“Ихсан”: юрист жарнамачылардын да жоопкерчилигин эскертти

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Турак жай кооперативдерине алданган жарандар көп болуп жатканына байланышуу Жогорку Кеңеште атайын мыйзам долбоору демилгеленип жатат. Аны "Ишеним" фракциясы сунуштап,  өлкөдөгү турак жай кооперативдеринин ишмердигине бөгөт коюу каралууда.

Бул демиге өлкөдө алты миңдей адам “Ихсан” турак жай кооперативине акчасын алдаттык дегенден кийин депутаттар тарабынан көтөрүлдү.

Акинай Бекмурзаева

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Ихсан" турак жай кооперативинин төрайымы Акинай Бекмурзаева учурда камакта

Кыргызстанда соңку жылдары “Ихсан” турак жай кооперативи болуп көрбөгөндөй жарнамалык өнөктүк жүргүздү. Компания кардарларын миллиондогон аудиоториясы бар блогер,  диний аалым жана вайнерлер аркылуу тартып жатты.

Мисалы, Instagram баракчасында 122 миң, ал эми YouTube баракчасында 192 миң катталуучусу бар Садыбакас ажы сөз болуп жаткан турак жай кооперативи ага бекер батир бергенин айтып, көзү жашылданганы да бар.

“Ушул компания мага Аллахтын ыраазычылыгы үчүн эң мыкты жерден бир бөлмөлүү батир белекке беришти. Аллахым ушуларга ыраазы болсун”.

Же актер, вайнер Актан Рыскелдиевди алалы. Анын Instagram баракчасындагы катталуучулары бир миллиондон ашат. Ал дагы бул турак жай кооперативи аркылуу үйлүү болгонун айтып, жетине албай жатканын жарыялаган эле.

Актер, вайнер

Сүрөттүн булагы, Screenshot

“Сүйүнчү, биз үйлүү болдук, буйруса. Ихсан кооперативине да терең ыраазычылык билдиребиз. Ошол кооператив аркылуу үйлүү болдук”.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Акчасын алдатып ийген жарандардын бир тобу эми аларды үндөгөн белгилүү адамдардын жоопкерчилиги тууралуу да маселе көтөрүп жатышат.

Коомдук сайттарда Тилек Рыскулов аттуу колдоонучу "жүздөгөн адамдарды алданышына себепчи болгон, Ихсан кооперативинин ишинин илгерилетип, итинин чөп жешине салымын кошкон "жылдызчалар" да жоопко тартылышы керек",- деп жазды.

Юрист Бексултан Осмоновдун комментарийи:  

“Мындай кооператив жетекчилери Кылмыш кодексинин 209-Алдамчылык жана  210-ишенип берилген мүлктү коротуу беренелери менен жоопкерчиликке тартылып жатышат. Турак жай кооператив ээлери ошол мүлктү короткону үчүн реклама кылган адамдар жооп бербейт. Коюлуп аткан экинчи берене бул – алдамчылык. Ал жерден жопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бирок ар бир реклама кылган адамды жеке карап чыгыш керек. Ал адамдар жөн гана реклама кылыштыбы же ал кооперативге тешеси барбы?”.

"Ихсан" турак жай кооперативинин төрайымы Акинай Бекмурзаева эки айга камакка алынды. Эми ал  8-сентябрга чейин №1 тергөө абагында кармалат.  

Ал тапта кооперативге салган акчаларын кайрый албаган жарандар бийликке кайрылып, чыгымынын кайтарып берүүнү суранып жатышат.

Зарылбек Шермаматов, жабырлануучу

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зарылбек Шермаматов, жабырлануучу

“Азыр алты миңдей адамдын тагдыры бүдөмүк болуп турат. Айрымдары үйлөрүн сатып алышкан. Кээ бирлери он-жыйырма жылдап ичпей-жебей тапкан-ташыганын ушул компанияга салышкан. Эми булар акчасын кайдан алат деген чоң суроо жаралды”,- дейт жабырлануучу Зарылбек Шермаматов.

Ал былтыр сентябрда “Ихсанга” акча салып, быйыл февралда үйлүү болом деп кыялданып жаткан.  Ал эмне үчүн толгон-токой мүмкүнчүлүктөрдүн арасынан “Ихсанга” ишенип алганын түшүндүрдү.

“Мен алардын күчтүү рекламасына ишенипмин. Анткени мен тааныган адамдар, досторум бул компаниядан үй алышкан эле. Мен да ал кыялдарга жетеленгем. Аалымдардын келип реклама кылганы, белгилүү блогерлердин жарнамасына арбалыпмын”.

ИИМ “Ихсан” турак жай кооперативине алданган жарандарды бүгүн дагы бир жолу арыз менен милицияга кайрылууга чакырды.

Дүйшөмбүдө өткөн басма сөз жыйынында министр Улан Ниязбеков чулгандуу “Ихсан” кооперативи тууралуу да суроолорго жооп берди:  

ИИМ министри Улан Ниязбеков

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ИИМ министри Улан Ниязбеков

“Эсептерине, үйлөрүнө арест салынды. Тергөө амалдары жүрүп жатат. “Ихсан” боюнча 121миллион сом зыян келтирилгени аныкталды. Ага алдангандар дагы болсо, бизге келип арыз жазса чара көрүп, бүт барын толуктап бергенге аракет кылабыз”.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, ИИМ алардын саны 100гө чамалайт деп болжойт.  

Быйыл турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча жалпы 73 кылмыш иши козголуп, анын 37 сотко өткөн.

“Турак жай кооперативдери коммерциялык эмес негизде түзүлгөндүктөн, бизнеске жатпайт. Бул адамдардын топтошуп, үй куруп же сатып алалы деп уюушулган юридикалык жагы гана болот. Кыргызстанда бул жаатта абал өтө оор болуп кете электе, өкмөт кийлигишүү керек. Буларды көзөмөлдөгөн орган коюп, лицензия берсе ага талап койбосо болбойт. Себеби, кооператив эмне экенин билбей, аны ачып алган адамдар көп болуп жатат. Көп убакта диний кандайдыр бир халал деген сертификаттарды алып, эл ошонусуна ишенип келип атышат”,- дейт юрист Бексултан Осмонов.

Буга чейин Улуттук банк турак жай кооперативдеринин иштөө принциби финансылык пирамидага окшош деген эскертүүсүн берген.

Бирок мамлекет буга чейин бул тармакты башкарууга алган эмес.