Нью-Йорктогу көп кабаттуу үйдө чыккан өрттөн 19 адам каза болду

Published

Нью-Йорктун Бронкс районундагы көп кабаттуу үйдө чыккан өрттөн кеминде 19 адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алды. Каза болгондордун арасында тогуз бала бар.

Бул өрттү акыркы ондогон жылдардагы эң ири өрттөрдүн бири деп жатышат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, турак жай жекшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дөр чамасында күйө баштаган. Кызматка чакыруу келгенден кийин өрт өчүрүүчүлөр үч мүнөттүн ичинде окуя болгон жерге жетип барышкан. 200дөн ашык адам жалынды өчүрүүгө аракет кылган.

Өрттөн каза болгондор бардык кабаттардан табылды, алардын көбү көмүр кычкыл газына ууланып каза болушу ыктымал. Жалпысынан 60 адам жабыркап, алардын 32си өмүрүнө коркунуч туудурган диагноз менен ооруканага жаткырылган. Өрт өчүрүү кызматынын өкүлү Даниел Нигро пресс-брифингде "Биздин кызматкерлер ар бир тепкичте жүрөк жана дем алуусу токтоп каза болгондорду табышты",- деди.

Шаардык өрткө каршы кызматы 19 кабаттуу үйдөн чыккан өрткө электр жылыткычынын бузулушу себеп болгонун билдирди.

"Учурда 19 адамдын каза болгону белгилүү, көбүнүн абалы оор", — деди CNN телеканалына берген маегинде Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс.

Нигронун айтымында, өрт чыккан батирдин эшиги ачык болгондуктан түтүн имараттын бардык кабаттарына жайылып, натыйжада үйдүн көптөгөн тургундары андан чыгууга аракет кылып, истүү газга ууланган.

Буга чейин Филадельфиядагы турак жайдагы өрттөн 12 адам, анын ичинде сегиз бала каза болгон. 2021-жылы Нью-Йорктогу өрттөн 70тен ашык адам курман болгон. (MD)