Орусиянын ири соккулары Киевдин бир катар райондорун электр жарыгысыз калтырды

Украина

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Гарри Секулич
    • Role, Би-Би-Си
  • Published
  • Окуу убактысы: 1 мүнөт

Орусия ракеталарынын жана дрондорунун түнкү соккуларынан Украинанын борбору Киевдин көптөгөн райондорунда электр энергиясы өчтү. Шаар мэри Виталий Кличконун айтымында, тогуз адам жаракат алып, шаардын чыгышындагы райондор караңгылыкка чөмүлүп, суу жеткирүү системалары да үзгүлтүккө учурады.

Ошол эле маалда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Запорожье облусунда болгон өзүнчө дрондук чабуул маалында жети жаштагы бала каза болгонун аймактын жетекчиси билдирди.

Соңку апталарда Москва Украинанын энергетикалык инфраструктурасына чабуулдарын күчөттү. Президент Володимир Зеленский союздаштардан Орусияга басым жасоо үчүн "реалдуу кадамдарга" өтүүнү суранды.

"Бизге эл көзүнө жасалган аракеттер эмес, чыныгы чечкиндүү кадамдар керек. АКШ, Европа жана G7 өлкөлөрү абадан коргонуу системаларын берип, санкциялардын аткарылышын камсыздоого олуттуу мамиле кылышы зарыл",-деп жазды ал X социалдык тармагындагы баракчасына.

Зеленский билдиргендей, 450 дрон жана 30дан ашуун ракета Украинанын энергетикалык инфраструктурасына багытталган. Ал муну "суук түшкөн маалда элдин кадимки жашоосун камсыз кылган нерселерге каршы алдын ала пландалган сокку" деп сыпаттады.

Украинанын энергетика министри Светлана Гринчук Орусия ири масштабдагы сокку уруп жатканын билдирип, оңдоо бригадалары электр энергиясын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Ракеталык жана дрон чабуулдары Киевдеги энергетикалык объектилерге жана турак үйлөргө зыян келтирди. Шаар мэри Виталий Кличконун айтымында, жаракат алган тогуз кишинин бешөө ооруканага жеткирилди.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы он кабаттуу үйдөгү өрттү өчүрүп жаткан өрт өчүрүүчүлөрдүн сүрөттөрүн жарыялады.

Украина

Сүрөттүн булагы, Reuters

Запорожье облусунун башчысы Иван Федоров түн ичинде шаарга олуттуу чабуул жасалганын айтты. Кесепетинен жети жаштагы бала каза болуп, дагы үч адам жаракат алган.

Бул чабуулдар аймакта мурунку түндөрү болгон аба соккуларынын уландысы экени айтылды. Аймактын айрым бөлүктөрү азыр да Орусиянын көзөмөлүндө.

Украинанын бардык аймактары гиперүндүү, өз убагында байкап, атып түшүрүү абдан кыйын болгон "Кинжал" ракеталарынын чабуулуна даяр турат.

Зеленский бейшемби күнү журналисттерге, Орусия атайылап өлкөнүн энергетикалык системасын талкалоого аракет кылып жатканын, чабуулдар газ инфраструктурасына да таасир тийгизип жатканын айтты.

Ал энергетиктер менен бийлик органдары жаңы чабуулдарга даярданып жатканын кошумчалады.