Дубай аэропортунун башчысы: вакцина паспортуна альтернатива жок

Published

Дүйнөдөгү эң чоң аэропорттордун биринин башчысы коронавирус пандемиясынан кийин жашоонун мурдагы нугуна кайтып баруу үчүн чет өлкөлүк жүргүнчүлөргө вакцина паспорттору зарыл экенин белгиледи.

Пол Гриффит Би-Би-Сиге берген маегинде, вакцина паспортуна альтернатива жок экенин айтты.

“Вакцина паспорту жана ага байланыштуу талаштар маселе жараткан жок. Өтө чабал уюштурулган жапырт эмдөө жараяны маселе жаратууда”,-деди Гриффит.

Дүйнөдө эмдөө тууралуу документ киргизүү боюнча талкуулар күчөдү. Мындай документти саякатка, сапарга чыккандарга милдеттүү берип, чек арадан өтүшүнө тоскоолдук жаратпаш керек дегендер бар.

Эмдөө паспорту пандемия учурунда эң катуу жабыр тарткан туризм тармагын жандандырышы мүмкүн деген пикирлер үстөмдүк кылат. Экономикасы туризмге байланган бир катар мамлекеттер коронавирус пандемиясынан улам кыйынчылыкка туш болду. Мисалы, Грецияда ар бир бешинчи киши туризм тармагында иштейт. Бул өлкөдө туризм тармагындагы кирешенин азайышы 80 пайыздын тегерегинде болду. Ал эми Дубай аркылуу учкан жүргүнчүлөрдүн саны 70 пайызга кыскарды.

Бирок бул идеяга каршы чыгып жаткандар дагы жок эмес. Алар чет өлкөгө баруу үчүн милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүү эрежеси киргизилип калат дешүүдө. Эл аралык мыйзамдарга ылайык, жаран эмдөөдөн ыктыярдуу түрдө гана өтөт, ага вакцинаны милдеттендирсе болбойт.

Деген менен эмдөө паспорту дүйнөдө көп жылдан бери эле колдонулуп келүүдө. Саякатчылар азыркы маалда холерага, кызамыкка, безгек сыяктуу бир катар илдеттерге атайын сертификат алышат. Эмдөө паспортуна байланыштуу дагы бир кооптонуу - купуя маалыматтар ачыкка чыгып кетиши мүмкүн деген чочулоо.