Афганистандагы жер титирөө: Герат провинциясында куткаруу иштери башталды

Published

Афганистанда чукул жардам топтору өлкөнүн батышында болгон катуу жер титирөөдөн улам урандылардын астынан адамдарды куткарууга шашууда.

Ишембиде Герат провинциясынын айылдарында болгон 6,3 баллдык жер титирөөдөн кийин жүздөгөн адамдар каза болду деген божомолдор бар.

Байланыштар үзүлүп, көптөгөн жолдор жабылгандыктан, куткаруучуларга алыскы аймактарга жетүү кыйын болуп жатат.

Миңдеген адамдар жаракат алышты. БУУ жана башка уюмдар чукул керектелүүчү каражаттарды ыкчам жеткирүүнү башташты.

Жер титирөө ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00 (GMT 06:30) чамасында Герат шаарынан 40 чакырымдай алыстыкта болгон.

Үйлөрү ылайдан курулган жамааттар эң көп жабыр тарткан. “Биринчи жолу жер силкингенде эле бардык үйлөр урап калды”, - деди, үй-бүлөсү кыштактардын биринде жашаган Гераттын тургуну Башир Ахмад Франс Пресс агенттигине.

“Үйлөрүндө болгондор үй ичинде көмүлүп калышты. Такыр дайынсыз болуп жаткан үй-бүлөлөр бар”, - деп кошумчалады ал.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) кеминде 465 үй жараксыз абалга келгенин билдирди.

Айылдыктар урандылардын астынан аман калгандарды күрөк жана колдору менен алып чыгышты. Үйлөрү талкалангандыктан, көптөгөн тургундар түндө ачык жерде уктоого камынып жатышат.

Каза болгондордун так саны азырынча белгисиз. Талибан өкмөтү 2000ден ашуун киши өлдү деп билдирди.

Медициналык мекемелери жетишсиз болгон өлкөдө ооруканалар жараат алгандарды дарылоодо кыйналып жатышат.

"Окуядан жабыркагандарды дарылоо үчүн биз колубуздан келгендин баарын кылып жатабыз", - деди Кабулда журналисттерге табигый кырсыктарды жөгө салуу министрлигинин өкүлү молдо Жанан Сайек.

“Жабыркаган аймакта, жеринде издөө иштери уланууда”, - деп белгиледи ал.

Герат Иран чек арасынан 120 км чыгыш тарапта жайгашкан жана Афганистандын маданий борбору болуп эсептелет. Бул провинцияда болжол менен 1,9 миллион адам жашайт.

Афганистан жер титирөөлөргө тез-тез дуушар болот. Өзгөчө Гиндукуш тоо кыркалары тарапта зилзала көп катталат, анткени ал Евразия менен Индиянын тектоникалык плиталарынын кошулган жерине жакын жайгашкан.

Өткөн жылдын июнь айында Пактика провинциясында күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө миңден ашуун адамдын өмүрун алган, он миңдеген адамдар үй-жайсыз калган. (DO)