«Ширшов менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин»

Published

Кыргыз президенти Садыр Жапаров кезектеги жолу мамлекеттик Кабар маалымат агенттигине маек берди.

Кабар

Сүрөттүн булагы, Кабар

Президент чү дегенде эле мурунку аткаминер Алексей Ширшовдун кармалып, бирок көп өтпөй үй камагына чыгышы тууралуу маселеге токтолду:

Ширшов тууралуу

«Ширшов менен схема түзүп аны менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин. Тескерисинче, кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, мейли ким болбосун баары камалат».

Садыр Жапаров  ушул тапта соц тармактарда Ширшовдун бошотулушуна байланыштуу жүрүп жаткан талаш-талкууларга токтолуп, таза иштеп жатканына ишенүүгө чакырды жана бул үчүн убакыт сурады.

«Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматтарды алып жатамбы, демек, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек. Акаевди чакырып кабыл алдымбы, демек, бул дагы мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн аба менен суудай керек болгон. Бул маселелер боюнча бир аз убакыттан кийин кенен айтып берем», -деди президент.

Жапаров ошондой эле «Бакиевдерди актаганы жатат деген» айрым чагымчылдардын сөздөргө көңүл бурбоого чакырды.

Атайын кызмат  Ширшовду 9-майда Ысык-Көлдөгү “Аврора Плюс” эс алуучу жайдын аймагында жайгашкан мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча козголгон иштин алкагында кармаган.

УКМК бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү жана жогорку кызмат адамдары түзгөн коррупциялык схеманын кесепетинен “Аврора Плюстун” 56 кымбат баалуу батири жана 27 коттежи мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин маалымдаган. Тергөө бул кылмыштын негизги уюштуруучуларынын бири Алексей Ширшов болгонун белгилеген.

Алексей Ширшов бозгун президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин үзөңгүлөшү - ал 2010-жылга чейин өлкөнүн энергетика тармагынын “көмүскө кардиналы” болгону айтылган.

Ал 2007-жылдын декабрь айына чейин “Электр станциялары” ЖАКтын каржы маселелери боюнча директору, ал эми 2010-жылга чейин “Дастандын” башчысы болгон.

Ширшов 2010-ж. апрель окуяларынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Санариптештирүү тууралуу

Президент Санариптик өнүгүү министрлигине бир катар мекемелерди өткөрүп берүү демилгеси тууралуу журналисттин суроосуна да жооп берди.  Кеп “Мегаком”, “Кыргызтелеком”, “Дастан”, Евразиялык банк тууралуу болууда. 

«Сооронбай Шарипович эмне үчүн үч жыл бою "цифровизация, цифровизация" деп сайрап жүрүп, жасай албай кетти деп мунун өзөгүн изилдеп чыктым. Көрсө, баары чачыранды болгондуктан, бири-бирине баш ийбей, ар ким өзүнчө чоң болгусу келип, анысы аз келгенсип “цифровизация” иштеп кетсе көпчүлүк мекемелердин жетекчилери азыркыга чейин жеп жаткан “жемдеринен” кур жалак калышат экен. ..Биз ары жагында өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар экенин билип койдук», -деди Садыр Жапаров.

Президент эки ай мурда адистерди топтоп,  теманы талкуулап, аягында ушундай жыйынтыкка келгенин ачыктады.

Кабар

Сүрөттүн булагы, Кабар

"Дастан", "Кыргызтелеком", "Альфателеком", "Евразия сактык банкы" баарын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берип, ушулар аркылуу санариптештирүүнү ишке ашыралы деген чечим кабыл алдык, дейт президент.

Мында башкы жүйөө, санариптештирүүдө ушул мекемелер бири-бирине тыгыз байланышканында болуп жатат.

Жапаровдун айтымында, бул жерде дагы бир маанилүү фактор бул - улуттук экономиканын бардык тармактарында санариптик платформаларды ишке киргизүү боюнча чыгымдарды кыскартуу максаты.

Кумтөр жана экология тууралуу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бишкек шаардык соту “Центеррага” карата экологиялык каржылык дооматтарды четке какты. Бул чечим коомчулуктун нааразылыгын жаратып жаткан. Президент бул тууралуу да токтолду:

«Мен буга чейин берген маегимде айттым эле. “Кумтөр” боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирет. Ошондон кийин толук маалымат берейин. Келишим күчүнө киргенге чейин туура эмес сөздөр айтылып кетип ишти бузуп албайлы. Ал эми экология боюнча мурда кандай сөздөрдү айткан болсом, азыр да ошол эле пикирде турам. Ооба, экологиябыз абдан талкаланган. “Кумтөрдү” башынан эле туура эмес иштетишкен. Адис эместер башкарган. Ошол үчүн буга чейин канча жолу катастрофалар болгон».

Кыргыз өкмөтү “Центерра” менен ажырашуу келишиминде кендеги экологиялык кырдаал үчүн экологиялык жоопкерчиликти өзүнө алды. Ошол эле учурда ага канадалык компания башкарып тургандагы экологиялык зыяндын ордун толтуруу маселеси кантип чечилет деген жагы бүдөмүк калууда.

Эксперт Марат Мүсүралиев кыргыз өкмөтү жаңы келишимдеги экологиялык зыян тууралуу келишүүлөрдү ачыктаса болот эле дейт.

“Бул 261 миллиард доллар экологиялык айыпты эми биз кечип атабызбы? Эгерде кечип атсак анда эмненин негизинде? Анда соттун чечимин эми ким аткарып калат? Кыргыз өкмөтү ошол боюнча так маалымат бериши керек. Бул акча тигил тараптан төлөнөбү же кыргыз тарап эми өзү төлөп калабы?”.

Былтыр Кыргызстанда УКМК Кумтөргө байланыштуу төрт кылмыш ишин козгоп, анын бири экологиялык зыян жөнүндө болгон эле. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мөңгүлөр жана суу, аба, айлана-чөйрөгө болгон жапайы мамиле үчүн “Кумтөр голд компания” ишканасынын жетекчилери  жоопко тартыларын да убадалаган.

Президент бул маегинде ошондой эле  Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу маселеси, жакында эле Бишкекте өткөн ЕАЭБ жыйыны тууралуу суроолорго жооп берди. (EK)