You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Тайван Кытайдын машыгуусу учурунда курчоодо калды
Кытай Тайвандын айланасында эки күндүк аскердик машыгууларын баштап, аралды аскердик учактар жана деңиз кемелери менен курчап алды.
Машыгуулар Тайвандын жаңы шайланган президенти Уильям Лайдын инаугурациясынан үч күн өткөндөн кийин, 23-майда башталды.
Кытайдын Элдик боштондук армиясынын өкүлү Ли Си аскердик машыгуу Тайвандын “сепаратисттик кыймылына карата катуу жаза” экенин билдирди.
Кытайдын армиясы аралдын айланасындагы машыгуулар өтө турган аймактардын картасын жарыялады.
Тайвандын Улуттук коргоо министри Цю Гочжэн Пекиндин бул кадамын “акылга сыйбаган чагым” катары айыптады. Ал деңиз флоту менен аба күчтөрүн өлкөнүн эгемендигин коргоо үчүн жибергенин айтты.
Январь айында Уильям Лай президенттик шайлоодо жеңип чыкканда Пекин “Тайвань Кытайдын бир бөлүгү” деп билдирүү тараткан.
Кытай бийлиги Тайванды бөлүнүп кеткен провинция катары көрөт жана өлкөнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Бирок Тайбэй өз алдынча башкарууга ээ экенин айтып, өздөрүн көз карандысыз мамлекет катары санашат.
Тайван кайда жайгашкан?
Тайван — Кытайдын түштүк-чыгыш жээгинен 100 км аралыкта жайгашкан арал мамлекет.Ал биринчи чынжырдагы аралдар деп аталган аймакта жайгашкан, бул АКШнын тышкы саясаты үчүн абдан маанилүү аймактар экени белгилүү.
Эгер Кытай Тайванды басып ала турган болсо, кээ бир батыш эксперттеринин баамында, анын бийлиги Тынч океан аймагынын батыш жагында эркин чабыттап, АКШнын Гуам жана Гавайы сыяктуу алыскы аралдардагы аскердик базаларына коркунуч туудурушу мүмкүн.
Кытай өз кезегинде өзүнүн максаты жана ниети таза экенин билдирип келет.
Тайван Кытайдан кандайча бөлүнүп калды эле?
Булар Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин бөлүнүп кетишкен. Ошол убакта материктеги Кытайда Гоминдань өкмөттүк аскерлери менен Кытайдын коммунисттик партиясынын күчтөрүнүн согуш жүрүп жаткан эле.
1949-жылы согушту коммунисттер жеңип, алардын лидери Мао Цзэдунь Пекиндеги бийликти алган.
Ал эми улутчул партия Гоминдань коңшулаш Тайванга качкан.
Гоминдань ошондон бери Тайвандын тарыхында эң көп жыл башкарган саясий партия болуп калды.
Азыркы убакта Тайванды эгемен мамлекет катары 13 гана (Ватикан да бар) өлкө тааныйт.