You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Amazon компаниясы буюртмаларды дрон менен жектире баштайт
Британияда Apple компаниясын төлөмдөрдү "жай жүргүзүп жатат" деп айыптагандан кийин, миллиондогон iPhone колдонуучулары төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышы ыктымал. Мындай жараяндын айынан эски телефондордун иштеши байкалбастан акырындайт.
Google компаниясынын бир инженери, фирманын жасалма акыл түзүмдөрүнүн өзүндө акыл эси бар экенин ачык айтып чыкты. Көптөр мындай билдирүүнү сындап чыкса, Гугл аны четке какты. Ошондой болсо, да сүйлөшүүнүн сапаты таң калычтуу болууда.
Microsoft компаниясы 27 жыл иштеген Internet Explorer браузерин чыгарууну токтотту. Microsoft мындай планын өткөн жылы жарыялап, Internet Explorer 11ди акыркы версиясы катары чыгарды. Бир учурда ал базардын 95 пайызын ээлеген эле. Бирок соңку жылдары ал Google Chrome жана Mozilla Firefox сыяктуу тезирээк иштеген браузерлер менен атаандаша албай калган.
Amazon компаниясы, ушул жылдын аягында кардарларга буюртмаларды биринчи жолу дрон менен жектире баштайт. Бул үчүн компания учурда соңку органдын уруксатын гана күтүп жатат. Мындай идея буга чейин курулай сөз болуп келген. Калифорниянын Локфорд шаарында колдонуучулар, миңдеген товарларды абадан үйүнө жеткирип бериши үчүн катталса болот.