Коронавирустун дагы бир жаңы түрү аныкталды

Published

Британиянын окумуштуулары коронавирустун дагы бир жаңы түрүн аныкташты. Вирустун мутацияланган түрү Түштүк Африкада аныкталган штаммга окшош экени айтылууда.

Эдинбург университетинин окумуштуулар Британияда вирустун B.1.525 аттуу жаңы түрүн жуктурган 74 бейтапты аныкташты. Бирок жаңы штамм Дания, Нигерия жана АКШга чейин жеткен экен.

Окумуштуулар вирустун жаңы түрү канчалык кооптуу экенин так айтуу азырынча эрте экенин белгилешүүдө. Бирок изилдөөчүлөр B.1.525 мурдагы коронавирустарга салыштырганда бир топ өзгөрүүлөр болгонун байкашкан.

Алардын арасында E484K аттуу өзгөрүү бар. Вирустагы мындай өзгөрүү Бразилия менен Түштүк Африкада катталган жана ал вируска адамдын иммундук системасын айланып өтүүгө жол ачат. Ошондой эле жаңы штаммдагы өзгөрүүлөр вирустун тез жайылуу ыктымалдуулугун жогорулатат.

Кембриж университетинин профессору Рави Гупта лабораторияда E484K вирустагы өзгөрүүнү изилдөөдө. Ал вирустун мындай мутацияланганы вакцинанын натыйжалуулугуна коркунуч жаратышы ыктымал экенин белгилейт.

Окумуштуулар эмитен эле коронавирустун мутацияланган түрүнө туруштук бере алгыдай вакцинанын үстүнөн иштеп жатат.

“Вирустун улам жаңы түрү пайда болуп жатат. Ошондуктан ар бирине көз салып турабыз. Себеби алар кандай коркунуч жаратышы мүмкүн экенин билбейбиз”,-дейт профессор Гупта.

Британиядагы жаңы изилдөө

Ал ортодо Британиянын окумуштуулары коронавирусту ден-соолугу бекем жаш ыктыярчыларга атайын жуктуруп, вирусту дарылоо жолдорун карашат.

Алгач этикалык көйгөйлөрдөн улам изилдөөгө уруксат берилбейт деп айтылган. Бирок өлкөнүн дары-дармекти тескеген мекемеси урукса бергенден кийин, окумуштуулар алдыдагы апталарда 18-30 жаштагы 90 ыктыярчыга көзөмөл алдында вирусту жуктурат. Медицина кызматкерлери ыктыярчыларга көз салып турат.

Адамга жасалган изилдөөлөр кооптуу деп саналганы менен, безгек же холера сыяктуу илдеттерге вакцина иштеп чыгууга жол ачкан. Окумуштуулар вируска кабылган адамдын организми кандай реакция кыларын, андан кийин бейтапты дарылоо ыкмалары жана вакцинанын натыйжалуулугун текшерет.

Сынчылар коронавируска каршы вакцина натыйжалуу экени белгилүү болгондон кийин кооптуу деп саналган изилдөө керекпи деген суроо жолдошууда. Бирок изилдөөнү колдогон окумуштуулар бул аркылуу иммундук системанын алгачкы коргонуу аракети жана эмнеге айрым бейтаптарда оору симптомсуз өтүп жатканы боюнча суроолорго жооп табыларын айтышууда.