
2010-жылы күз айында турак-жайы жок, жер үлүшү жок тургундар Оштун чет жакасындагы айдоо аянттарын басып алууга аракетенишкен. Бул окуядан кийин өкмөт жер бөлүп берүү убадасын берген эле.
Кыргызстандын Ош аймагындагы турак-жайга муктаж тургундарга жер бөлүп берүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссия ишин баштады. Жер алууга муктаж деп арыз жолдогондор саны 60 миңге чамалаганы айтылган. Аталган комиссия иликтеп чыгып, чыныгы муктаждар такталып, жаз алды менен жер берилерин билдирди.
Бул маселе аймакта үч жылдан бери курч койулуп келатат. 2010-жылы күз айында турак-жайы жок, жер үлүшү жок тургундар Оштун чет жакасындагы айдоо аянттарын басып алууга аракетенишкен. Бул окуядан кийин өкмөт жер бөлүп берүү убадасын берген эле.
Жер басып алуу аракеттери да болду. Бул эми мыйзамга тескери иш-аракет. Бүгүн эми мыйзамдын негизинде чечилсин деп комиссия түзүлдү-дейт өкмөттүн Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаев.-Жазга чейин жер бөлүү боюнча тиешелүү иштер аткарылат. Жаз башында жерди мыйзамдын чегинде бөлүштүрүү иштери болот. Болжолдуу түрдө 60 миңге жакын киши жерге муктаж деп айтылып жаткан башында. Эми бул жерде бир эле киши 2-3 жерден арыз бериши мүмкүн. Бул боюнча жумуш топ түзүлгөн, ар бир документтер каралып чыгат. Өкмөттүн токтому менен 1979 гектар жер тарнсформацияланган. Араван, Кара-Суу райондорунун аймактарынан берилген. Жерге муктаждарды камсыз кыла алабыз деп ойлойм.
2010-жылы Ош аймагында жүздөгөн тургундар Оштун чет жакасындагы аядоо аянттарын өз алдынча басып алып, бөлүштүрүү аракетин көрүшкөн. Бийлик аларга жер бөлүп берүү убудасын бергенден кийин мындай аракеттер токтогон эле. Былтыркы жылы бир катар тургундарга жер тилкелери бөлүнүп берилди. Бирок шаарда туруктуу каттоосу жок, ижарада жашап жүргөндөрдүн абалы кыйын болуп жатат-дейт өзүн Зууракан деп тааныштырган тургун.
-2001-жылдан бери жерге жетпей келатабыз. Ошко келгенден бери ижарадан-ижарага көчүп жүрөбүз. Эми шаарда каттоосу барларга берилип жатат. Бизге окшогон айылдарда катоосу калып, өздөрү Ошто жүргөндөр жүрөбүз.
Былтыркы жылы Оштун чет жакасындагы Кең-Сай, Ачы массивдеринен 31 миң кишиге жер бөлүнүп берилери айтылып, бир нече кишиге жер тилкеси бөлүнгөн. Ал жерлердин инфраструктурасын жакшыртуу жагын да жергиликтүү бийликтер колго алганын айтышкан эле. Мыйзамдык карам-каршылыктардан улам жер бөлүү маселеси кечеңдеп келатканы айтылууда.
Мекемелер аралык түзүлгөн комиссия мына ушул абалды жолго салып, чечим кабыл аламакчы. Серпечилер Ош аймагында жер маселеси абдан талылуу маселердин бири экенине көңүл буруп келатышат. Соңку жылдары турак-жай үчүн бөлүнгөн жер тилкелери чоң бизнеске айланып кеткени, карпайым атуулдардын жер алууга мүмкүнчүлүгү болбой калганы айтылган. Арты келип, жер басып алуу өңдүү наарзылык акцияларына өсүп жеткени бар.




