Биринчи жолу лотерея ойноп, миллион утуп алган канадалык кыз

Сүрөттүн булагы, Loto Quebec
Канадалык өспүрүм 18 жашка жаңы чыгып, эми укугум бар деген ой менен өмүрүндө биринчи жолу лотерея сатып алган.
Чарли Лагард Канаданын Квебек провинциясынын тургуну. Ал 14-мартта 18 жашка толгон. Ал дүкөндөн бир бөтөлкө шампан жана лотерея сатып алган.
Өспүрүм биринчи жолу сатып алган лотереяны утуп алып, бир миллион канадалык доллар ($780,000) же өмүр бою аптасына $1,000 алуу тандоосуна ээ болгон.
Жаш кыз финансалык адистер менен кеңешип, өмүр бою аптасына 1,000 доллар алып турууну тандады. Себеби ага салык салынбайт экен.
"Апта сайын миң доллардан алса, ага салык салынбайт. Демек, өспүрүм бир жылда 100,000 доллар алып турат. Кызык жери ал өмүрүндө биринчи жолу лотереяны ойноп, утуп алды", -деди лотереянын басма сөз катчысы Патрис Лавой.
Чарли Лагард апта сайын алган акчага дүйнөнү кыдырып, жогорку билим алууга жумшайм деп билдирди.
"Мен фотограф болгум келет. National Geographic журналында иштөөнү кыялданам", -деди Чарли Лагард.
























