"Дебатка чакырам". Садыр Жапаров Теңиз Бөлтүрүктүн Кумтөр боюнча сындарына жооп берди

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүктүн кенди Кыргызстанга алуу боюнча айткан сөздөрүнө жооп берди. Анда ал Кумтөрдү Кыргызстанга өткөрүп алуу боюнча узактан бери алектенип келгенин белгиледи. Канадада жашаган Теңиз Бөлтүрүк буга чейин Кумтөрдү алуудагы өзүнүн ролу жана кенди Кыргызстанга өткөрүү процесси тууралуу бир катар билдирүүлөрдү жасап, президент Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырган.

Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Кумтөрдүн ишмердигине кызыгуусу депутат болгонго чейин эле башталганын, 2005-жылга чейин бизнес тармагында жүргөн учурда Кумтөргө бир нече жолу барганын билдирди. Ал эми 2005-жылы депутат болуп келгенде да кендин ишине көбүрөөк кызыккан.

Жапаровдун айтымында, 2010-жылы "Ата-Журт" партиясынын жетекчиси катары кайрадан парламентке келгенден кийин бул маселеге өзгөчө көңүл бурган.

"2011-жылы парламентте комиссия түздүрдүм. Мени "демилгечи болдуң" деп, "эми сен башында тур" деп, 15–16 депутат мени комиссиянын төрагасы кылып койду. Төрт айдын ичинде мен бүт баарын текшерип чыктым да, анан парламентке алып келип, кагаздарды таштадым", — деди ал.

Жапаров кийин камалганын, чет өлкөгө чыгып кеткенин, келгенден кийин да кайра камалып, төрт жыл абакта отурганын эскерген маегинде.

Жапаровдун билдиришинче, 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин алгач өкмөт башчы, көп өтпөй президенттин милдетин аткаруучу болуп келгенде, Кумтөрдү мамлекетке алуу боюнча даярдык көрө баштаган.

"Акыры онунчу күн дегенде кетти (Сооронбай Жээнбеков). Мен президенттин милдетин аткаруучу деген макамды алдым. Бул 16сы. 17си Акылбек Усенбековичти чакырдым. Ал кезде мен Өкмөт үйүнүн эски имаратында отурчумун. Ал жерде Камчыбек Кыдыршаевич, Арзыбек Бурханов, Улан Омоканович бар болчу. Мен Акылбек Усенбековичти таап келгиле дедим. Ал жарым сааттын ичинде келип калды, анда ал парламенттин депутаты болчу. Мен ага: "Акылбек Усенбекович, сиз көп жылдан бери депутатсыз. "Кумтөргө" бир нече жолу барып, текшерип келгенсиз. Турдакун Усубалиев "Кумтөрдү" текшерип жатканда да сиз же комиссиянын мүчөсү болгонсуз, же эксперттик топтун курамында болгонсуз. Баарын билесизби?" — дедим. Ал: "Баарын билем", — деди. "Мен 2012-жылы "Кумтөрдү" текшергендеги папка-папка документтер бар, 120 папка бар дедим. Алардын баарын сизге берем. Сиз азыр депутат катары комиссия түзүп жатабыз деп, "Кумтөрдү" текшерүүнү башташыңыз керек", — дедим".

Президенттин сөзүнө караганда, Кумтөр мамлекетке өткөндөн кийин кендин ишин токтотпоо негизги маселелердин бири болгон жана Бөлтүрүктү чакыртып, жолугуп сүйлөшкөн.

"Мен "Кумтөрдү" биз алгандан кийин улантып кетиш керек, иштеп кетиш керек дедим. Теңиз Бөлтүрүк деген бар эле дедим. Ал учурда аны менен жеке тааныша элек болчумун. Бирок ошо жашка келип, аны менен көрүшө элек элм. Аны сыртынан укчумун, бирок жолуга элек элем. Мен: "Аны таап кел. Эгер кайсы бир жерде иштеп жүрсө, ошол алып жаткан айлыгын берели. Эгер бош жүрсө, андан да жакшы. Аны алдын ала даярдайлы. Үчөөбүз жолугуп, жашыруун сүйлөшөбүз. Эч кимге эч нерсе айтпасын", — дедим. Аны табам деди. Акылбек Жапаров ошону менен кетти. Бир жума өткөндөн кийин таап келди. Үчөөбүз отуруп сүйлөштүк. Мен андан эмне менен алектенерин сурадым. Алматыда жүрүптүр жана бош эле жүргөн экен".

Президент Кумтөрдү башкарууга байланыштуу чечимдер 2021-жылы шашылыш кабыл алынганын да түшүндүрдү. Анын айтымында, бийлик кенди иштетип жаткан компаниянын электрондук системаларына зыян келтирилиши мүмкүн деген маалыматтан кийин тышкы башкаруу маселесин тездеткен:

"Шайлоо бүткүчө алабыз десем, Кумтөрдүн баарын талкалап, эртең эч ким иштете албай калгандай кылышкан жатпайбы. Кумтөр токтоп калгандан кийин аны жылдырыш үчүн эле 300 млн, 500 млн доллар керек болмок. Анан шайлоого кеттим. Өтүп келдим, кудай жалгап, 80% эл колдоп берди. Анан келгенден кийин Акылбек Үсөнбековичти тездет эле тездет деп, бурай баштадым. Ошентип майдын 15и бекен же 17си бекен, даяр болду. Парламентке бүрсүгүнү киргизип, Кумтөрдү тышкы башкарууга алабыз дегенибиз тигилерге жетип калыптыр. Анан алар иштеп жаткан электрондук системаларын талкалап баштайт да, эки күн калганда. Ошентип дароо өткөрдүк. Парламентте бир жумадан кийин карамакпыз. Батырак киргизип, денонсацияны кнопкага салдык да, анан шак эткизип, барып басып калдык".

Президенттин айтымында, ошентип Теңиз Бөлтүрүк Кумтөргө тышкы башкаруучу болуп дайындалган.

"Ал иштегени кетти. Миллиарддык компания кылам деп. Мен ага өзүм билгендеримди да айттым, күйүүчү-майлоочу майлар боюнча да айтып бердим. Анан ал бара калып, футболчуларга, көк бөрүчүлөргө, кайрылгандардын баарына эле, мына демөөрчүлүк жана материалдык жардам деп бере баштаптыр. Анан аны да айттым: бул сенин жеке фирмаң эмес, аларды өкмөт аркылуу беришиң керек, дивиденддин баары бюджетке түшүш керек, бербе андай дедим. Макул деп кеткен. Анан мага маалымат келди. Бүт Кыргызстанда солярка 60 сомдон сатылып жатат. Ал эми Кумтөр болсо, 80 сомдон алып жатат деген. Ар бир литринен 20 сомдон жеп жатат деп. Анан Бөлтүрүктү чакырдым. Мага ушундай маалымат келип жатат. Бут жакта 60 сомдон сатылып жатыптыр, а сенде 80 сом экен дедим. Литрине 20 сом деген аябай көп акча. Анткени Кумтөрдө айына 11 миң тонна солярка керектелет. Ал сизге калп маалыматтарды берип жатыптыр деди. Кийин өзүм текшертсем чындап эле ошондой экен. Анан текшерүү жибергенде прокуратура барып, баарын таап чыкты."

Садыр Жапаровдун айтымында, Кумтөрдо башка да мыйзам бузуулар аныкталган. Мисалы, Бөлтүрүктүн отурган креслосу эле 6 миң долларлык болгон.

Бөлтүрүк Жапаровду дебатка чакырган

Кумтөрдүн айланасындагы талаш-тартыштар бир нече жылдан бери уланып келет. 2021-жылы Кыргызстан Кумтөр кенин башкарууну өз көзөмөлүнө алган. Ошол эле жылы канадалык «Centerra Gold» компаниясы менен талаш эл аралык арбитраждык сотторго чейин жеткен.

Теңиз Бөлтүрүк болсо буга чейин Кумтөрдү башкаруудагы ролу жана кенди Кыргызстанга өткөрүү процесси тууралуу бир катар билдирүүлөрдү жасап, президент Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырган.

Бөлтүрүк социалдык тармактагы түз эфир учурунда президент Садыр Жапаровду дебатка чакырды. Ал ошондой эле иши боюнча ачык соттук териштирүүгө даяр экенин билдирди.

Бөлтүрүк «Кумтөрдү» Кыргызстанга кайтаруу планын өзү иштеп чыкканын жана бул процессте негизги ролду ойногонун айтууда. Анын сөзүнө караганда, бул үчүн мурдагы президент Аскар Акаевден канадалык инвесторлор менен түзүлгөн келишим тууралуу маалымат алууга жетишкен.

"Мен ачык сотко, ачык дебатка даярмын. Садыр Жапаров ачык дебат десе, ага да даярмын. Сүйлөшөлүчү, болгон суроосун берсин", - деген Теңиз Бөлтүрүк видеолорунун биринде.

"Акыркы убакта Садыр Жапаров "Кумтөрдү мен кайтардым, Аскар Акаевди да өзүм чакырып, бардыгын өзүм чечтим" деген сыяктуу чындыкка коошпогон билдирүүлөрдү жасай баштаганынан улам мен бул тарыхый процессти кайрадан баштан-аяк ачыктап берүүгө мажбур болдум. Бирөө эмгек кылып, экинчиси анын мээнетин өзүнө ыйгарып алганына эч качан жол бербейм. Мага карата ушундай кадамдар жасалгандан кийин мен чындыкты айтууга милдеттүүмүн".

Бөлтүрүк өзүн "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу айыптоо менен соттолгонуна карабастан, компанияны өзү башкарганда ал кыйла ийгиликтүү иштемек экенин айтып жатат. Ал бийлик аны "жалаа менен каралаганын" айтып, өзүнө коюлган айыптар боюнча ачык соттук талкууга даяр экенин билдирген.

Теңиз Бөлтүрүк 2022-жылы "Кумтөр Голд Компани" ишиндеги коррупцияга байланыштуу кармалган. Эсеп палатасы анын башкаруусунда компаниянын бир катар чыгымдары боюнча мыйзам бузуулар болгонун билдирген.

2023-жылдын ноябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту Бөлтүрүктү күнөөлүү деп таап, 800 миң сом айып пул салган. Ал буга чейин мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 10 миллион сом төлөгөнү айтылган. Теңиз Бөлтүрүк кийин Кыргызстандан чыгып кеткен жана учурда Канадада жашайт.