You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргыз спортчуларынын Токиодогу олимпиадалык мелдештеринин жадыбалы
Кыргызcтандын Министрлер кабинети Токио олимпиадасында алтын медаль алган спортчуларга он миллион сом, күмүш медаль үчүн жети миллион сом, коло медалга беш миллион сом сыйлык убада кылды.
Токиодогу жайкы олимпиадалык оюндарга Кыргызстандан 16 спортчу катышат. Алардын мелдештерге катыша турган күндөрүнүн жадыбалы жарыяланды.
24- июль
Ок атуу
5:30 он метр аралыктан пневматикалык мылтыктан ок атуу
Каныкей Кубанычбекова
Сууда сүзүү
16:00 кечки сессия
100 метр брасс менен сүзүү
Денис Петрашов
25-июль
Фехтование
6:00 1/32 финалдагы беттешүүлөр
Роман Петров
27-июль
Дзюдо
8:00 Алгачкы кармаш
81 кг чейин - Владимир Золоев
Сууда сүзүү
16:00 кечки сессия
200 метр брасс менен сүзүү, алгачкы жарышуу
Денис Петрашов
31-июль
Оор атлетика
8:50 группа А
16:50 группа В
96 кг чейин- Бакдөөлөт Расулбеков
1-август
Спорттук күрөш
8:00 Алгачкы кармаштар
Грек-рим күрөшү, 60 кг чейин
Жоламан Шаршенбеков
Эркин күрөш, аялдар, 76 кг чейин
Айпери Медет кызы
2-август
Спорттук күрөш
8:00 Алгачкы кармаштар
Грек-рим күрөшү, 77 кг жана 97 кг чейин
Акжол Махмудов менен Узур Жузупбеков
Акжол Махмудов Карапет Чалян менен жарым финалда беттешет
Эркин күрөш, аялдар, 68 кг чейин
Мээрим Жуманазарова
3-август
Жеңил атлетика, 5000 метрге чуркоо
16:00 Алгачкы чуркоо
Нурсултан Кенешбеков
Спорттук күрөш
8:00 Алгачкы кармаштар
Грек-рим күрөшү, 87 кг чейин
Атабек Азисбеков
Эркин күрөш, аялдар, 62 кг чейин
Айсулуу Тыныбекова
5-август
Спорттук күрөш
8:00 Алгачкы кармаштар
Эркин күрөш, 65 кг чейин
Эрназар Акматалиев
6-август
Спорттук күрөш
8:00 Алгачкы кармаштар
Эркин күрөш, 125 кг чейин
Айаал Лазарев
8-август
Жеңил атлетика
4:00 марафон, аялдар
Дарья Маслова
* - Мелдештердин башталган убактысы Бишкек убактысы боюнча берилди
Токио олимпиадалык оюндарга эң жакшы даярданды
Эл аралык олимпиада комитетинин президенти короанвирустан болгон айрым тоскоолдуктарга карабай, Токионун олимпиаданы өткөрүүгө даярдыгы эң сонун деп айтты.
Бах кээ бир чектөөлөрдү өзү да башынан өткөрдү. Ал Жапонияга өткөн аптада келгенден кийин карантинге кетүүгө мажбур болду. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген спортчулар жана делегация мүчөлөрү шейшембиде расмий ачылган олипиадалык айылда катаң эрежелерди сактоого тийиш.
Алар оюндар башталганга беш күн калганда киришет, оюндар аяктаганда 48 сааттын ичинде кетип калышы керек.Олимпиада айылы сыртынан тосулган, ал жакта жашай турган 18000 спортчу жана коштоочу адамдар ээн-эркин көчөгө чыга албайт. (КС)