You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусиядагы шайлоо: Путиндин үч "атаандашы". Алар кимдер?
Россияда президенттик шайлоонун соңку этабы – добуш берүү башталды. Шайлоодо атаандаштыктын карааны бар, бирок Путин кайрадан шайланарынан эч ким күмөн санабайт өңдүү.
Орусиянын бийлиги Балтика өлкөлөрү менен чектеш аймактарда так эле чек ара пункттарына 9 добуш берүү участогун ачты.
Мындан сырткары орусиялык шайлоочулар 144 өлкөдө 288 шайлоо участогунда добуш берет. Бул мурдагы шайлоого караганда, саны жагынан 113кө аздык кылат. Орусиянын мамлекттик маалымат каражаттары бул "дос эмес өлкөлөрдүн бийликтеринен улам" болду деп маалымдады.
Би-Би-Синин Орус кызматы быйыл 15-17-мартта өтө турган шайлоодо бюллетенде аты-жөнү жазылгандар кимдер экенин учкай баяндап берет.
Согуш уланууда, бирок шайлоо өнөктүгү жүргөн жок. Жүрүшүн улантууну көздөйт (өлкөдө бийлик жүргүзүүнү дагы, согуштуу улантууну дагы).
Бешинчи ирет шайлоого аттанды. Эки жыл мурун Украинага кандуу булоон салып, басып кирип, анын аймагынын кай бир бөлүгүн аннекциялаган. Украиналык балдарды депортациялаганы үчүн 2023-жылы Эл аралык Кылмыш соту Путинди камакка алууга ордер берген.
Буга чейинки президенттик мөөнөтүндө Конституцияны кайра жаздырып, өзүнүн буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгартып, Орусиянын ичинде саясий басымды күчөткөн. Натыйжада эң белгилүү оппозиционерлерди чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбурлап же каматкан. Шайлоодо 80% добуш менен жеңип чыгышы ыктымал. Орусиянын учурдагы мыйзамдары 2036-жылга чейин Путиндин бийликте калууусуна өбөлгө түзөт.
Талапкерлердин ичинен эң улуусу. "Келечекте солго бурулушту" сунуш кылууда. Путинди сындабай турганын баса белгилейт.
РФКПнын 75 жаштагы талапкери 20 жылдан ашуун убакыттан бери Мамдуманын депутаты. Харитоновдун шайлоо кампаниясындагы бирден бир күтүүсүз жагдай - партиянын көп жылдык лидери Геннадий Зюгановдун ордуна талапкер болуп чыккандыгы. "Капитализмде жеңилдик жана жетишет" деген ураан менен аттанып чыкты.
"Адамдарга карата сүйүү" жагарын айтып берген. Журналисттерге берген маегинде Путинден эмнеси артык экенин айта албай турганын жана Орусиянын президентин сындабай турганын убада кылган. 2022-жылы батыштын санкциясына кабылган. Украинаны "денцификациялоону" жактаган. Атаандаштарынын арасында сайты жок жалгыз талапкер.
ЛДПРдин талапкери, журналистке ыдык көрсөтүүгө айыпталган. Шайлоо кампаниясын партиянын маркум лидеринин аты менен жүргүзүүдө.
ЛДПРде Владимир Жириновскийдин ордун баскан. Сонку сегиз жылда думанын эл аралык иштер боюнча комитетин жетектейт. Окуппацияланган Крымга Европадан келген топтун сапарын уюштуруп, анысы үчүн 2014-жылы батыштын санкциясына кабылган. Орус проваслав чиркөсү менен ынак, Украинага басып кирүүнү колдойт.
2018-жылы бир эле учурда бир нече журналист, анын ичинде Би-Би-Синин журналисти дагы Слуцкийди сексуалдык ыдыкка айыптап чыккан. Талапкердин кампаниясы толугу менен маркум Жириновскийдин ишмердигине багытталып, өзүн анын ишин улантуучу катары эсептейт.
Мамдумада согуш үчүн добуш берип, тынчтыкты жактаган талапкер.
Анча таанымал эмес жаңы партиянын жаңы жүзү. Faberlic компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. 2023-жылы Москаванын мэрлиги үчүн ат салышып, 5%дан ашыгыраак добуш алган. Украина менен согуш боюнча "орусиянын шартындагы" "тынчтык жана сүйлөшүүлөрдү" жактайт.
Украинанын аймагын аннекциялоону жактагандыгы үчүн эл аралык санкцияга кабылган. Шайлоо алдында орус оппозициясынын бир бөлүгүнүн колдоосун алган. Максим Кац, Даванков - Крмелдин саясатына каршы чыккан орусиялыктар үчүн бир аз болсо дагы ыктуу талапкер деп эсептейт. Алексей Навальныйдын талапкерлери мындай пикирге макул эмес.