Индия-Кыргызстан: $200 млн кредит, каза болгон келин, дабаа издеген кыргызстандыктар
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар Кыргызстанга келип, бир нече багыттагы кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, меморандумга кол коюлду. Бул жолку жолугушуу кызматташууга пандемиянын кесепети тийип жаткан учурга туш келди. Ошондой эле Индияда бир жашар баласы менен кошо бычакталып өлтүрүлгөн кыргызстандык келиндин аянычтуу өлүмү тууралуу талкуулар жүрүп жаткан маалда болду.

Би-Би-Си Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбев менен маек курду.
Би-Би-Си: Кече жакында эле тилекке каршы кыргызстандык келин бир жашар баласы менен чогуу Индияда өлтүрүлгөндүгү тууралуу суук кабар тарады эле. Индиялык кесиптешиңиз менен ушул тууралуу дагы сөз болдубу?
Р. Казакбаев: Албетте, атайын сөз болду. Ар бир кыргызстандыктын кызыкчылыгын коргоо - бул биздин милдет. Эки министр өзүнчө сүйлөштүк. Менин кесиптешим — Индиянын тышкы иштер министри бул маселени өзгөчө көзөмөлгө ала турганын жазып алды. Каза болгон келин Кыргызстандын, уулу болсо Индиянын жараны экен. Алдын ала тергөөнүн жыйынтыгы боюнча “киши колдуу болуп өлгөн” деген жыйынтык чыгарылып, тергөө жүрүп жатат. Бирок бул тергөөнүн ачык, адилеттүү болушун өзгөчө көзөмөлгө алуу боюнча сурандым. Кесиптешим да сөз берди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Кесиптешиңиздин бул сапарынын негизги багыттарына, сүйлөшүүнүн жыйынтыктарыны токтоло кетсеңиз.
Р. Казакбаев: Биз үч апта мурун Индиянын тышкы иштер министри менен Дүйшөмбүдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны алкагында эки тараптуу кездешүү өткөрдүк эле. Дал ошол жолугушууда ушул сапар тууралуу сөз кылдым. Чакырууну кабыл алып, бирок, тез аранын ичинде “даярдыкка үлгүрөсүздөрбү?” - деп калды. Биз даяр экенибизди билдирдик. Ошентип расмий сапар менен келди. Сүйлөшүүлөр өттү. Жыйынтыгында меморандумга дагы кол коюлду. Кыргызстанга жеңилдетилген 200 миллион доллар насыя бөлүнүп жатат. Андан сырткары кыска мөөнөттө жыйынтыгын бере турган долбоорго 1,5 миң долларга чейин грант бөлүнгөну турат. Ал каражат Индиянын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу берилет. Бул чакан жана орто ишканаларга аябай жакшы өбөлгө болот деп ойлойм.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индия кайсы тармактарда көбүрөөк кызматташууну көздөйт?
Би-Би-Си: Билим берүү, маданий алакалар дагы камтылса керек?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Р. Казакбаев: Албетте, Кыргызстанда 13 миңден ашуун индиялык студент бар. Ошол студенттер окуп жаткан жогорку окуу жайлардын сапаты, пандемиядан кийинки акыбал, кызматташуу боюнча сүйлөштүк. Авиакаттамдар боюнча дагы сүйлөшүүлөр болду. Азыр чартердик каттамдар индиялык студенттер үчүн гана болуп жатпайбы. Ошол рейстерди регулярдуу каттамга айландыруу боюнча сүйлөштүк. Авиакомпанияларга бирдей мүмкүнчүлүк берүү маселесине көңүл бурулду. Авиакаттамдарды ачуу боюнча Транспорт министрлиги карап чыгып, анан ал келишимге барабыз го деген үмүттөбүз.
Индия тарап Кыргыстандагы IT технологиялар, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана тоо-кен байлыктарын иштетүү боюнча кызматташууга өзгөчө кызыкдар болуп жатат. Эң негизгиси бул маселени чечүүдө биз өзүбүз дагы кызыкдар болушубуз керек. Саясий стабилдүүлүк болуп, жаңы түзүлгөн Инвестиция министрлиги системдүү түрдө жакшы иштеп, долбоорлордун сапаттары эл аралык стандарттарга туура келгендей кылып иштеп чыгышы кажет. Көпчүлүк учурда биздин долбоорлор туура эмес иштелип чыгып, эл аралык стандарттарга туура келбей жатат. Негизинен Индия менен биздин стратегиялык кызматташтык жасайбыз деген эки тараптуу келишимибиз бар. Индия - стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Арабызда саясий кызматташууда, мамиледе эч кандай талаш-тартыш жок. Талаш-тартыш жарата турган себеп да жок. Экономикалык жактан аябай тыгыз байланышта болушубуз керек.

Сүрөттүн булагы, AFP
Садыр Жапаров Индияга барабы?
Маданият боюнча алсак, Кыргыз-Хинди кеңири сөздүгү иштелип чыгып, бет ачары болду. Ошондой эле “Манас” эпосун хинди тилинде, мындан сырткары алардын эпос, дастандарын кыргы тилге которуу аракети бар. Кийинки жылы 26-мартта Кыргызстан менен Индиянын дипломатиялык мамиле курганына 30 жыл болот. Ошону утурлай илимий конференцияларды өткөрүү боюнча сүйлөштүк. Ошондой эле Индия маданиятынын Кыргызстандагы күндөрү, Индиядагы Кыргыз маданият күндөрүн өткөрүү чечилди. Буюрса январь айынын аягында Кыргызстандын президентинин Индияга расмий сапары дагы сүйлөшүлдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Бир топ сүйлөшүүлөр жүргөн экен. Мөөнөтү боюнча эмнелерди айта аласыз?
Р. Казакбаев: 200 миллион доллар насыяга расмий түрдө меморандумга кол коюлуп, каты расмий тапшырылды. Эми Индиянын тиешелүү банкы менен биз тараптан өкмөт өнөктөшүн аныктаганда эле ошол күндөн башталат. Керек десе бир жумадан кийин ала баштасак болот. Грант дагы элчилик аркылуу бериле баштаса болот. Эгер биз тарап дайын болсо, Индия тарап толугу менен дайын.
Индиядан дабаа издеген кыргызстандыктар...
Индия демекчи, соңку жылдары орган алмаштыруу, операциянын оор түрлөрү боюнча даба издеген далай кыргызстандыктар Индияга агылууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай бейтаптардын так санын билбейт. Каражаты барлар өз алдынча барса, айласы кеткендер жардам сурап, түрдүү фонддорго кайрылып келишет. Биз андай фонддордун бирине кайрылып дагы көрдүк, жетекчиси пандемиядан улам бул боюнча ишмердиги убактылуу токтоп турганын, бирок, ага чейинки 2.5 жыл ичинде 41 бейтапка каражат топтоп, алардын дарыланып келишине көмөктөшкөнүн айтып берди. Медербек Сапарбаев өзү башынан өткөрүп, өзү уюштургандыктан индиядан дарылансам деген кыргызстандыктар абдан көп экенин, учурунда өздөрү да алардын баарына кол суна албаганын, Кыргызстандагы медицина Индияга салыштарганда абдан чабал экендигин айтып жатат. Керек болсо акысыз текшертип, кеңеш берүүгө ал жактан дарыгерди алып келүү өтө машаккатуу болгонун айтып берди. Эми ал кызматташуу жакшырат деген кабардан улам, "медициналык байланыш, тажрыйбага өтө орчундуу көңүл бурбаса болбойт" - дейт. Кыргызстанда биртоп бейтапка коюлган түрдүү диагноздор Индияда такыр башкача болуп чыккан мисалдар да арбын экенин да кошумчалады. Өз тажрыйбасынан улам, алар ар бир бейтапка кеминде 20-30 миң доллар каражат талап кылынганын айтты.
2018-жылкы эсеп боюнча эки өлкөнүн соода-сатыгынын көлөмү 40 миллион долларга жеткен эмес.































