"Жапон элинин сезимдерин мазактайт". Путин Курил аралдарына биринчи жолу барып, Токионун кескин нааразылыгын жаратты

    • Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Орусиянын президенти Владимир Путин Курил аралдарына биринчи жолу барды. Аралдардын кимге таандыктыгын талашып келген Жапония буга байланыштуу Орусияга нааразылык билдирди. Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаити Путиндин сапары Жапониянын Орусияга болгон мамилесин начарлатканын айтты.

Путин Жапония ээлик кылууга укугубуз бар деп эсептеген Итуруп аралына барды. Ал арал Курил аралдарынын Чоң кырка тоосунун эң четинде, Жапониянын Хоккайдо аралына жакын жайгашкан.

Орусиянын президенти "Ясный" балык иштетүүчү заводунда да болду. Ал жерде ага икранын бир нече түрү тартууланды. Путинди коштоп жүргөн Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренко Сахалиндин жана Курил аралдарынын жээктерине ири тунецтердин рекорддук санда жакындаганын айтып берди. "Путин чоң балыктарды көрүп чыкты" деп жазды Vostok.Today.

Бул - Орусиянын мамлекет башчысынын акыркы 16 жылда Курил аралдарына жасаган биринчи сапары. 2010-жылы Итуруп аралына ошол кездеги Орусиянын президенти Дмитрий Медведев барган.

Дмитрий Медведев Курил аралдарында төрт жолу болгон: 2010-жылы Орусиянын президенти катары, ал эми 2012, 2015 жана 2019-жылдары премьер-министр катары. 2021-жылы Итуруп аралына Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин барган.

Путин болсо Курил аралдарына биринчи жолу барганын ТАСС агенттиги баса белгиледи.

Токионун реакциясы

Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаити Путиндин Курил аралдарына тарыхта биринчи жолу барышына кескин реакция кылды. Анын айтымында, бул сапар "Жапониянын Орусияга болгон мамилесин начарлатты".

Такаити журналисттерге Курил аралдары "тарыхый жактан да, эл аралык укук жагынан да Жапониянын өзгөчө аймагы" экенин айтты.

"Бул жапон элинин сезимдерин мазактайт жана таптакыр кабыл алынгыс. Орусия тарап бул маселенин канчалык олуттуу экенин толук түшүнөт деп үмүттөнөбүз", — деди Такаити телеканал аркылуу жасаган кайрылуусунда.

Буга чейин Жапониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги да Путиндин Курил аралдарына сапарына байланыштуу нааразылык билдирген.

"Түндүк аймактар, анын ичинде Эторофу [Итуруп] аралы - тарыхый жактан да, эл аралык укукка ылайык да Жапониянын ажырагыс аймагы. Жапония бул сапарга чечкиндүү түрдө нааразылык билдирет", - деген министр.

Жапония буга чейин Мишустин менен Медведевдин Курил аралдарына жасаган сапарларына да нааразылык билдирген.

Орусия менен Жапония Курил аралдарынын макамына байланыштуу ондогон жылдардан бери талашып-тартышып келет. Бул - Москва менен Токионун Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин тынчтык келишимине кол коё албай келишинин негизги себептеринин бири.

Архипелагдын түштүк бөлүгүндөгү Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралдарын Жапония өзүнүн аймагы деп эсептейт. Токио бул позициясын 1855-жылдагы Орусия менен Жапониянын соода жана чек ара маселелери боюнча келишимине негиздейт.

Москва болсо бул аралдар Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында Советтер Союзунун курамына киргенин жана Орусиянын аларга болгон ээлиги талашсыз экенин билдирет.

Жапония Экинчи дүйнөлүк согушта багынгандан кийин СССР Сахалин аралынын бүт аймагын жана Курил аралдарын өз курамына кошкон. Бирок түштүк Курил аралдарынын кимге таандыктыгы боюнча пикир келишпестиктен улам Москва менен Токио согуштан кийин тынчтык келишимине келе алышкан эмес.

1956-жылы СССР менен Жапония тынчтык декларациясына гана кол коюшкан. Анда СССР тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин Шикотан жана Хабомаи аралдарын Жапонияга өткөрүп берүү маселесин талкуулоого даяр экени айтылган.

СССР Курил аралдарын өз курамына кошкондон кийин ал жердеги жапон калкы депортацияланган. Токионун айтымында, көчүрүлгөн тургундар мүлкүнөн ажырап, балык уулоо мүмкүнчүлүгүнөн да кол жуушкан.

Азыр Курил аралдарында 20 миңдей адам жашайт. Аралдарда Орусиянын аскер бөлүгү жана чек арачылар жайгашкан калктуу конуштар бар.

Акыркы жылдары Орусиянын бийлиги Жапония Курил аралдарынын Орусияга таандык экенин таанышы керектигин жана ансыз тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болбой турганын бир нече жолу билдирген.

2022-жылдын мартында Москва Токио менен тынчтык келишими боюнча мындан ары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн баш тартканын жарыялаган. Буга Жапония Орусия Украинага каршы кеңири масштабдагы согушун баштагандан кийин Москвага каршы санкцияларга кошулганы себеп болгон.

Бир күн мурда, 12-августта Путин Курил аралдары боюнча Орусиянын бир катар жапон жетекчилери, анын ичинде кийин 2022-жылдын жайында кол салуудан каза болгон премьер-министр Синдзо Абэ менен "конструктивдүү мамиле" болгонун айткан.

"Азыр, тилекке каршы, позициядагы өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз, ага биздин эч кандай тиешебиз жок", - деди Орусиянын президенти.

Итурупка Путин Сахалиндеги иш-чаралардан кийин келди. Ал жерде Путин "Варяг" ракеталык крейсеринен Тынч океан флотунун машыгууларынын жыйынтыктоочу бөлүгүнө байкоо салган.