Алмакүчүков: Кызматтан кетейин деп эч кимге арыз жазган эмесмин, бул калп...

Published

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Мамлекеттик тарых музейине жаңы директор дайындалды. Соңку жылдары “жыгач аты, союлдарынан бери “алтын”, ашкана эмерегинин баасы асман чапчыйт” деген дооматтардан арылбай келген музей кайрадан талкууга түштү.  

“Өрттүн айынан далай экспонат жарабай калды” деген маалымат тарап, ал иш дагы далай чыр менен коштолуп келе жатат. Эми жаңы директордун дайындалышы жөнүндөгү кабар куттуктоолор менен кошо эле түрдүү суроолор менен дагы коштолуда.

Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Жылдыз Бакашова музейге директор болуп дайындалганын министрлер кабинети дагы ырастады деп маалымат каражаттары жазып жатат.

Би-Би-Си 2020-жылдын ноябрь айында “Ыйгарым укугунан аша чапкан” деген жүйө менен убактылуу кызматынан четтелилген Кеңешбек Алмакүчүков менен байланышты.

К. Алмакүчүков: Мен эч кандай кызматтан баш тарттым деп арыз жазган эмесмин. 2020-жылы териштирүү иши башталганда кызматтан кеткем. Адегенде райондук сотто акталып, кийин шаардык сотто дагы акталып чыктым. Себеби музейдеги ремонт, өрт иштерине менин эч кандай тиешем жок эле. Ушул жылдын 18-майында мени шаардык сот актап, кайрадан кызматы калыбына келтирилсин деген чечим чыгарган. Ошондон көп өтпөй мен арыз жазып, кызмат ордумду калыбына келтирүү туралуу мадиният министрлигинин кадрлар бөлүмүнө тапшыргам. Алар мыйзам чегинде каттап алышкан. Сот дагы менин акталганым тууралуу өз жол-жобосуна ылайык министрликке маалымат жолдошкон. Министр бул тууралуу кабары бар. Коомчулук мени туура түшүнсүн, мен кызматка жулунуп же талашып олтурган жерим жок, болгону мыйзам так аткарылсын. Мыйзамдын жана этиканын чегинде болсун. Менде да намыс бар. Мени менен байланышууга мүмкүн болгон жок деп айрым журналисттер жазып жатат. Андай эмес, мени менен эч ким байланышкан жок.

Би-Би-Си: Өзүңүз айтып жаткандай арыз жазбасаңыз, баш тартпасаңыз, сотто акталып чыккан болсоңуз мындан аркы иш аракеттериңиз кандай болот?

К. Алмакүчүков: Баары мыйзам чегинде болсун.

Би-Би-Си: Кезинде музейди оңдоо иши коррупциянын очогу болду, өрттөнүп далай экспонат жарабай калды деп аны мыйзам чегинде териштирүү башталды эле. Бул ишке сиздин тиешеңиз барбы?

К. Алмакүчүков: Ал боюнча өзүнчө соттук иш уланып жатат. Ошондуктан мен ага комментарий бергеним туура болбойт. Ал ишке менин тиешем жок.

Министрлик эмне дейт?

"Соттун чечими менен жумуштан четтетилген. Бирок шаардык сот акталды деп чыгарды. Бирок кайра ордуна коюу боюнча чыгара элек. Эгер ошентип чыгарып келсе кайра ордуна коюлат. Ошондуктан убактылуу Жылдыз Бакашова коюлду",-дейт Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов.