You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Бомба коюлду”: жалган коркутуулардын жазасы кандай?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкекте жыл башынан бери билим берүү мекемелеринде жана ишканаларда бомба коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат таратуу, коркутуулар күчөдү.
Соңку жолу апрелде бир эле күндө элүүдөн ашык даректе бомба коюлгандыгы тууралуу чуулу сөз таратып, удаа-удаа коркутуулар болду. Коомчулукта мындан улам бул жөн гана жаш балдардын бейбаштыгыбы же чындап эле бүлүк салам дегендердин ишарасыбы деген тынчсыздануу пайда болгондой.
Бул маселе Жогорку Кеңеш трибунасында да көтөрүлүп, депутаттар профилдик орган жетекчилеринен бул коркутуулардын аркасында кимдер турганын аныктап чыгууну талап кылышты.
“Жалпысынан 52 мектеп, ишканаларда бомба бар деген маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтардын баары электрондук почтага түшүп жатат. Ал боюнча ИИМ тарабынан иштер жүргүзүлүп, бир да маалымат такталган жок. Бул маалыматтар боюнча тергөө материалдары чогултулуп, УКМК өткөрүлүп берилди. Териштирүүнүн баары ошол орган тарабынан жүргүзүлөт”, - ИИМ министринин орун басары Эркебек Аширходжаев.
Кыргызстанда бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөндө, коомдук тартипти камсыздоо боюнча ыкчам иштер ИИМ тарабынан жүргүзүлөт. Бирок мыйзамдар боюнча мындай иштердин тергөөсүн атайын кызмат алып барат.
УКМК жыл башынан бери орун алып жаткан мындай мазмундагы коркутуулардын артында ким же кимдер турганын толук таба элек. Бомба тууралуу мынча сандагы жалган маалыматты бир эле киши же бир эле топ таратып жатабы же ар дарек боюнча ар башкабы азырынча так кесе айтууга эрте. Себеби, коркутууларды жөнөткөндө бул тууралуу каттарды чет мамлекеттерде катталган аккаунттар аркылуу жөнөтүшөт экен.
“Мындай маалыматтардын көбү электрондук почта аркылуу келет. Аккаунка байланган электрондук почта Россия же Украинанын аймагында болуп жатат. Башка өлкөлөрдө катталгандыктан, биз партнердук каналдар аркылуу иш жүргүзүп жатабыз”, - дейт УКМКнын Антитеррордук борборунун директору Айбек Шаменов.
Атайын кызматтын билдирүүсүндө былтыр 31-январда Бишкектеги соода борборлорунун биринде бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшүп, кийин аны тараткан адамдын өздүгү аныкталган. Ал З. Д. К. атуу кыргыз жараны экени такталган.
Ал тапта Бишкектеги айрым мектептер жыл башынан бери бомба коюлганы тууралуу алды үч ирет эскертүү алышты. Бул окуучу, ата-энелерди жана мугалимдердин санаага салып, билим берүү процессин да үзгүлтүккө учуратып жатат.
Индира – Бишкектеги жеке менчик тибиндеги мектердин биринде башталгыч класстарга сабак берет. Ал иштеген мектепке эки жолу коркутуулар болуптур.
“Мен балдарга эртең мененки сменде сабак өтөм. Биринчи жолу бомба тууралуу маалымат келип түшкөндө балдарга үчүнчү сабакты өтүп жаттым эле. Ушундай убакта мугалимдерге ашыкча жопкерилик түшүп жатат. Ар бир баланы ата-энесинин колуна тапшырыш керек. Анын баарын кыска убакытта уюштурганга туура келет. Балдар андай убактарда эшикке чыгып турууга мажбур, аябай суукта балдар эмес сыртта туруп биз ооруп калдык. Соңку жолу ошондой болду”.
Кыргызстанда бомба коюлгандыгы тууралуу бир да маалымат тастыкталбаганы, албетте, сүйүндүрөт. Бирок эксперттер мындай коркутуулардын аркасында чыныгы террористтер да болушу мүмкүн экенин четке кагышпайт жана коопсуздук эрежелерин күчтөнтүүгө чакырышат.
“Террорчулар эч качан бомба же мина коюлган жерди өздөрү айтпайт. Ошондуктан, мындай билдирүүлөрдүн максаты болушу мүмкүн. Алар укук коргоо органдарынын даярдыгын, кандай реакция кыларын байкоо үчүн же кандай куралдар бар экенин, ошондой эле кандай чаралар колдонуларын билүү максатында жалган билдирүү жасашы ыктымал. Дагы бир жагдай, террордук топтор коомчулуктун жана күч түзүмдөрүнүн көңүлүн башка жакка буруп, алдын ала пландалган башка жерди жардыган учурлар да болгон. 2002, 2006 жана 2008-жылдары. Экстремисттик күчтөр мамлекет кайсы жеринен күчтүү жана чабал деп ушундай текшерүүлөрдү уюштурушу мүмкүн”, - дейт УКМКнын мурунку төрага орун басары Артур Медетбеков.
Эксперт айрым учурларда мындай ишке дени-карды соо эмес адамдар да барарын кошумчалай кетти. Бул өзгөчө, күз-жаз айларында актуалдуу.
ИИМдин билдирүүсүндө Кыргызстанда терроризм актылары тууралуу жалган маалымат таратуу үчүн Кылмыш-Жаза кодексининин 259-беренесинде чаралар каралган. Ага ылайык, мындай кылмышка тиешеси бар экени аныкталган адамга 220 миң сомдон 20 миң сомго чейин айып пул каралат, мындан тышкаы 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы да мүмкүн. Ал эми мындай кылмышты жашы жете электер кылса, аларга 100 миң сомдон 120 миң сомго чейин айып пул каралган.
“Мындай кылмыштар ар кандай жазалышы мүмкүн: оозеки, жазуу, уюлдук телефон менен чалуу, интернет мейкиндигинде билдирүү. Көп учурда маалымат жашыруун берилет. Бирок, кылмыш-жаза жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалымат бердиби же бергиси келген жокпу – бул маанилүү эмес. Эмне дегенде “бомба” тууралуу жалган маалымат таратуу менен ал ошол замат бул факт кылмыш болуп эсептелет”, - деди ИИМдин басма сөз кызмат бөлүм башчысы Эрнис Осмонбаев.
Кыргызстанда соңку жолу террордук акт 2016-жылы катталып, анда Бишкектеги кытай элчилигине террорист жанкечти машинеси менен кирип барган. Анда элчиликтин төрт кызматкери жаракат алып, чабуул койгон киши өзү каза тапкан. Кийин бул окуяга тийиштиги бар үч адам аныкталып, асты 18, арты 10 жылга эркинен ажыратылган эле.