Украинадагы согуш: эки тарап эмнеге жетти, эми эмне болот?

Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

Олег Черныш, Би-Би-Си, Украин кызматы

Орус армиясынын жазгы-жайкы чабуулдары али аягына чыга элек. Бирок анын азыркы жыйынтыгы Крмелдин үмүтүн толук актай албай калганын айтууга болот. Жазында чама-чаркы кетип калган Украина акырындап өзүнө келип жаткандай. Ошентсе дагы чаалыккан армия жана курал-жарактын тартыштыгынан дагы деле кыйналып турат.

2024-жылдын жазгы-жайкы мезгилине эки тарап ар башка аблада келген. АКШ Конгресинде чечилбей калган жардамдан улам жана Украина куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктоо боюнча мобилизация мыйзамы абдан жай жүргөндүктөн Украина алсырап калган. Ошондой эле украин армиясынын жетекчилигин алмаштыруу дагы жүргөн эле.

Чоң жоготууларына карабай Орусия Украинанын Донецк — Авдеевкага жакын жайгашкан маанилүү форпостун ээлеп алган жана бир аз тыныкккан соң дароо бир нече багыт боюнча чабууладарын уланткан.

Орусиялыктар Покровск, Часов Яр, Купянск, Лиман, Северск, Угледар, Курахово багыттарында чабуулун жүргүзгөн.

Алар мындан сырткары Херсондун алдындагы Крынка плацдармын "кесип алып", Запорожье областындагы Роботиного жакын аймактарды ээлеп алууга аракет кылган.

Кремль дагы эки фронтту ачкан. Орус күчтөрү май айында Харьков областына Волчанск жана Липцовго жакын жерден басып кирип, а июнь айында Донецк областына Торецк тараптан чабуул койгон.

Бул багыттардын баарында орус күчтөрү алдыга жыла алды. Бирок алар муну менен максатына жетишитиби, көздөгөндөрү орундалдыбы деген маселеде Би-Би-Си Украина кызматы өткөргөн сурамжылоодо аскер эксперттеринин пикири ар башка чыкты.

Бирок пикирлери бир маселеде дал келди. Алар орус-украин согушунда 2024-жылдын күзү чечүүчү учур болуп калышы толук мүмкүн дешет.

Орусиянын согуштагы негизги жетишкендиктери

Жазында жана жайында орус аскерлери украинанын бир дагы ири шаарын ээлеп ала алган жок. Бирок алар Покровск багытында 35 км ичкери карай жылууга жетишти. Торецк тараптан 9-10км илгерилеп, Угледар менен Кураховдо позицияларын жакшыртууга үлгүрүштү.

"Стратегия ХХІ" Глобалдык борборунун коопсуздук программасынын жетекчиси Павел Лакийчук мунун баарын стартегиялык жетишкендик деп эсептөөгө болбойт дейт.

"Орусиялыктар Бахмуттан Авдеевкага чейин стратегилялык секирик жасап, Торецк менен Часов Яр районунун аралыгындагы украин күчтөрүн курчап калабыз деп ойлошкон. Андан ары карай Украин күчтөрүнүн таш-талканын чыгарууну көздөшкөн",- дейт эксперт.

Бул план ишке ашпай, Кремль тез арада планы менен тактикасын өзгөртүүгө аргасыз болду.

"Удаа-удаа сокку жана жарып өтүүнүн ордуна орусиялыктар фронтту басуу тактикасына өттү. Анын чыгымы алда канча көп жана удаа-удаа чабуулдардагыдай натыйжа бере албайт. Кенен мейкиндикке жол ачып бербейт",- дей Лакайчук.

Деген менен израилдик эксперт Давид Гендельман, реалдуу алып караганда, бул согушта орусиянын жайкы чабуулдары "кайсы бир деңгээлде ийгиликтүү" деп эсептөөгө болот деп санайт.

Анын сөзүнө караганда, 2022-жылдын күзүнөн жана Херсонду менен Харьковду бошоткондон кийин фронтто эки тараптын тең байма-бай жана жарып кирген жүрүштөрү тууралуу айта албайбыз.

Ошол эле учурда ал, күздүн башталышында фронтто Украин куралдуу күчтөрү үчүн абал оорлой берет деп белгиледи.

Украиналык тарыхчы жана аскер эксперти Михаил Жироховдун пикири боюнча, орус армиясынын жазгы жана жайкы ийгиликтери Украин куралдуу күчтөрүнүн катасынан улам ишке ашты.

Эң негизги жоготуу — Авдеевка жана Покровканын ортосундагы Донецктин Очертино шаарын апрель айынын соңунда алдырып жиберүү.

Кийинки көйгөй — ушул эле багыттагы Прогресс кыштагын июль айында алдырып жиберүү.

"Очертино жана Прогресс — бул биздин командачылыктын кашкайган катачылыгы. Орусиялыктар муну жөн жерден эле пайдаланып кетишти. Бул алардын украин коргонуусун кемирип өткөн Бахмуттагыдай аракетинин үзүрү эмес",- деп эсептейт эксперт.

Ал орусиянын чабуулдары дал эле август, сентябрдын башында туу чокусуна жетет деп эсептейт. Бул учурда орус армиясы максималдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Биринчи кезекте техника жана курал-жарак жагы.

Бул Орусиянын курал-жарак өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу. Адатта алар жарым жылдагы өндүрүшүнүн көлөмүнөн дагы көп чыгарган учуру.

"Башкача айтканда, 1-июлда коргонуу бөлүмү аскерлерге тиешелүү өлчөмдө курал-жарак бере баштайт. Августка карата резервдерди толуктоо жүргөнү айдан ачык",- дейт Жирохов.

Орусиянын чабуулунун негизги багыты — Покровск. Орус армиясы бул шаарга 10 км жакындап келди.

Бирок Давид Гендельман белгилегендей, Орусиянын бул аймакта операция жүргүзүп жаткан "Центр" командачылыгы, шаарга тикелей чабуул койбой фаланганы Селидовду көздөй абдан иш билгилик менен кеңейтип, өздөрүн контрчабуулдардан коргоонун айла-амалын кылып жатат.

"Украин командачылыгынын фронттун бул аралыгындагы иш аракети анчейин түшүнүксүз", - деди Покровск багытында салгылашып жаткан офицерлеринин бири Би-Би-Синин украин кызматына.

Зеленский менен Сырскийдин бул багытты күчтөндүрүү боюнча жалпыга тараткан билдирүүлөрүнө карабай, кээ бир бөлүмдөр ал жактан чыгарылып, дагы бирлери согушу жок эле тереңдеп ичкери көздөй чегинип кетүү боюнча буйрук алган.

Украин күчтөрүнүн генералдык штабы душман менен Покровсктун өзүндө же ага кире бериште салгылашуу тактикасын тандап жатышы ыктымал.

Азербайжандык аскер талдоочусу Агил Рустамзаде кырдаалды башкача баалоодо. Анын пикирине караганда, эки тараптын тең "шашылыш чечүүнү талап кылган кризистери" бар. Украин тараптыкы Покровск болсо, Орусияныкы Курск багыты.

"Ошондуктан азыркы абалды таразалай келгенде, эки тараптын бири стратегиялык ийгиликке же чечүүчү артыкчылыкка ээ болду деп айтуу туура болбой калат",- деди ал Би-Би-Сиге.

Тараптардын чабуулдары кышка чейин же чыкыроон суук түшкөнчө уланат деп болжойт эксперт.

Украинанын жайкы ийгиликтери

Киши жетпей, курал-жарак тартыш болуп жаткан шартта дагы фронтту кармап туруунун өзүн украин тараптын жазгы-жайкы ийгилиги десе болот. Коргонуу күчтөрү орусиянын Харьков багытында 10-майда башталган басып кирүүсүнө туруштук берип, тез арада аймакка тереңдеп кирип барышына жол берген жок.

Волчанск жана Липцов багытында төрт айга жакын созулган кармашта Орусия фронт чегинде дээрлик жылышы жок, кыймыл кыла алган жок десе да болот.

Мындан сырткары дал ушул учурда Украинанын коргонуу боюнча өндүрүшү алыска уча турган дрон чыгарууну көбөйтө алды. Анын саны, регулярдуулугу жана колдонулушу боюнча Украина Орусияны ашып өттү. Орусиянын коргонуу обьекттери дээрлик күн сайын учкучсуз аппараттардын соккусуна кабылууда. Алардын арасында аскердик аэродромдор, нефтибазалар жана мунайды кайра иштетүү комплекстери бар.

Украин бийлиги ракета чыгарууда, басымдуусу баллистикалык ракета өндүрүүдө "жылыш" бар экенин айтууда.

Баардык эксперттер 6-августта Курскту көздөй башталган чабуул бул жайдын башкы окуясы болуп калды деп бир ооздон белгилеп жатышат.

Бул күтүүсүз, абдан ойлонулган, тынымсыз операция болду жана аскердик жактан белгилүү бир ийгиликтерге жетти.

Давид Гендельман, Покровск багытындагы коргонуу аракеттери анчейин жүрбөй жаткандыгынан улам Киев ушундай чечимге келд деп эсептебейт. Ал шахмат оюнундагыдай окшоштуктарды пайдаланууда.

"Стратегиялык маанисинде "шахматтын тактасын титиретип" салуу тапшырмасы коюлган деп айтууга болот. Бирок азыркы учурда тактадан кайсы бир фигура кулап калганын көрө элекпиз. Азырынча алар тактанын кылда четинде шалкылдап калабы жана ордунда эле турабы дегенге ыктымал аз",- деп эксперт өз оюн өтмө маанисинде айтып жатат.

Анын сөзүнө караганда, Украин күчтөрү Курскту канчалык узак кармап тура алат жана ага Москва кандай реакция кылары маанилүү.

Курск операциясы эң негизги окуя жана ал "орусиялыктарга баардык картаны чалмакей чалып салды" дегенге Павел Лакийчук дагы макул, ал дагы ошондой деп атоодо.

"Аскердик тобокелчиликтерге карабай, курск операциясы согуштун жүрүшүн өзгөрттү", - деп белгилешет коргонуу тармагын изилдөө боюнча британдык Королдук институттун изилдөөчүлөрү. "Бул эл аралык жардамдардын "чоргосун" ачык бойдон кармап турууга жетиштүүбү жана 2024-жылдын ноябрында АКШда өтө турган президенттик шайлоодон кийин да ошол бойдон калабы деген маселе Киев Курскту сүйлөшүүлөрдө алмашуучу "тыйын" катары кармап тура алабы дегенден көз каранды",- деп айтылат макалада.

Изилдөөчүлөрдүн пикирине караганда, курск операциясы чекти жогорулатты. Эгерде украин тарап "мисалы Крымда же дагы башка жерде" башка күтүүсүз операцияларды жасай турган болсо бул чек дагы жогорулашы мүмкүн, деп эсептешет RUSI эксперттери.

Покровск, күз — чечүү учур

2024-жылдын күзү орус-украин согушунда чечүүчү учур болуп калышы мүмкүн.

Дал ушул учур аскердик жана саясий чечүүчү окуялардын мезгилине туш келет, дейт Давид Гендельман.

Сөз Курск областындагы салгылашуу, Покровск үчүн кармаш жана АКШда ноябрь айында өтө турган президенттик шайлоо жөнүндө жүрүп жатат. Киевдин АКШ жардамынан тикелей көз каранды абалынын шартында Ак үйдун жаңы кожоюнунун ысымы абдан олуттуу таасир берет, деп эсептейт изралдик талдоочу.

Мындай пикирге баары эле макул эмес.

"Бул күздө кандайдыр бир бурулуш болот деп абдан айткым келет. Бирок фактыны кабыл алуу керек. Бул узакка созулган согуш жана кармашып жактан бир дагы тарап чечүүчү артыкчылыкка ээ эмес жана чукул бурулуш жасап жибере албайт",- деп эсептейт Агил Рустамзаде. Согушта дарманы калбай калуу керек болсо чукул келген ийгилик стратегиялык бурулушка жеткире албайт деп кошумчалады ал.