери талкаланды. Оңдоп-түзөбөй туруп башка аттарды киргизүүгө мүмкүн болбой калды", — деди ал.
Украинанын тышкы иштер министрлиги бул окуяга байланыштуу билдирүү жасап, кырылып калган аттардын айрымдары өлкө чемпионатына даярдалып жаткан деди.
Министрлик дүйнөлүк коомчулукту "саясий эрк көрсөтүүгө" жана "күн сайын адам өмүрүн алып, жаныбарларды кошо кырып жаткан террористтерди жөн гана карап турбоого чакырды".

Сүрөттүн булагы, Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы
Кривой Рог, Кременчуг жана Одесса дагы жабыркады
7-сентябрдын түнүндө Кривой Рог да массалык чабуулга дуушар болду. Шаардын Коргоо кеңешинин башчысы Александр Вилкул билдиргендей, Орусия шаарга дрондор менен да, ракеталар менен да кол салды.

Сүрөттүн булагы, Одесса облусунун Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы
"Массалык ракета жана "шахед" чабуулу. Дагы ондон ашык шахед түштүктөн кирип, Крымдан чыгып жатты", - деп жазды Вилкул.
Андан кийин үч жерге сокку урулганын билдирди.
"Транспорт жана шаардык инфраструктура объектилерине, жеке секторлорго зыян келтирилди. Бардык объектилерде авариялык-куткаруу иштери башталды",- деп кошумчалады.
Ал түнү орустар Полтава аймагындагы Кременчукка дагы сокку урду. Ондогон жардыруулар болуп, шаардын бир бөлүгү жарыксыз калганын шаардын мэри Виталий Малецкий билдирди.
Днепр дарыясындагы көпүрө жараксыз абалга келди. Унаа кыймылы убактылуу токтотулду", - деп билдирди облустук аскер башкармалыгы.
Одесса облустук администрациясынын башчысы Олег Кипер аймакка дрондор сокку урганын жазды.
"Абадан коргонуу күчтөрүнүн жигердүү иш-аракетине карабастан, жарандык инфраструктура объектилери жана турак-жайлар жабыркады. Шаарда бир нече өрт чыкты, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдөн дагы орт чыкты", — деп жазды ал Telegram баракчасына.































