You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украинадагы согуш: Сумыдагы чабуулда 34 киши каза таап, 117 киши жарадар болду
Жекшемби күнү орус аскерлери Сумы шаарынын борборуна сокку урду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, 34 адам каза болду, анын ичинде эки жаш бала дагы бар. Чабуулдан 117 адам жаракат алды, алардын ичинен он беши балдар.
Украинанын ички иштер министри Игорь Клименконун айтымында, орус аскерлери Сумы шаарына баллистикалык ракеталар менен эки жолу чабуул жасашкан. Анын айтымында, жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Орус бийлиги Сумы шаарына болгон сокку тууралуу комментарий берген жок.
Сокку күндүз болгон, каза болгондордун жана жабыркагандардын көбү көчөдө, унааларда же коомдук транспортто жүргөн.
"Сокку түздөн-түз шаардын борборуна багытталган. Бүгүн, жаршембиде көп адамдар көчөдө жүрүшкөн, жакын жерде чиркөө да бар болчу. Так ошол учурда орусиялыктар сокку урушту. Алар карапайым калк бутага алынганын билишкен", — деди Игорь Клименко.
"Путин Американын толук жана эч кандай шартсыз ок атууну токтотуу сунушун көз жаздымда калтырып жатканына эки ай болду. Тилекке каршы, Москва адамдарды өлтүрүүнү уланта берсе болот деп эсептейт. Абалды өзгөртүү үчүн чара көрүү керек", – деп жазды президент Зеленский.
Би-Би-Синин украин кызматынын маалыматына ылайык, Сумы шаарындагы сокку Сумы мамлекеттик университетинин конгресс-борборуна да тийген. Бул жерде көп учурда балдар үчүн сабактар өткөрүлүп турган.
Жергиликтүү тургундар Би-Би-Синин украин кызматына: "Бул конгресс-борбордун имараты ижарага берилчү жана ар түрдүү курстарды, ийримдерди, мастер-класстарды өткөрүү үчүн пайдаланылган. Чындыгында бул имарат бүт шаар үчүн билим берүү борбору катары кызмат кылып келген", – деп билдиришти.
Сокку болгон аймакта көчөлөр да зыянга учурады, унаалар, жакын жайгашкан үйлөр талкаланды.
Окуя болгон жерде тартылган сүрөттөрдөн көчөдө жаткан сөөктөрдү көрүүгө болот.
"Көптөгөн жай тургундар өлтүрүлдү жана жаракат алды. Улуу христиан майрамында болгон мындай чабуул (13-апрель, жекшембиде Верба майрамы белгиленет) жамандыктын жеткен чеги", – деп билдирди Украина тышкы иштер министри Андрей Сибига.
"Биз бул аскердик кылмыш тууралуу кеңири маалыматты бардык өнөктөштөрүбүзгө жана эл аралык институттарга берип жатабыз. Биз бардык борборлорду жана штабдарды чечкиндүү жооп кайтарууга чакырабыз. Орусия АКШнын ок атууну токтотуу сунушун кабыл алуудан экинчи ай катары менен баш тартып жатат. Тескерисинче, террорду күчөтүүдө. Ал эми Украина бул сунушту 11-мартта эч кандай шартсыз кабыл алган", – деп кошумчалады ал.
"Сумы шаарына орусиялык баллистикадан жасалган коркунучтуу сокку. Душмандын ракеталары шаардын көчөлөрүнө, үйлөргө, билим берүү мекемелерине, көчөдөгү унааларына тийди. Сокку адамдар чиркөөгө бара турган күндө болду", – деп жазды президент Владимир Зеленский.
"Мындай кадамга айбан гана барат. Карапайым адамдардын өмүрүн кыюу – жапайычылык. Маркумдардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Азыр куткаруу операциясы жүрүп жатат. Бардык керектүү кызматтар иштеп жатышат", – деп кошумчалады Зеленский.
"Дүйнөнүн катаал реакциясы керек. Америка Кошмо Штаттарынын, Европанын жана бул согушту, бул өлтүрүүлөрдү токтотууну каалаган дүйнөдөгү ар бир адамдын реакциясы керек. Орусия дал ушундай террорду көздөп жатат жана согушту атайылап созуп келет. Агрессорго басым болбосо, тынчтык мүмкүн эмес. Сүйлөшүүлөр абадан соккуларды эч качан токтоткон эмес. Орусияга террорист татыктуу болгон мамиле жасалышы керек", – деп жазды Украина президенти.
Дүйнө кандай кабыл алды?
Польшанын премьер-министри Дональд Туск X (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнүнө: "Орусиянын ок атышпоо версиясы ушундай. Кандуу Жекшемби, Сумы, Украина", – деп жазды.
Туск мурдараак: "Бир нече саат мурун орус ракеталары Сумы шаарында аялдарга, эркектерге жана балдарга тийди. Адамдардын өлүмү өтө трагедиялуу. Жамандыктын кесепети азыр ал Польшага жана бүтүндөй Европага коркунуч туудуруп жатат", – деп айткан.
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер да Сумы шаарына жасалган соккуларды айыптап, аларды "үрөй учурган окуя" деп атады.
"Президент Зеленский тынчтыкка умтулганын көрсөттү, эми президент Путин да Украина сыяктуу эч кандай шартсыз, толук жана дароо ок атышууну токтотууга макул болушу керек", – деп кошумчалады Стармер.
Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон да Орусиянын Сумыга жасаган чабуулу "алардын адам өмүрүнө болгон коркунучтуу мамилесин айкын көрсөтүп жаткат" деп айткан.
АКШ президентинин Украина жана Орусия боюнча атайын өкүлү Кит Келлог социалдык тармакта Орусиянын Сумыга жасаган соккусун "адамгерчиликтин бардык чегинен ашкан аракет" деп атады.
Ал баллистикалык ракета менен сокку уруу туура эместигин, президент Трамп бул согушту токтотуу үчүн болгон аракетин жумшап жатканын кошумчалады.
Ага жооп катары Украина президентинин кеңешчиси Дмитрий Литвин: "Сиз Москвадагы качырды мурунга тактай менен бир чапчу убакыт келди деп ойлобойсузбу?" – деп жазды.
Кийинчерээк Сумыга болгон чабуул жөнүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио X социалдык тармагында: "Америка Кошмо Штаттары Сумыга болгон орус ракетасынын коркунучтуу чабуулунун курмандыктарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", – деп билдирди.
Дүйшөмбүгү караган түнү Дональд Трамп да бул чабуулга комментарий берди. Ал соккуну "коркунучтуу" деп атады, бирок Орусиянын атын атаган жок.
"Бул абдан коркунучтуу деп ойлойм. Мага алар ката кетиришкен деп айтышты. Бирок бул жакшы эмес. Менимче, согуш өзү эле коркунучтуу нерсе", – деди Трамп.
Европалык лидердер да Сумыга болгон чабуулдарды кескин сындашты.
Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен бул чабуул Орусиянын агрессор экенинин дагы бир жолу айгинелегенин билдирди.
Германиянын кызматтан кетип жаткан канцлери Олаф Шольц кол салууну "үрөй учурган окуя" деп атап, Орусия Украинага каршы агрессивдүү согушун тынымсыз улантып жатканын далилдегенин белгиледи.
Германиянын болочок канцлери Фридрих Мерц Орусия аскердик кылмыш жасаганын билдирди.
Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони "орусиялыктардын коркунучтуу жана коркок чабуулун" айыптады.
Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский орус лидерлерин "киши өлтүргүчтөр", ал эми ракеталык соккуну "жырткычтык" деп мүнөздөдү.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кая Каллас Украина эч кандай шартсыз ок атышпоо келишимине макул болуп жатканда Орусия Сумыга кол салуу менен чабуулдарды күчөтүп жатканын далилдегенин айтты.
Европа Кеңешинин президенти Антонио Коста Орусиянын "зордук-зомбулук кампаниясы" уланып жатканын билдирди.