Фото: Айдалган манаптардын такталып бүтө элек тарыхы

Published

Элебай Турганбаев, тарыхчы

Бул сүрөттүн өзгөчө тарыхы бар. Анын түп нускасын сүрөттөгү айрым адамдардын урпактары азыркы күнгө чейин көзүнүн карегиндей сактап жүрүшөт. Бирок бул сүрөттөгү манаптардын аты-жөнү жана анын тартылган датасы али толук такталып бүтө элек.

Тарыхчы Элебай Турганбаев бүгүнкү блогунда бул фотонун таржымалын баяндап берет.

Бул сүрөттүн көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде да бар. Массалык маалымат каражаттарында да жарык көргөн.

Ортодо отурган карыя – Акылбек уулу Алымбектин небере-чөбөрөлөрү сактап жүргөн сүрөттө, 1929-ж. март айы деп көрсөтүлгөн, калган араб тамгасы менен жазылган сөздөр эскилигинен окулбай калган.

1926-ж. 4-5-июнунда, Кыргыз обкомунун 3-пленуму өтүп, анда Каракол-Нарын окружкомунун атынан чыккан докладчы, буга чейин Талас өрөөнүндөгү манаптар Кыргызстандын аймагынан сыртка айдалганын мисал кылып, бай-манаптардын мал-мүлкүн конфискациялап, өзүлөрүн сүргүнгө айдоону сунуштайт.

Аталган пленумдун көрсөтмөлөрүнө таянуу менен, 1927-ж. 29-июлунда ОГПУнун коллегиясынын Өзгөчө Кеңеши өз алдынча токтом бекитип, ага ылайык, жогорудагы сүрөттөгүлөрдүн баарын камакка алуу тууралуу буйрук чыгарат.

Алгач фотодогулардын аты-жөнүн тактап алалы.

Сүрөттөгүлөр кимдер?

Жерде, биринчи катарда отургандар, фотонун сол тарабынан оңго карай:

  • Абдулла (Абдылда) Мусин, 1886-ж. туулган. Каракол кантону, Жети-Өгүз болуштугу. Айрым маалыматтарда Абыла уулу Мусин деп берилет. Татар улутунан болушу мүмкүн.
  • Эсенгул Байгазы уулу, 1885-ж. туулган, сарыбагыш уруусунан, Нарын кантону, Нарын болуштугу.
  • Карыпбай Канат уулу, болжол менен 1878-ж. туулган, сарыбагыш уруусунан.
  • Рыскулбек Жанчар уулу (айрым маалыматтарда Чанчар уулу), 1881-ж. туулган, чүйлүк солто, Беловодск болуштугу.

Экинчи катарда отургандар, фотонун сол тарабынан оңго карай:

  • Мөкүш (Мухиддин) Шабдан уулу, 1875-ж. туулган, сарыбагыш уруусунун тынай уругунан, Чүй кантону, Чүй болуштугу.
  • Үсөн Шамыр уулу, 1872-ж. туулган, Каракол кантону, Барскоон болуштугунан, уругу азырынча белгисиз (айрым билдирүүлөрдө жаңылыш тынай деп берилет).
  • Алымбек Акылбек уулу, 1862-ж. туулган, солто уруусунан, Чүй кантонундагы Калинин болуштугунун Талкан айылы. Кээ кабарларда Бошкоев деп да көрсөтүлөт.
  • Самүдүн (Исамиддин) Шабдан уулу, 1876-ж. туулган, сарыбагыш уруусунун тынай уругунан.
  • Эркимбаев Маралбай, 1868-ж. туулган, коңурат уруусунан, Каракол кантону, Жети-Өгүз болуштугунан.

Үчүнчү катар, тургандар, фотонун сол тарабынан оңго карай:

  • Султанов Туңгучбай, 1892-ж. туулган, чүйлүк, Аламүдүн болуштугу.
  • Кемел Шабдан уулу, 1882-ж. туулган, сарыбагыш уруусунун тынай уругу.
  • Ашымбек Алымбеков (Гашымбек, Касимбек түрүндө да кезигет), 1890-ж. туулган, солто уруусунан. Акылбеков Алымбектин уулу.
  • Казы Чоко уулу (айрым документтерде Чакаев болушу мүмкүн), 1881-ж. туулган, Нарын кантону, Чеч-Дөбө болуштугу, сарыбагыш уруусунан.
  • Кашымбек Түмөнбай уулу, 1880-ж. туулган, түптүк теңизбай уругунан, Каракол кантону. Тилмеч.

Кезегинде булардын көбүнүн сөзү жерде калбаган, айтканы-айткан, дегени-деген – түндүк кыргыздын мыктылары эле. Бирок, 1916-ж. көтөрүлүштүн кесепетин жоюуга мүмкүнчүлүктөрү жетпей, жогору жактан жардам күтүп, алардын көзүн кароого мажбур болушкан.

Анткени, адегенде Кытайга качып, ал жерден тарткан оор кыйынчылыктардан кийин өз мекенине кайтууга аракет кылган жергиликтүү элди европалык переселенецтер курал менен тосуп алып, алардын артка кайтышына катуу каршылык көрсөтүшкөн. Башкача айтканда эртеңки келечеги али бүдөмүк болуп турганда, кыргыздын мыктылары элдин ишенимине кирип, колдоо табуунун жолун билишкен эмес. Ар ким өз жеринде гана кадыр-баркка ээ болгон.

Большевиктердин саясаты

Бийликке келген большевиктер болсо бул жерлерге мурунтан кимдер ээлик кылганын, кандай себептер менен европалык тургундар Түркстанга келип отурукташып калганын түшүндүрүүгө аракет жасашкан эмес. Буга мисалды Д. Фурмановдун “Козголоң” деген романындагы беловодскилик дыйкандардын кыргыздарга карата мамилеси ачык көрсөтөт: “...мен кыргыздарга жардам көрсөтүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтканымда, тынч турган турган эл жанданып, күүлдөп кирди:

- Кайдагы жардам! Жардам ар бирибизге керек...

- Малчы эмнени билсин? Кыргыз – малчы – малдан башканы билбейт. Силер күчкө салып, жер бергени жатасыңар. Балким аларга кереги жоктур? Силер бөлүштүргүңөр келет. Ошончо эле байлыгыңар ашып-ташып, бир нерсе бергиңер келип жатса, анда мал бергиле, алар жер иштете албайт”.

Ушинтип Д. Фурманов орус дыйкандарын көндүрө албайт.

Бул мисал большевиктердин түпкү максаты эмне экенине түшүнүгү жетпеген элдин түрдүү партия, топторду ээрчип кетүү себебин көрсөтөт. Анын үстүнө борбор тараптан тынымсыз жиберилген большевиктердин ар кандай ураан-чакырык, директивалардын мазмунунда чоң айырмачылыктар кезигип, жергиликтүү калктын башын ого бетер айландырган.

Кетирилип жаткан ушундай ж. б. катачылыктарды оңдоп, анын себептерин тактоо үчүн большевиктер 1926-ж. кышында ВКП (б) Борбордук контролдоо комиссиясынын атайын өкүлдөрү А. Х. Митрофанов жана Д. И. Ман­жа­раны Пишпекке жөнөтүшөт.

Бай-манаптарды республикадан айдоо жөнүндө

Кыргыз АССРнин партиялык уюмдарын текшерүүдөн кийин, алар чыгарган жыйынтыктардын негизинде, ошол эле жылдын 7-майында ВКП(б) БКнын “Кыргыз партуюмдарынын абалы жана иши жөнүндө” токтом кабыл алынат.

Жалпысынан анда бир нече пункт аркылуу партиялык жана советтик курулуштарга тоскоолдук кылып жаткан объективдүү өзгөчөлүктөр белгиленген.

Ал эми экинчи жана үчүнчү пунктунда жергиликтүү калктын европалыктарга (орус) каршы жасаган агрессиялык мамиленин себептерин аныктоо менен катар төртүнчү пунктунда “орто дыйкандарды жана жарды-жалчыларды алиге чейин феодал-манап, бай-кулактар эзип жатканы” баса көрсөтүлөт.

Бул маселе Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу сьездинде да каралып, 1927-ж. 7-мартында “Бай-манаптарды республикадан айдоо жөнүндө” атайын токтом кабыл алынган.

1927-ж. 13-марттагы ОГПУнун жашыруун билдирүүсүндө Чүй кантонундагы Калинин болуштугунун Талкан айылында 2 манап – Акылбеков Алымбек жана Алымбеков Ашымбек болуп, болуштукта алар өтө таасирлүү экени жана алардын ээлигинде 740 кой, 230 жылкы, 88 ири мүйүздүү мал болгону айтылат.

Бай-манаптардын сүргүнгө айдалышы

1926-ж. 4-5-июнунда, ВКП(б) БКнын 7-майдагы токтомунун негизинде, Кыргыз обкомунун 3-пленуму өтүп, анда Каракол-Нарын окружкомунун атынан чыккан докладчы, буга чейин Талас өрөөнүндөгү манаптар Кудайберген Алиев (Кызылбаш) менен Кудайберген Чаловду (Карабаш) Кыргызстандын аймагынан сыртка айдалганын мисал кылып, бай-манаптардын мал-мүлкүн конфискациялап, өзүлөрүн сүргүнгө айдоону сунуштайт.

Аталган пленумдун көрсөтмөлөрүнө таянуу менен, 1927-ж. 29-июлунда ОГПУнун коллегиясынын Өзгөчө Кеңеши өз алдынча токтом бекитип, ага ылайык, жогорудагы сүрөттөгүлөрдүн баарын камакка алуу тууралуу буйрук чыгарат.

Ошол эле жылы, Каракол жана Нарын кантонундагы бай-манаптарды Рыбачьеге чогултушкан.

Сүрөттөгүлөрдөн тышкары алардын арасында Нарын кантонуна караштуу Загорная болуштугунан 1869-ж. туулган Максымов Биялы, Сарпеков Түркмөн (1854), Дыйканбаев Мырзабек (1861), Чок-Тал болуштугунан Тынымов Атантайлар (1883) болушкан.

Булар кадимкидей эле үй-бүлөсүн, оокат-жайын алып, өз унаалары менен көчүп барышкан.

Казы манаптын таасири

Ошо кездеги манаптардын таасирин Казы Чоко уулу көчүп келаткандагы кызыктуу окуя аркылуу аңдаса болот. Ал Кочкорго кеч келип, туугандары борукчу, надырбектин (сарыбагыш уруусун уруктары) ичиндеги бир бай адам отурган жерге жакын үйүн тиктирет. Эртең менен туруп караса, баягы байдын үйү жок, түнү менен көчө качкан болот.

Казы ачууланып турса, ошол жердеги аттуу-баштуулар өрүлүктөп келип калышат. Ошондо Казы: “Жыланды үч кессе да, кескелдирикче алы бар. Аягымды Кеңеш тушаганы менен, колум дале бош. Көчө качкан байыңарды кайтаргыла”, - деп, аны алдына түшүрөт.

Рыбачьеге чогулганда, Казы: “Бугу эли мыкты экен, арасында атка минерлерден бири жок, жалаң көпөс менен букараларын айдатыптыр”, - деп баа берет.

Сүргүндөгү манаптар

Кийин буларды Пишпекке алып келип, жогорку сүрөттөгү чүйлүктөрдү, алардан тышкары Калинин болуштугунан Жанчаров (Чанчаров) Жумабай (1861), Аламүдүн болуштугунан Молтоев Рахмат (1848), Өзбеков Абдулланы (1861) кошушат.

1928-ж. аягына чейин аларды тизмелеп, тактоо иштери жүргүзүлүп, 13-ноябрь 1928-ж. буларды (болжол менен бардыгы 30-35 үй-бүлө) Кыргызстандан алыс жерлерге көчүрүү тууралуу чечим чыгып, Казак АССРиндеги Бөкөй уездинин (Урал губерниясы) борбору болгон Орду кыштагына үч жылга айдалышат.

1929-ж. буларга нарындык Баатаев Касымбек (1848) кошулат. Касымбек Казы Чоко уулунун кайынатасы болгон.

“Алда кандай күн болот, бөтөн эл, алыс жер” – деп, айдалгандар кеңешип, “бизди эми Чоконун уулу Казы билсин” деген чечимге келишет дагы, болгон акчаларын чогултуп, анын колуна карматышат.

Кайда көчүрүлө турганы күн мурунтан белгилүү болуп калгандыктан, Абдылда Мусин ошол жерден беш-алты бөлмөлүү үй сатып алып коет. Казы: “чарык жип сатып жүргөн кишиден эмне пайда деп жүрсөк, кептин баары сенде жаткан турбайбы”, - деп ага ыраазы болот.

Калгандары айыл четине үйлөрүн тигип, конуш алышат. Ошондо “кыргыздын аттуу-баштуу манаптары келиптир” дешип, тегеректеги казактар өрүлүктөй башташат.

Казы келген казактарды жакшылап күтүп: “Илгери атам Чоко Иледен ары сүргүнгө айдалып, ошол жактан бир казактын кызына үйлөндү эле, казактар мага таяке болуп калдыңар”, - деп болгон акчасынын баарын келген казактарга кармата берет.

Жанындагылар: “Бул кудай урган Казы, айылдагы адатын карматты. Эми эмне кылып оокат кылабыз?”, - деп чочулап калышат.

Аңгыча казактар, “бизге кыргыздын жөн кишилери келбептир, өзүлөрү айдалып келсе дагы сыйы бизден ашып кетти” дешип, бээ жетелеп, кой айдап, козу өңөрүп келе башташат. Кыска убакытта эле баягы акчадан он эсе көп мал күтүшөт. Абдылда кышкысын бозо тарттырат, анысы казактарга аябай жагыптыр. 

Казы ошол жакта каза болот.

Жалгыз Акылбеков Алымбекке Казакстан жана Орто Азиянын 6 пунктунда турууга тыюу салынып, жашоого башка жерди таңдап улуу “эркиндиги” берилет. Акырында ал Россиянын Пенза ш. турууга уруксат алат. 1930-ж. кайтыш болуп, сөөгүн уулу Ашымбек барып көөмп келген.

Калгандары Кыргызстанга кайтып келип, кийинчерээк көз жумушат.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.