340 млн доллар уттум деп төбөсү көккө жеткен киши сотко кайрылды

Статистика боюнча, Powerball лотереясын утуп алганга караганда, чагылган тийип калуу ыктымалдуулугу жогору

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Джекпоттон 340 млн доллар уттум деп ойлогон Вашингтондун жашоочусу Джон Чикс, жеңүүчү катары жарыяланган билеттин номери менен анын лоторея номери дал келип калганын - жаңылыштык деп ырастаган Powerball менен DC Lottery’ни сотко берди.

Ал 2023-жылы январь айында Powerball лотереясынын утуш номерлери анын билетинин номерлери менен дал келип калганын биринчи жолу көргөндө, эмне дээрин билбей калганын айтты.

Бирок Лотерея жана кумар оюндарын башкаруу кеңсесине (OLG) барып билетин көргөзгөндө, алар утуштарын төлөөдөн баш тартышкан.

“Ал жактагы агенттердин бири, менин билетим эч жакка жарабайт деп, аны таштанды челегине ыргытып салса болорун айтты”, - дейт ал Би-Би-Сиге.

Чикс анын айтканын укпай билетти сактап коюп, адвокат тапкан.

Азыр ал лотереядан Powerball джекпотуна барабар өлчөмүндө зыяндын ордун толтуруу жана андан күн сайын түшкөн пайызды - жалпысынан $340 млн талап кылууда.

“Кокусунан болгон жаңылыштык”

Сот документтерине ылайык Powerball жана Вашингтондо жайгашкан лотереянын подрядчысы, Taoti Enterprises компаниясы бул башаламан техникалык жаңылыштыктардан улам пайда болгон деп ырастайт.

Сотко берген арызында Taoti’нин кызматкери, 2023-жылы 6-январда, Чикс билетти сатып алган күнү, сапатты көзөмөлдөө тобу сайтка сыноолорду жүргүзүшкөнүн айтты.

Сот документтерине ылайык ошол күнү Чикстин номерлери менен дал келген Powerball’дун тесттик номерлери кокустан сайтка жайгашып калган. Ал номерлер сайтта онлайн бойдон үч күн бою - 9-январга чейин турган.

Powerball, Taoti дагы Би-Би-Синин комментарий берүү суранычына жооп беришкен жок.

Чикс келишимди бузуу, шалаакылык, эмоционалдык стресске дуушар кылуу жана алдамчылык сыяктуу сегиз башка берене боюнча сотко кайрылган.

Анын адвокаты Ричард Эванс, эгер лотереянын утуш номерлери Чикстин номерлери менен дал келип калса, ал “бүт джекпотту” алганга укугу бар дейт. Болбосо, анын кардары лотереянын жаңылыш номерлерин жайгаштыруудагы “одоно шалаакылыктары” үчүн зыяндын ордун толтурууга укугу бар экенин айтат.

Эванс Би-Би-Сиге: "Бул доо, лотерея операцияларынын кепилдиги жана жоопкерчилиги, Powerball менен DC Lottery ырастаган каталарга каршы коргоо чаралары жөнүндө критикалык суроолорду жаратат", - деди.

Чикс Би-Би-Сиге үмүтүн үзбөөрүн айтты. Лотереядагы утуш Джондун жана анын үй-бүлөсүнүн жашоосун өзгөртө аларын кошумчалап, “Адилеттүүлүк орноорун билем”, - деди. Бул иш боюнча кийинки сот отуруму 23-февралга белгиленди.

Чикс же башка бирөөнүн лотереядан утуп алуу ыктымалдуулугу абдан төмөн - болжол менен 292,2 млн адамдын бири. Салыштырып көрсөк, АКШнын Улуттук аба-ырайынын кызматтынын маалыматтары боюнча келерки жылы чагылган тийүү ыктымалдыгы 1,22 млн адамдан 1ди түзөт. (NO)