You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Өзбекстанда эмдөөдөн өтпөгөндөрдү иштен айдаган мыйзам күчүнө кирди
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Өзбекстанда эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерди иштен кетирүүгө жол берген мыйзамга президент Шафкат Мирзиеёв кол койду. Мыйзам парламент менен өкмөттүн органы болгон “Народное слово” гезитине жарыяланды.
Бул мыйзамга ылайык, Эмгек Кодексинин 113-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди. Эми жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучу болуп жатканда профилактикалык вакцинациядан өтпөгөн кызматкерди иш берген адам ишке киргизбей коюуга акылуу.
Ошондой эле мыйзамдын 28-беренесине киргизилген жаңы конкреттүү норма боюнча, өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин чечими менен карантиндик жана башка коркунучтуу инфекциялык оорулардын жайылуу коркунучу учурунда милдеттүү түрдөгү эмдөө иштери киргизилет.
Буга чейин эмдөө иштерин милдеттүү түрдө жүргүзүүгө мыйзам жол бербейт эле. Парламент депутаттары июлдун ортосунда бул маселени караган. Ошондо эмдөөнү мекеме-уюмдарда милдеттүү түрдө жүргүзүү, эмдөөдөн өтпөгөндөрдүн эркиндигин чектөө жөнүндө радикалдуу сунуштар айтылган. Бирок ошондо эле Өзбекстан либералдык-демократиялык партиясынын өкүлдөрү жер-жерлерде бөрк ал десе, баш алгандардын аракетинен адам укуктары бузулушу мүмкүндүгүн эскертишкен эле. Алар жарандарды вакцина алууга кызыктырган иштерди аткаруу жана вакцинаны тандоо укугун камсыз кылуу туура жол деп айтышкан.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссиянын чечими менен 17-июлдан баштап Өзбекстанда билим берүү, медицина мекемелеринин кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер, соода, тейлөө тармагындагы кызматкерлер үчүн милдеттүү түрдө эмдөө башталган.
“Укук коргоо органдары, дарыгерлер, мугалимдер милдеттүү түрдө биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек деген жарлык бар”,-деди ташкенттик мугалим Наргис.
Анын өзү ковид менен ооруп жаңы эле айыкты. Эми үч айдан кийин эмдөөдөн өткөнү жатат.
Массалык эмдөө Өзбекстанда 1-апрелде башталган. Соңку маалыматтар боюнча өлкөнүн 34,5 миллион калкынын ичинен 1,2 млн эмдөөдөн өттү. Эмдөөгө 7,5 миллион доза вакцина колдонулду. 3-августка карата коронавирус менен ооругандар 137 миңден ашты, каза тапкандар 893 адам болду.
«Коопсуздук эрежелерди баары эле сактаган жок. Адамдар өздөрүнүн ден-соолугуна ушунчалык шалаакы мамиле кыларына таң калып жатам. Адам өлүмдөрү көп болуп атат. Ооругандар көп. Менин оюмча карантиндик чараларды күчөтпөсө болбойт»,-дейт Наргис.
Элдин эмдөөдөн өтүүгө кызыгуусу жогору деп айтууга болбойт, ошон үчүн милдеттендирүү чаралары көрүлүп жатат. Ошол эле учурда жарандарга вакцинаны тандоо мүмкүнчүлүгүнүн жакшы болбой жатканы да эмдөөнүн аксап жатканына бир себеп болууда. Анткени, кээ бирөөлөр Спутник вакцинасын алгысы келет, бирок андай мүмкүнчүлүк бардык эле жерде эмес, баарына өзбек-кытай вакцинасы сунуш кылынууда. Анын үстүнө ушул биргелешип чыгарылган вакцина жөнүндө терс маалыматтар Интернет аркылуу көп жайылууда дешет.
ZF-UZ-VAC2001 вакцинасын экстрендик колдонууга Кытай менен Өзбекстанда гана уруксат бар. Кытайдын өзүндө Өзбекстандан кийин гана уруксат болду. Өзбекстан өз кезегинде тийиштүү лабораториялык эксперименттер тез өткөрүлгөнүн, анын абсолюттуу түрдө зыяны жок экенин изилдөөлөр аныктаганын билдирүүдө. Ошол эле убакта көп окумуштуулар бул вакцинанын эффективдүүлүгүн көрсөткөн ишенимдүү маалыматтар колдо жок деп жатышат.
Ал аңгыча Россиянын «Спутник» вакцинасынын биринчи партиясы Өзбекстандын өзүндөгү Алмалык шаарында чыгарылганы кабарланды. Анын сапатын Россия текшерип чыккандан кийин толук кандуу өндүрүш баштала турган болууда. Ошондой эле өткөн аптада "Модерна" компаниясынын вакцинасынын 3 млн 60 миң дозасы Ковакс программасы боюнча алып келинди. Бул эми өлкөдө вакцина тандоо мүмкүнчүлүгүн кайсы бир деңгээлде жогорулатат.
Президент Шафкат Мирзиеёв өзү дагы элди эмдөөдөн өтүүгө активдүү чакырып келатат. Бирок анын өзүнүн эмдөөдөн өткөнү так болбой, кандай вакцина эмделгени да ачык айтылбай, сыр болуп жатканы өзүнчө талкууланган маселе болууда.
Президенттин өкүлү Шерзод Асадов дүйшөмбүдө болгон брифингде "мамлекет башчысы жоопкерчиликтүү жаран катары вакцинацияга олуттуу мамиле кылып, эмдөөдөн өткөнүн" билдирди, бирок анын кайсы вакцинаны алганын ачык айткан жок.