You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кытайга сапар: Путиндин көздөгөнү эмне?
Президент Владимир Путин Орусиянын эң негизги өнөктөшү Кытайга маанилүү сапары менен барды. Ал Орус-Кытай мамилесин даңазалап, Батышка каршы альянсты бекемдегиси келет.
Кичинекей Хэйхэ шаары Кытайдын Орусия менен чек арасында жайгашкан. Жергиликтүү туристтер бул жерге дарыянын аркы өйүзүндөгү коңшулаш Благовещенскти көрүү үчүн келишет, бирок алардын саны аз.
Туристтерди ташыган кайык суу үстүндө бош турат, кардарларды тартуу үчүн андан шаңдуу кытай ырлары жаңырып жатат. Бирок, эч ким билет сатып албагандыктан, ал күнү бою ордунан жылбайт көрүнөт.
Суунун аркы өйүзүндө Орусиянын жээк коопсуздугунун кемеси турат, офицерлер күзгү күндүн астында палубада көнүгүүлөрдү жасап, убакыт өткөрүшүүдө.
Владимир Путин өткөн жылдын башында Бээжинге Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына барганда Си Цзиньпин менен эки өлкөнүн ортосунда жаңы “чексиз” өнөктөштүк болорун жарыялашкан.
Эми Орусиянын лидери Кытайдын борборуна кайтып келгени, Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары ошол мамилелерди даңазалап жатышат.
Андай мамиле бир жагынан эки өкмөткө тең пайдалуу болду. Алар дүйнөлүк аренада обочолонуп калганда бири-бирин колдоого алышат. Алардын кол алышып учурашып турган сүрөттөрү өз элине - мындай күчтүү достор бирге турганда баары жакшы болорун көрсөтөт. Бирок эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы ишкердиктин активдүүлүгү саясий риторикага дал келбей жаткандай.
Хейхе менен Благовещенскти бириктирген көпүрөнун ачылышы чек ара соодасындагы жаңы доордун символу катары белгиленген болчу, бирок аны бир саат бою карасаңыз да үстүндө каттаган бир да унааны көрбөйсүз.
Шаардын чок ортосунда, дарыянын аркы өйүзүн сүрөткө тартып жаткан туристтердин артында кардарлардын жоктугунан эки ири көп кабаттуу соода борборлору жабык турат. Бири бир нече ай мурун жабылса, экинчиси жети жылдан бери бош экени айтылат.
Мурдагы соода күркөлөрүнүн айрым ээлери биринчи имараттын алдына унааларын токтотуп, орус сувенирлерин жана гаджеттерин арткы отургучка жайып алып сатышууда.
"Соода солгун. Туристтер аз болуп жатат", - дейт бир аял.
"Ковид болду, чек аралар көптөн бери ачыла элек. Орустар өтө аз. Алар жакырланды, аларда согуш болуп жатат."
Ал ушул сөздөрдү айтып жатканда башка соодагерлер макул болуп башын ийкеп турушту.
Жакын жердеги көчөдө, кичинекей дүкөндө бир аял орусияда өндүрүлгөн жүндөн Кытайда жасалган баш кийимдерди сатат. Анын айтымында, алар бир кездерде орусиялык жана кытайлык кардарлардын арасында абдан популярдуу болгон, бирок акыркы убакта анын бизнеси кыйын абалга кептелди.
"Учурдагыны мурунку менен салыштырууга болбойт. Көчөлөрдү карап көрүңүзчү. Бош калган. Мурда алар кардарларга толо болчу." - дейт ал.
Бирок, Орусия-Кытай соодасына оптимисттик көз карашта болгон бир топ бар: алар дарыя портуна кирүүнү күтүп жаткан жүк ташуучу унаалардын айдоочулары.
“Мен Орусиядан соя, буудай, арпа ташыйм, жумуш мурдагыдан алда канча көбөйүп калды,” - дейт айдоочулардын бири.
"Мен Орусиядан кум, көмүр ташып жатам. Айрымдар тамак-аш салынган контейнерлерди ташышат", - дейт дагы бири.
Ал эми порттун кире бериши бош эмес экени көрүнөт, ар кандай материалдар кирип-чыгып жатат. Крандар кемелерден темир каркастарды, көмүр жана кумду көтөрүп, күтүп турган жүк ташуучу унааларга түшүрүп жатышат.
Айдоочулардын айтымында, жаңы көпүрөнү колдонууга караганда өлкөлөр ортосунда кайык менен каттоо арзаныраак, бул көпүрөнүн эмне үчүн аз колдонулганын жарым-жартылай түшүндүрөт.
Хэйхедеги башка бизнесмендер кээ бир кытай товарларына салынган Орусиянын жаңы тарифтери сооданы солгундатканын айтышат.
Анткен менен Орусия Украинага басып киргенден кийин Кытай Хэйлунцзян провинциясына көбүрөөк жаратылыш газын сатып алып, санкциялардан жапа чеккен өнөктөшүнө жардам берип жатат.
Ага кошумча, Си Цзиньпиндин администрациясы кытай калкынын көбүн Владимир Путиндин согуш аракеттерин колдоого көндүрдү.
Мамлекет көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары аркылуу Кытай Украинада “кол салуу”, атүгүл “согуш” болуп жатканын айтпай, анын ордуна, НАТОнун, атап айтканда, АКШнын баскынчылык саясатына каршы туруу үчүн Орусия операция жүргүзүп жатканын маалымдайт.
Бул пропагандалык аракеттин ийгилигине баа берүү үчүн, Хэйлунцзяндын аймактык борбору Харбин шаарындагы көчөдөгү адамдар менен сүйлөшүү жетиштүү.
Бир кылым мурда бул жерде орус эли жана орус маданияты үстөмдүк кылган, бирок кийин орус үй-бүлөлөрдүн урпактары да көчүп кетишкен. Орустарды эстеткен азгантай гана нерселер калган болбосо, учурда ал толугу менен кытайлардын шаары.
"Орусия менен Кытайдын достугу бекем," - дейт бир аял.
Анын жанындагы адам кошумчалайт: "Путин жоопкерчиликтүү лидер. Адилеттүү киши".
Дагы бириси: "Путин темирдей тартипти сактаган адам. Ал катаал, катаал болгон жакшы" дейт.
Бирок ал Орусиянын лидери эмне үчүн Украина менен согушуп жатканын билеби?
“Бизге окшогон карапайым адамдар андайга комментарий бербеши керек,” - деп жооп берет ал.
Орусиянын Украинадагы согушу НАТОнун ресурстарын коротуп, Бээжиндин геостратегиялык максаттарына кол кабыш кылып жаткан болушу ыктымал. Ал ошондой эле АКШга байланышкан нерселер коркунучтарды, ал тургай башаламандыктарды жаратат деген көз карашты жайылтышы мүмкүн.
Мунун экинчи жагы Украинадагы жаңжал НАТОнун күчүн көбөйтүп, ошол эле учурда ансыз да оор абалда турган орус экономикасын начарлатышы мүмкүн. Андан тышкары, бул конфликт Кытай Коммунисттик партиясына Тайванды күч менен басып алуу аракети кандай жеке кайгыны жана экономикалык азапты алып келиши ыктымал экенин көрсөтүп койду.
Расмий түрдө Владимир Путин ушул аптада Кытайда Си Цзиньпиндин “Бир алкак, бир жол” демилгесин өнүктүрүү боюнча форумга катышууда. Бул Кытай менен анын батышындагы өлкөлөрдү байланыштырган глобалдык транспорттук инфраструктура программасы, бирок ал кээде жакыр мамлекеттерди карыздын тузагына илгени үчүн сынга алынган.
Кытай менен Орусиянын лидерлери бул конференциянын алкагында жолугушуп өз ара мамилелеринин чыңдалышын белгилешет. Ага кошумча алар башка пикирлеш өкмөттөр менен Батышка каршы кеңири коалиция түзүүгө аракет кылып жатышат.
Андай кылуу бул эки өлкөгө тең чоң пайда алып келет.
Анткен менен Кытайдын Орусия менен болгон соодасы анын идеологиялык атаандаш катары саналган Батыш өлкөлөрү менен болгон соодасына жетиши үчүн али көп бар. (DO)