You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Англия метеорити: Жер планетасына суу тышкарыдан келгенби?
2021-жылдын февралында Глостершир графтыгындагы Винчкомб шаарчасынын айланасына метеорит түшкөн соң, жергиликтүү тургундар айланадагы талаалардан, өз бакчаларынан жана жолдон карарып кеткен таш сыныктарын таба башташты.
2021-жылдын февралында Улуу Британиянын Глостершир графтыгындагы Винчкомб (Winchcombe) шаарчасынын үстүндө кечки асманды чоң от тобу жарык кылган окуядан кийин жергиликтүү тургундар тарабынан жалпысынан жарым килограммдан ашык карарган таш сыныктар чогултулуп, окумуштууларга тапшырылып берилди. Табылгалар Лондондогу Жаратылыш тарыхы музейи (NHM) тарабынан кылдаттык менен каталогго киргизилип, андан ары изилдөө үчүн дүйнө жүзүндөгү ар кыл лабораторияларга жөнөтүлдү.
Бул метеориттин чоо-жайынан бери камтылган анализдин алгачкы жыйынтыктарын жаңы эле шардана кылган илимпоздордун айтымында, аларга бул табылга укмуштуудай кызыктуу маалыматты ачыктады.
Көрсө, Жер планетасында кандай суу бар болсо, так ошондой затты алиги метеорит өзүндө камтып жүргөн экен. Бул маалымат жашоону пайда кылган өзөккү химиялык заттар биздин планетабызга миллиарддаган жылдар мурда космостон алынып келинген деген теорияны тастыктоого огожо болот.
Айрым окумуштуулардын пикирине караганда, Жер планетасы жаңыдан жаралган кезинде ушунчалык ысык болгондуктан, ал өзүнүн бууланып учуучу кошулмаларынын көпчүлүгүнөн, анын ичинде суудан да арылууга тийиш эле.
Ал эми бүгүнкү күндө Жердин бетинин 70%га жакынын мухиттер каптап жатканын эске алсак, анда бул суунун бардык көлөмүн планетабыз кийинчерээк алышы керек болчу.
Ал муз камтылган кометалар тарабынан соккуга алынгандыр деген жоромол айтылып келет. Бирок алардын химиялык курамы бүгүнкү күндөгү Жер бетиндеги суунукунан кыйла айырмаланган, деп саналчу.
Бирок бул сыяктуу ролду аркалоого Винчкомб метеорити сыяктуу метеориттер (илимий сөз менен айтканда, көмүртектүү хондриттер) абдан ылайыктуу келишет. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, суу бул метеориттин салмагынын 11%га чейинки көлөмүн түзгөн жана суутек атомдорунун ар кандай түрлөрүнүн катышы боюнча ал Жер планетасындагы суудан дээрлик айырмаланбайт.
Анын үстүнө, кошумчалай кетсек, бул метеорит Жерге кулап түшкөндөн кийин 12 сааттан аз убакыт ичинде анын сыныктарынын чогултулуп алынгандыгы анын жер үстүндөгү сууну же башка жергиликтүү элементтерди сиңирүүгө дээрлик үлгүрбөгөндүгүн, демек, метеорит өз курамындагы нерселердин бардыгын космостон алып келгендигин айгинелеп турат.
"Башка метеориттердин баары тең жер кыртышындагы чөйрөдө тигил же бул жол менен булганууга дуушарланган, бирок Винчкомб метеоритинин сыныктары өтө кыска убакыт ичинде жыйналып алынгандыгынын аркасында көзгө басар табылга болуп саналат, – деп изилдөөнүн авторлорунун бири, Жаратылыш тарыхы музейинин кызматкери, доктор Эшли Кинг түшүндүрдү. – Демек, эгер сиз астероиддерден космостук зонддор аркылуу түздөн-түз алынган үлгүлөрдү эске албасаңыз, анда биздин колубузга эң сонун, телегейи тегиз үлгү тийди".
Метеориттин көмүртектүү жана азотту камтыган органикалык компоненттерин, анын ичинде аминокислоталарды изилдеген адистер бирдиктүү жыйынтыкка келишти: Жер бетинде жашоонун пайдубалынын туңгуч ташын коюу үчүн дал ушундай химиялык заттар курамы зарыл болмок болчу.
Космостук келгиндин оттуу жолу
Бирок бул көзгө басар метеорит кайсы тараптан учуп келди экен? Изилдөөнүн авторлору бул өңүттү да аныкташкан. Винчкомб шаарчасындагы имараттын сыртын видеого тарткан камералар тарабынан тартылган оттуу куйруктун сүрөттөрү өзгөчө изилденип, метеориттин учуу траекториясын эсептөөгө мүмкүндүк берди. Бул траектория изилдөөчүлөрдү Марс менен Юпитердин ортосундагы астероиддердин тышкы куруна жетелеп келди.
Андан аркы кылдат эсептөөлөр көрсөткөндөй, метеорит, сыягы, түпкү тулку болгон кайсы бир астероидден ага урунган кандайдыр бир космостук заттын соккусунун айынан кетилип, чет жакка бөлүнгөн. Мындай кубаттуу соккунун натыйжасында жаралган космостук объект андан ары Жерди көздөй бет алган. Жер бетине келип урунуу үчүн бул метеоритке 200-300 миң жылдай убакыт талап кылынган.
"200,000 – 300,000 жыл бизге абдан узак убакыт сыяктуу угулат, бирок геология илиминин көз карашынан алганда, бул – тек гана бир көз ирмем", – дейт Жаратылыш тарыхы музейинин илимий кызматкери, доктор Хелена Бейтс.
Окумуштуулардын бактысына, Винчкомб метеорити бизге өз убагында (биз изилдей алчу жөндөмгө ээ болгон мезгилде) жете алды жана бизди жаңы илимий саамалыктар менен кубандырышы күтүлүп жатат: жакынкы келечекте көзгө басар метеоритти изилдөөгө арналган ондогон жаңы эмгектер басмага даярдалмакчы.
Соңку заманбап изилдөөнүн авторлорунун бири, Глазго университетинин өкүлү, доктор Люк Дейли:
"Биз космос мейкиндигинен келген бул объектти изилдөө биздин Күн системабыздын келип чыгышынын бир далай жаңы сырларын ачып берээрин, бул иликтөөлөр узак жылдар бою ырааттуу улантыла тургандыгын өз бөркүбүздөй эле көрүп турабыз", – деп Би-Би-Сиге билдирди. (TT)