You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жапония: шаар тургундары мечиттин курулушуна каршы
- Author, Куруми Мори
- Role, Токиодогу кабарчы, Фудзисава
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Бүгүн бул жерди чөп басып турат. Бирок жакын арада бул жерде Фудзисавадагы биринчи мечиттин курулушу башталат.
"Ушундан кийин биздин жамаатыбыз кантип өзгөрүшү мүмкүн деген суроо мени тынчсыздандырууда", - дейт шаардын тургуну Норико Изумизава.
Токиодон түштүккө карай бир сааттык аралыкта жайгашкан, деңиздин боюндагы Фудзисава шаарында мечитти куруу пландары калаа тургундарынын арасында ар кандай эмоцияларды жаратты.
Шаар тургундары ачууланып жатканын да, коркконун да байкоого болот, ошондой эле аларда үмүт жана моюн сунуу да бар. Калкынын саны азайып, картайып бараткандыктан Жапонияда жумушчу күчү тартыш болууда, ошол себептен иммиграция жана социалдык өзгөрүүлөр маселеси өлкөдө күн тартибинде турган көйгөйлөрдүн катарына кирет.
Жапониянын миграциялык саясаты чектөөчү бойдон калганына карабастан, өлкө бош орундарды толтуруу үчүн барган сайын көбүрөөк чет элдик жумушчуларга таянууда. Бул өз кезегинде маданияты, тили, дини жана жашоо калыбы ар башкача болгон мигранттардын агымы келатат дегенди билдирет.
Изумизава – мусулман жамаатынын катары калыңдап жатканына тынчсызданган Фудзисаванын тургундарынын бири. Анын айтымында, АКШ менен Европада миграция маселесине байланышкан курч талаш-тартыштар да тынчсызданууну күчөтүп жатат.
Ушул жылдын башында жергиликтүү темир жол бекетинде мечиттин курулушуна каршы митингдер өткөн. Мечит курулчу жердин жанында синтоисттик ибадаткана бар, бирок мечиттин көлөмү андан кыйла чоң болмокчу, муну айрымдар сыйлабастык катары баалашууда.
Ошондой эле жапон социалдык тармактарында кастык тили жана жалган маалыматтар жайылып жатканы тууралуу маалыматтар да түшүүдө. Жергиликтүү маалымат каражаттары мечитке белгисиз адамдар телефон чалып, кемсинткен сөздөрдү айтып, электрондук каттарды да жиберип жатышканын жазышууда.
Фудзисавада мечит курула турган көчөнүн бет маңдайында жайгашкан кофекананын ээси Хироки Сузука өз ара тил табышууга жана диалогго чакырды.
"Мен мечиттин курулушуна анчалык деле каршы эмесмин, бирок толугу менен колдойм деп да айта албайм. Биринчи кезекте алар жөнүндө маалымат алышыбыз керек деп эсептейм: ислам деген эмне, алар кандай адамдар, баалуулуктары жана көз караштары кандай? Бири-бирибизди түшүнүүгө каалоо болушу керек", - деди Сузука.
Жапониядагы мусулмандардын жашоосу
Ишкер Мухамед Мохидин Осакада 39 жылдан бери жашайт. Ал 1987-жылы жакшы жумуш издеп, Шри-Ланкадан Жапонияга көчүп келген.
Мухамед Мохидин башында асыл таштарды сатуу менен алектенген, кийинчерээк Шри-Ланка жана Пакистан сыяктуу өлкөлөргө эски автоунааларды экспорттоого өткөн.
Мохиди чет өлкөлүктөр азыраак кезде көчүп келген экен.
Бирок Мохидиндин пикиринде, ошол мезгилге салыштырмалуу учурда жергиликтүүлөрдүн көбү кастык маанайда жана интернетте да, бетме-бет сүйлөшкөндө да мусулмандардын дарегине кемсинтүүчү сөздөрдү айта башташты.
"Социалдык тармактарда "Жапониядан кет", "Өз өлкөңө кайт" сыяктуу пикирлер өтө көп жазылууда, - деди Мохидин. – Адамдар мечитке да келип, орой сөздөрдү айтышууда".
Мохидин жергиликтүү ислам жамаатынын мүчөсү катары намазга жыгылып, башка милдеттерин аткаруу үчүн күн сайын Осакадагы мечитке барып турат. Ал өзүн дайыма коопсуздукта сезип келгенин айтат.
Көп жыл бою кошуналары менен жакшы мамиледе болгонуна карабастан, Мохидин акыркы убакта мусулмандарга карата мамиле өзгөргөнүн байкады.
"Азыр адамдар бизден коркуп жатканын сезе баштадым".
Акыркы жылдары айыптоолор да күч алды. Мохидин жергиликтүү тургундар мусулман жамаатынын мүчөлөрүн террорчулар деп атап, бомба жасоого айыптап, Жапониядан чыгып кетүүгө үндөп жатышканын белгиледи.
"Мындай кырдаалда биздин жалгыз амалыбыз – сабырдуулук. Алар жаңжал чыгарууга же тирешүүгө аракет кылышууда. Биздин сабырыбызды сынап жатышат", - деди Мохидин.
"Ошондуктан биз сабырдуу болуп, жумшак сүйлөп, аларга жакшы мамиле жасайбыз, себеби жапондор ислам жөнүндө көп билишпейт да".
Ошентсе да, Мохидин бул тиреш үчүн жоопкерчиликти мусулмандарга да жүктөйт.
"Көңүлүбүздүн баарын жумушка буруп, узак убакыт бою адамдарга ким экенибизди түшүнүүгө жардам берүү үчүн жетиштүү күч жумшаган жокпуз. Биз коомдун бир бөлүгү болуу үчүн жетиштүү иш жасай албадык", - деди ал.
"Мындан ары диалогду кеңейтүүгө жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө көбүрөөк күч-аракет жумшагым келет".
Алтымыш бир жаштагы Шакил Мухамед акыркы он жылдан бери Сайтама префектурасындагы Яшио шаарындагы мечитте иштеп келет. Ал Пакистандан Жапонияга көчүп келгенден кийин 26 жыл бою курулуш аянтчаларында прораб болуп иштеген жана жапон тилинде эркин сүйлөйт.
Мухамед эң негизгиси жапон эрежелерин бузбай, анын ичинде таштандыларды туура сорттоп, автоунааны токтотуу эрежелерин сактап, велосипед тепкенде каска кийиш керектигин белгиледи.
"Биз жапон каада-салттарын сыйлап, эрежелерди сактоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Сылык болуу да маанилүү, ал тургай адамдар менен саламдашуунун да өзүнүн эрежелери бар".
Мухамед Яшионун тургундары бул райондогу пакистандык жамаатты "Яшио-стан" деп аташарын айтты.
"Албетте, өзүн туура эмес алып жүргөн пакистандыктар да бар, бирок андайлар аз. Жапондор жөнүндө да ушуну айтууга болот".
Аргасыз берилген уруксат
Ушул тапта Жапония масштабдуу демографиялык өзгөрүүлөрдүн шарттарында өз иденттүүлүгү үчүн күрөшүүдө.
Жапониядагы Васеда университетинде динди изилдөө менен алектенген ардактуу профессор Хирофуми Танаданын маалыматы боюнча, чет элдиктерди жана ислам динин карманган жапондорду кошо алганда өлкөдөгү мусулмандардын саны 2024-жылдын аягында болжол менен 420 миң адамды түзгөн, ал эми 2019-жылы мусулмандардын саны 230 миң болчу.
Өлкөдө мусулмандардын санынын көбөйүшү жалпы улуттук тенденцияны да чагылдырууда. Негизинен Кытайдан, Вьетнамдан, Түштүк Кореядан жана Филиппинден келген чет элдик резиденттердин саны 2025-жылы төрт миллиондон ашкан. Өкмөттүн маалыматы боюнча, алардын 2,57 миллиону Жапонияда иштейт. Ошол эле жылы Жапониянын калкы дээрлик 1 миллион адамга азайган.
Бийлик өкүлдөрү көптөн бери өлкөнү иммиграциялык деп айтуудан карманып келгени менен, акыркы маалда убактылуу жашоого уруксат берген визаларды көбүрөөк бере баштады. Сынчылар муну "жашыруун" иммиграциялык система катары баалашууда.
Анткен менен мындай кырдаалда да премьер-министр Санаэ Такаити кеңири иммиграцияга карата өтө консервативдүү позицияны ээледи. 2026-жылдын июнь айында жапон өкмөтү чет элдик жарандар үчүн виза жыйымдарын беш эсе көтөрүү тууралуу чечим кабыл алган. Визалык жыйымдардын баасы дээрлик 50 жылдан бери өзгөрбөй келген болчу.
Учурда өкмөт өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө каршы күрөшүү чараларын күчөтүү максатында Иммиграциялык кызмат көрсөтүүлөр агенттигинин штатын болжол менен 230 адамга көбөйтүүнү пландаштырууда. Мындан тышкары, бийлик өлкөдөгү чет элдик резиденттердин санына чектөө киргизиши да мүмкүн.
Мигранттардын катары калыңдаган сайын өлкө көптөн бери козгобой келген суроо күн тартибине чыгууда: Жапония абдан баалаган иденттүүлүк жана биримдик сезимин сактап калып, ошол эле маалда көп түрдүү өлкө боло алабы? (ZMa)