Нетаньяху Газадан палестиналыктарды чыгаруу планы үчүн Трампты мактады

Кыйраган Газа

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыйраган Газа
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамптын палестиналыктарды Газа секторунан чыгаруу сунушун чечкиндүүлүк катары сыпаттап, бул планды ишке ашыруунун үстүндө иштей турганын билдирди.

Өткөн аптада Трамп Газа тилкесин көзөмөлгө алуу, анклавды "Жакынкы Чыгыш Ривьерасына" айландыруу жана палестиналыктарды башка аймактарга көчүрүү сунушу менен дүйнөнү нес кылган.

Жекшембиде Нетаньяху Израилге келген АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолукту. Алар башка маселелер менен катар Газа тилкесинин келечегин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Нетаньяху АКШ менен Израилдин Газага карата "жалпы стратегиясы" бар экенин айтты.

Рубио Трамптын чечкиндүүлүгүнө жана альтернативдүү идеяларына баа бергенин белгиледи.

Бул арада Трамптын радикалдуу идеясын араб өлкөлөрү, анын ичинде АКШнын союздаштары Иордания, Египет жана Сауд Арабиясы четке каккан. Алардын баары мындай билдирүү ансыз да морт болуп турган элдешүү келишимин үзгүлтүккө учуратып, Жакынкы Чыгышта туруксуздук күчөшү мүмкүн экенин эскертишкен.

Жакынкы Чыгыштагы абал

Сүрөттүн булагы, Reuters

Рубио АКШнын башкы дипломаты катары Жакынкы Чыгышка жасаган сапарынын алкагында биринчи Израилге барды. Жакынкы күндөрү ал Сауд Арабиясына жол тартат. Ал жерде орус чиновниктери менен жолугуп, Украинадагы согушту токтотуу жолдорунун талкуулайт. Бул жолугушууга Украина да, Европанын башка өлкөлөрү да чакырылган эмес.

Мындан тышкары Рубио менен Нетаньяху ХАМАСты жок кылуу, Ирандын өзөктүк державага айланышына жол бербөө маселелерин жана Сириядагы кырдаалды талкуулашты.

"Иранда өзөктүк курал болбошу керек", - деди Израилдин премьер-министри.

Рубио ХАМАС радикал кыймылын жок кылууга үндөдү. Ал бул топ мындан ары аскердик же өкмөттүк күч катары жашай албай турганын белгиледи.

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы элдешүү жараяны акыркы күндөрү коркунучка кептелди. Тараптар бирин-бири келишимдин шарттарын аткарбоого айыпташты. Ал ортодо Трамптын Газанын келечеги жөнүндө билдирүүлөрү отко май чачкандай болду.

Нетаньяхунун айтымында, дүйшөмбүдө Израилдин делегациясы келишимдин биринчи баскычын ишке ашырууну талкуулоо үчүн Каирге барат.

Израил - ХАМАС тынчтык келишиминин беренелери

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы келишим үч этаптан турат.

Бир нече айга созулган сүйлөшүүдөн кийин Катарда келишимдин биринчи баскычы боюнча макулдашууга жетишилген.

Макулдашууда 42 күндүк мөөнөткө ок атышууну токтотуу сунушу камтылган, бул аралыкта:

ХАМАС барымтадагы 33 израилдикке азаттык бериши керек. Бул топко балдар, аялдар, улгайган жана саламаттыгы начар кишилер кирет;

Израил 1900дөй палестиналык туткунду бошотушу керек;

Израилдин куралдуу күчтөрү Газа тилкесинин калктуу аймактарынан чыгып кетет. Бирок сектордун чек ара аймактарында, анын ичинде Филадельфия коридорунда калат. Ошол эле маалда Израил аскерлери тилкени түндүк жана түштүккө бөлүп турган стратегиялык мааниге ээ Нецарим зонасынан чыгып кетүүгө тийиш;

Жер которгон палестиналыктар өз аймактарына кайтып келе баштайт;

Газага күнүгө жүздөгөн жук ташуучу унаа менен гуманитардык жардам келе баштайт.

Биринчи этап өз нугунда өтсө, тараптар экинчи баскычты макулдашууга киришет жана ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

Ок атышууну толугу менен токтотуу;

Барымтада калган туткундарды алмашуу;

Израил аскерлерин Газа тилкесинен толугу менен чыгаруу.

Үчүнчү этапта Израил барымта учурунда өлтүрүлгөн жарандарынын сөөгүн алат. Эл аралык донорлор Газа секторун калыбына келтирүүгө киришет.