You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусия Полтавадагы окуу жайга ракета менен сокку уруп, кеминде 50 киши курман болду
Орусиянын аскерлери 3-сентябрда Украин күчтөрүнүн Полтавадагы окуу борборуна сокку урду. Украинанын башкы прокурорунун офиси 51 киши көз жумуп, кеминде 270 киши жарадар болгонун билдирди. Эки баллистикалык ракета менен чабуул жасалганын украинанын Коргоо министрлиги билдирди.
"Окуу жайдын аймагына жана ага жанаша жайгашкан ооруканага да тийди. Байланыш институтунун бир имаратынын кээ бир жери кыйрады. Кишилер урандылардын алдында калды. Көбүн куткарып калууга мүмкүн болду. 180ден ашуун киши жаракат алды. Тилекке каршы курман болгондор көп", - деп билдирди Украинанын президенти Владимир Зеленский (телеграм каналындагы цитата).
Орусия тарап сокку тууралуу комментарий берген жок. Би-Би-Си курмандыктар боюнча маалыматты өз алдынча тастыктай албайт. Ракета менен Полтавага сокку жана ондогон курмандыктар тууралуу орусиянын аскер темасын чагылдырган блогерлери жазып жатат.
Украинанын Коргоо министрлиги орусия тарап баллистикалык эки ракета колдонгонун билдирүүдө.
"Айгай салган эскертүү менен кыргын салган ракетанын учуп келген убакытысынын аралыгы абдан эле чукул болду. Кишилерди бомбадан калкалоочу жайды көздөй эвакуациялап жаткан учурга туш келди",- деп жазылган министрликтин расмий билдирүүсүндө.
"Суспільне" басылмасы Байланыш институнун имаратынын биринин ар кайсы тарабы кыйраганын жазды.
Орусиянын аскер темасын чагылдырган блогерлеринин телеграм-каналдары, сокку 179- аскер байланыш окуу борборуна туш келгенин жазып жатышат.
179-аскер байланыш институту жоюлуп кеткен Полтавадагы жогорку аскердик окуу жайынын аймагында жайгашканын Би-Би-Синин Украин кызматы жазды.
"Эмне болуп кеткенин толук жана ыкчам иликтеп чыккыла деп тапшырдым",- деп билдирди Зеленский.
Көп кишилер урандылардын алдында калган. Куткаруучулар жана медиктер 25 кишини сактап калышты. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрилиги жана Ички иштер министрилиги билдирди.
Куткаруу иштери уланууда
Ракета тийген жерге жакын аймакта калктуу конуш жайгашкан.
"Жарылуунун толкуну көп кабаттуу үйлөрдүн терезелерин күбүп түштү. Сырткы жасалгалары бузулду. Мүлктөрүнө ар кандай зыян келгенин билдирип, жүзгө жакын кишиден арыз түштү",- деп билдирди Украинанын Ички иштер министри Игорь Клименко.
CNN жана AP бул согуш башталгандан бери карай эң эле кыйратуучу жеке чабуул болуп калганын жазып жатышат. Полтава облусунда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Сокку кандайча болду?
Саат 09:10 чамасында шаарда эки ирет жарылуу болгонун жергиликтүүлөр угушкан. Бул тууралуу "Суспільне Полтава" билдирди. Анын алдында эле Украин аскер күчтөрүнүн телеграм-каналы Полтава багытын көздөй учкан ракета тууралуу кабарлаган.
Би-Би-Синин аналитиги Крис Партриж белгилегендей, Полтавага чабуулда 500 км аралыкка чейин сокку ура турган "Искендер-М" комплекси пайдаланылышы мүмкүн. Түндө Крымдан "Искендер" коё берилгенин украин аскер күчтөрү билдиришкен.
Ракета 700 килограммга чейинки касеталык же жарылуучу бөлүктү алып жүрө алат. 10 метрден 30 метрге чейинки тактыкка тиет жана кыйла эле кыйратуучу күчкө ээ деп жазды Партриж.
Жогорку Раданын улуттук коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Марьяна Безуглая Полтавада жаман иш болгону тууралуу кыйытты. Ал ошону менен катар эле, анын кебине караганда, 2023-жылдын ноябрында Заречныйда катарга тизилген аскерлерге урулган соккуну эске салып, командачылык андан эч кандай сабак албаганы тууралуу жазды.
Аскер журналисти Юрий Бутусов дагы көп кишинин өлүмүн Украин күчтөрүнүн командирлеринин иш аракети менен байланыштырды.
"Массалык жыйындар уланып жатканы таң калыштуу эмес. Эч кандай жоопкерчилик жок, талдоо жок жана каталар. Бийлик сабак албай мындай көрунүштөр уланууда, курмандыктар көбөйүүдө",- деп эсептейт журналист.
Кийинчерээк Украинанын Коргоо министрлиги, сокку урулган учурда катарга тизүү болгон эмес, окуу иштери уланып жаткан деп билдирди.
Украинанын жөө аскерлер түзүмү, Полтавага жасалган чабуулдан кийин аскердик обьекттерде өздүк курамдын коопсуздугу күчөтүлөт деп билдирди.