
Сушил Кумар - Ким миллионер болгусу келет? деген телеберүүнүн Индиядагы версиясында миллион уткан чыныгы адам. Ал Оскар сыйлыгын алган Сламдог Миллионери тасмасындагыдай өз бактысын ушул берүүдөн сынап көрүп, Индиянын тарыхында биринчи ирет бардык 13 суроого туура жооп бере алган. Мына ушул окуядан бир жыл өттү. Анын жашоосун бул миллион өтө деле катуу өзгөртүп ийген эмес.
Миллион долларды коротуунун көптөгөн жолу бар. Сушил Кумардын жупуну үйүнө баш бакканда ал утушунан түшкөн акчага алган алгачкы буюмун көрсөттү.
"Бул менин генераторум. 500 долларга сатып алдым. Мурда жаңылыктарды, сүйүктүү берүүлөрүмдү көрө албай кыйналчу элем. Анткени бизде электр жарыгы тез-тез өчүп турат. Эми минтип жыргам калдым", - дейт Сушил сыймыктанып.
Албетте, бир жыл мурда өзүн дүйнөгө тааныткан телеберүүнү калтырбай көрөт.

Индиянын эң эле жакыр аймактарынын бири Бихарда мамлекеттик мекемеде катчы болуп иштеген Сушил 50 миллион рупийди (1 миллион АКШ доллары) Ким миллионер болгусу келет телекөрсөтүүсүнөн утуп алган.
Психология боюнча жогорку окуу жайын бүтүргөн Сушилдин бул чоң утушка чейинки айлык маянасы болгону 100 доллар эле. 13 суроого туура жооп берип, 800 жылда таба турган акчасын бир түндө тапкан.
Чоң утуштун ээлери акчаны кантип коротушкан?
-
Улуу Британиянын Норфолк аймагынын тургуну лоторея ойноп, 15,6 миллион доллар утуп алган. Ал өзүн-өзү Чавс падышасы деп атап, бул байлыгын 8 жылда түгөттү.
-
Канаданын Нова Скотия аймагынын карыя тургундары. 11,3 миллион доллар утуп алып, 98 пайызын кайрымдуулукка жумшаган, калганын өлүмтүгүнө койгон.
-
1988-жылы АКШнын Пенсильвания калаасынан 16 миллион доллар утуп алат. Бул акча ага эч кандай жакшылык алып келген эмес. Ал тургай бир тууганы аны өлтүртүүгө аракет кылган учуру да болгон. 10 жыл ичинде бул акча үй, машине, учак, кеме сатып алуу менен бүттү.
-
2011-жылы Улуу Британиянын Чыгыш Сассексинин тургуну 29 миллион доллар утуп алган. Жүк унаа айдоочусу мамлекеттин эсебинен бир бөлмөлүү үйдө турчу. Эми чоңураак үйгө көчүп, эски машинесин жаңыртты.
Бул окуя дүйнөгө жел учкандай тарап, атактуу Сламдог миллионер киносундагыдай адам чыныгы жашоодо болгону жарыяланган. Баш каарман уткан миллионун эмнеге жумшаганы түшүнүксүз.
Сушилдин үйү абдан жөнөкөй. Төрт бөлмөлүү тамдын ар бир бөлмөсүндө эки орундуу төшөктөр салынган жана бурчта кичинекей телевизор турат. Бул үйдө ал аялы, ата-энеси, төрт иниси, эки келини жана алардын бир баласы болуп 11 киши жашайт.
"Биздин шаарыбыз абдан чакан. Мен утушка жеткенде экономикалык кыйынчылыктарым 100 пайызга чечилди. Менимче бул керемет болду окшойт. Кудайдын берекеси болду", - деп жылмаят Сушил.
Төшөгүндө мандаш токунуп отуруп алып, ал дагы бир баалуу буюмун, алгачкы таблет компьютерин көрсөттү. Өткөн аптада өмүрүндөгү алгачкы унаасын - кичинекей мотоцикл сатып алыптыр. Бир нече кымбат машине алганга акчасы турса да: Акчамды аябай кылдат, аяр иштетип жатам, - дейт ал.
Ал тургай үстүндөгү кийимдери да, былтыркы шоудан мурда эле кийип жүргөндөрү. Былтыртан бери ал 200 миң доллардай иштеткен.
Акчасынын көбү үйүнүн жанында курулуп жаткан тогуз бөлмөлүү чоң үйгө кеткенин айтууда. Ар бир уктоочу бөлмөнүн өзүнүн ваннасы болот, - дейт Сушил сүйүнүп.
Сушилдин айтымында чоң суммадагы акча анын өмүрүн кичине эле өзгөрттү. Бир туугандарынын банктан алган насыясын төлөп, аялына алтын белек-бечкек алып, калганын банкка салып койгон.

Негизи эле Индустар акчага сарамжал мамиле кылат. Муну Сушилдин жашоо образынан да көрсө болот. Ал акчасын пайдалуу иштерге жумшоо үчүн бир нече финансылык кеңештерди алган. Бирок утушун коротуунун жолдорун айткандар четинен чыгат.
"Бул акчаны уткандан бери менден жардам сурап кайрылгандардын саны аябай көбөйдү. Алар проблемаларын чечип, оорукчаны операцияга, үйү жогу тамга, кээ бири ал тургай баласынын үйлөнүү тоюна да акча сурашат. Бирок мен аларга жок деп айтууга аргасызмын. Биздин коомдо кимдир бирөөгө жардам кылсаң, калган миңдеген адамдын да назарын сындырбашың керек. Миллион көп акча бирок, адамдарга муну менен жардам берем десең, бир күндө эле жоготуп аласың", - деди Сушил Кумар.
Чоң утушка ээ болгондон кийин Сушил жумушун таштаган
Мурда ал Би-Би-Синин Индус кызматынын берүүлөрүн көп угуп жатып, билимин арттырган. Азыр болсо, убактысынын көбүн даректүү тасмаларды көрүп, китеп окуганга жумшоодо.
"Университетте психологиядан сабак берсем дейм. Ошондой эле өзүмдүн жеке китепканамды кургум келет. Китеп окуганды жанымдай жакшы көрөм", - дейт.
Сушилдин атасы азыр аларга үй тазалагыч келип жатканын айтып сыймыктанды.
"Мурда жарым литр эле сүт сатып алчубуз. Эми үч литр алып жатабыз. Кымбат жемиштерди алчу эмес элек. Азыр баарын жеп жыргап калдык, жашообуз өзгөрдү", - дейт Сушилдин атасы.
Сушилдин утушун 27 миллион индиялык теледен көргөн. Аны эми көчөдөн таанышып, атактуу адам катары кол тамга алышат.
Бир түндө баюу оңойбу?
Көп суммадагы утушка жеткендеги адамдын кулк-мүнөзү алардын мурда калыптанган аң сезмине жараша өзгөрөт.
Айрымдар жанталашып, көп акчаны тез арада коротуп жиберишсе, кээ бири кылдаттык менен акчаны керектөөсүнө гана сарптайт. Басымдуу бөлүгү болсо тез байыгандын айынан эйфория деген сезимге учурап өзүн жоготуп коёт.
"Индиялык Сушилдин кулк-мүнөзү ата-бабасынан бери калыптанып келген. Жупуну жашап, акчасын сарамжал колдонушу менен айырмаланат", - дейт психолог Санжай Чаг.
Миллионер Сушил бийлеп да акча табат
Сушил жеңишке жеткенде ага телевидениедеги шоуларга, көңүл ачуучу берүүлөргө катышуу үчүн сунуштар көп түшкөн. Бирок алардын баарынан баш тартып, бир гана Индиядагы Жылдыздар менен бий аттуу берүүгө Джалак Дикалая аттуу бийчи менен катышууда.

"Мен мурда кечелерде башкалар бийлеп жатса, четте карап турган уялчаак киши элем. Бийлегенди үйрөнүү менин эң негизги максатым болчу", - дейт ал.
Сушил миллионер болордон эки ай мурда Сиима аттуу кызга үйлөнгөн. Азыр жубайлар тун баласын күтүп жатышат. Баламдын келечегинен эми кам санабайм, - деп жылмаят Сиима.
Сушил Кумар өзүнүн эч кандай өзгөрбөгөнүн айтууда. Атүгүл ал кичинекей шаарчасындагы жупуну турмушун, чоң шаардагы шаңдуу жашоого да алмаштыргысы келбейт.
Мурда кандай Сушил Кумар болсом, азыр дагы ошол бойдонмун. Мындан ары да, ошол эле Сушил Кумар боюнча калгым келет, - деди ал.




