Иранда Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты АКШнын эгемендик күнү башталат

Иран

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Ирандын расмий өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, өлкөнүн жогорку руханий лидери, маркум Аятолла Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-июлда башталып, 9-июлга чейин уланат. 4-июль күнү АКШ өзүнүн Эгемендик декларациясы кабыл алынгандыгынын 250 жылдыгын салтанаттуу белгилөөнү пландап жатат.

Ирандын 86 жаштагы жогорку руханий лидери Али Хаменеи 2026-жылдын 28-февралында Тегеран шаарындагы өзүнүн резиденциясына АКШ менен Израилдин абадан жасаган соккусунун натыйжасында каза болгон. Өлкөнүн руханий кеңеши анын ордуна 57 жаштагы уулу Мужтаба Хаменеини Аятолла кылып шайлаган.

Али Хаменеи 1989-жылы Иран ислам революциясынын негиздөөчүсү Аятолла Хомейни каза болгондон бери өлкөнү башкарып келген. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты март айына пландалган болчу, бирок Ирандын АКШ-Израил согушуна аралашып кетиши бул зыйнатты кийинкиге калтырууга аргасыз кылды.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, зыйнат 4-июлда борбор шаар Тегеранда башталат, 6-7-июль күндөрү Кум шаарында өткөрүлөт, ал эми Али Хаменеинин сөөгү 9-июлда Мешхед шаарында жерге берилет. Аза күтүү иш-чаралары Ирактын Кербела жана Нажаф шаарларында да өткөрүлөт.

28-февралдагы аба соккусунда оор жаракат алганы тууралуу кабарлар тараган Аятолла Мужтаба Хаменеи азыркыга чейин эл алдына чыга элек. Бирок АКШнын расмий өкүлдөрүнүн билдиришинче, Аятолла Мужтаба Хаменеи Кошмо Штаттар менен болгон акыркы тынчтык келишимдеринде маанилүү ролду ойногон.

Аятолла Али Хаменеинин каза болушуна байланыштуу көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери, анын ичинде президент айрым Борбор Азия лидерлери Иран президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтуу каттарын жөнөтүшкөн.

Басма сөз каражаттарынын маалыматына караганда, Иран бийлиги бир катар өлкөлөрдүн жетекчилерин маркум Аятолла Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга чакырган.

Азырынча Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф зыйнатка катышары расмий жарыяланды. Пакистан АКШ менен Ирандын ортосунда ок атышууну токтотуу жана тынчтык келишимдерине жетишүүдө ортомчу болгон өлкө болуп саналат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Индиянын басма сөзү премьер-министр Нарендра Модиге 4-июлда Тегерандагы зыйнатка чакыруу келгенин кабарлоодо. Бирок өкмөттөгү булактардын айтымында, 28-февралда көңүл айтуу жолдобогон Нарендра Моди Индия өкмөтүнүн жогорку даражалуу кызматкерин жөнөтүүнү көздөп жатат.

Маалыматтарга караганда, Иран Ооганстандагы "Талибандын" премьер-министри Мулла Мухаммад Хасан Ахундду Хаменеининин акыркы сапарга узатуу зыйнатына расмий чакырган. Азербайжан басма сөзүнүн маалыматына ылайык, Али Хаменеинин зыйнатына Азербайжандын расмий делегациясын өлкөнүн парламент спикери Сахиба Гафарова жетектеп барат.

АКШнын Эгемендик декларациясы 1776-жылдын 4-июлунда кабыл алынган. Президент Дональд Трамп АКШнын эгемендигинин 250 жылдыгын салтанаттуу белгилөөнү ниеттенүүдө.

29-июнда АКШ менен Ирандын расмий өкүлдөрү акыркы бир нече күндө бири-биринин буталарына жасалган чабуулдардан кийин тынчтык сүйлөшүүлөрүндө жылыш болгонун билдиришти. Сүйлөшүүлөр кайра башталары, бирок толуккандуу келишимге жетишүү мүмкүн болобу же жокпу, азырынча белгисиз экени кабарланды.