Украина Wildberries'тен кийин Орусиянын Ozon компаниясына да сокку урууда. Бул эмнени билдирет?

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Би-Би-Синин Украин кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Украина Орусиянын эң ири логистикалык борборлорунун бири болгон Wildberries компаниясынын кампаларына сокку уруп, ага олуттуу зыян келтиргенден кийин, эми Орусиянын бир нече аймагындагы Ozon компаниясынын кампалары да бутага алынды. Ozon - Орусиядагы көлөмү боюнча экинчи ири маркетплейс тармагы.
Украина Ozon компаниясынын кампаларына биринчи жолу 22-августта сокку урду. Ошол учурда Украинанын Коргоо министрлиги Самара облусунун Чапаевск шаарындагы компаниянын логистикалык борбору жабыркаганын билдирген.
"Кош максатта колдонулуучу товарлар сакталган борборлорго жасалган соккулар каршылаштын логистикасын татаалдаштырып, жалпы эле Орусиянын экономикасына терс таасир этет", - деп билдирген Украинанын Коргоо министрлиги.
Министрлик украиналык аскерлер Wildberries компаниясынын 15 логистикалык борборуна сокку ургандан кийин "кезек Ozon'го келгенин" айткан. Бул билдирүүлөргө караганда, мындай соккулар мындан ары да уланышы мүмкүн.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, 18-июлдан бери Wildberries компаниясынын кеминде 20 кампасы жабыркаган.
Украинанын Куралдуу күчтөрү Wildberries'ке сокку урууга басым жасап турган учурда серепчилер "Эмне үчүн Украина Ozon'ду бутага албай жатат?" деген суроого жооп издешкен. Аскер өкүлдөрү кыйытып, күчтөрдү чачыратпоо үчүн адегенде өлкөдөгү эң ири маркетплейс тармагына орду толгус зыян келтирүү керектигин айтышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ozon Орусия үчүн кандай роль ойнойт?
24-августка караган түнү дрондор Краснодар крайындагы, Адыгеядагы, Дагестандагы жана Ставрополь крайындагы төрт кампага чабуул койгон.
Орусиянын бийлигинин маалыматына караганда, Краснодарда абадан коргонуу системасы атып түшүргөн дрондун сыныктары жеке менчик балдар борборуна түшүп, балдар каза болгон. Ошондой эле жабыркагандар жана үйлөргө келтирилген зыян тууралуу маалымат тараган.
Кампаларда өрт чыккандыгы да кабарланган. Бирок чабуулдардын так кайсы объектилерге багытталганы расмий түрдө ырастала элек.
Украинанын бийлиги азырынча бул чабуулдарга комментарий бере элек.
Социалдык тармактарда жарыяланган Ozon объектилерине жасалган чабуулдардын видеолорун BBC текшерип, алардын аныктыгын тастыктаган.
Видеолордун биринде дрондун Оренбург облусундагы кампага тийгенин көрүүгө болот. Дагы бир видеодо Дагестандагы компаниянын кампасынын үстүнөн көтөрүлгөн түтүн менен жалын тартылган.
Орусиянын өкмөтү мурда Wildberries компаниясына убада кылгандай, Ozon'го да мамлекеттик колдоо көрсөтөбү деген суроого Кремль "бул татаал кырдаалда жардам көрсөтүүнүн ар кандай жолдорун иштеп чыгуу үчүн бизнес өкүлдөрү менен иштеп жатабыз" деп жооп берген.
Ozon'го жасалган соккулар Орусиянын экономикасына олуттуу зыян келтире алабы?
Украинанын соккулары Орусиянын экономикасында терең кризис жаратышы күмөн.
Бирок Орусиянын экономикасы стагнация абалында, башкача айтканда, дээрлик өспөй турат.
Учурда ал бардык экономикалык процесстер өтө жай жүрүп жаткан сазга окшош. Ал эми кандайдыр бир өсүш болсо, негизинен коргонуу тармагына топтолууда.
Ошондуктан бул соккулар стагнацияны дагы тереңдетиши мүмкүн. Андан тышкары, алар экономиканын түзүмүндөгү тең салмаксыздыкты күчөтөт.
Башкача айтканда, жаңы соккуларга кабылып жаткан жарандык сектор акырындап алсырайт.
Бул тармактагы абал начарлап, анын таасири адамдардын жашоосуна - маркетплейстер аркылуу соода кылган ишкерлерге, буйрутмаларды берүү пункттарында иштегендерге жана башкаларга - тийе баштайт. Натыйжада алардын жашоо деңгээли төмөндөшү мүмкүн.
Бул соккулар стагнацияны тереңдетип, жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет. Орусия өнүгүү жагынан башка өлкөлөрдөн акырындап артта калып жатат.
Ozon деген эмне?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ozon - 1998-жылы китеп жана видеокассета саткан интернет-дүкөн катары негизделген орусиялык маркетплейс.
Кийин компания кызмат көрсөтүүлөрүнүн түрүн кеңейтип, Армения, Беларус, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн рынокторуна чыккан. Ozon Кыргызстанда да иш алып барат.
Ozon менен Wildberries - Орусиядагы эң ири эки маркетплейс жана электрондук соода рыногундагы негизги атаандаштар.
Талдоочулардын баамында, Ozon көп жылдар бою бизнесин өнүктүрүүгө ири инвестиция салгандыктан чыгым менен иштеп келген. Компания логистикалык инфраструктураны жигердүү куруп, буйрутмаларды берүү пункттарынын тармагын кеңейтип, маркетинг программалары аркылуу сатып алуучулар менен сатуучуларды тарткан жана финтех багытын өнүктүргөн.
Компания үчүн негизги максат учурдагы кирешелүүлүк эмес, рыноктогу үлүшүн тез көбөйтүү болгон.
Орусиялык маалымат каражаттары өткөн жылы Ozon'дун кампаларынын аянты 2025-жылы үчтөн биринен көбүрөөккө өсүп, 5 миллион чарчы метрден ашканын жазган. Компаниянын өткөн жылдагы кирешеси 63% өскөн.
Орусиялык Forbes журналы да өткөн жылы Ozon компания тарыхында биринчи жолу таза кирешеге чыкканын билдирген. 2025-жылдын экинчи чейрегинде маркетплейс 359 миллион рубль таза киреше тапкан. Бир жыл мурда ошол эле мезгилде компаниянын чыгымы 28 миллиард рублди түзгөн.
Компаниянын кампаларына чабуулдар башталгандан кийин анын акциялары кескин арзандай баштады.
Бул онлайн-ритейлерлерге жасалган соккулар согушту катардагы орусиялыктарга дагы жакындатты.
Эксперттер Wildberries компаниясынын кампаларын жок кылуу логистикага гана сокку болуп, орусиялык аскерлер үчүн кош максатта колдонулуучу товарларды сатууга таасир этпестен, Орусия коомчулугуна психологиялык жактан да таасир берерин бир нече жолу белгилешкен.

Сүрөттүн булагы, Ozon
Мындан тышкары, сатуучулар товарларынан ажырагандыктан, системалуу чабуулдар баалардын өсүшүнө да алып келиши мүмкүн.
Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, Wildberries компаниясынын эң ири 10 объектисинин жетөө жабыркаган же талкаланган.
Компаниянын мүмкүн болгон чыгымы болжол менен 878 миллиард рублге - 10 миллиард долларга жакын бааланууда.
Орусияда Ozon менен Wildberries компанияларынын логотиптерин бир эле буйрутма берүү пункттарынан көп көрүүгө болот.
Эки компанияны тең көп учурда "Орусиянын Amazon'у" деп аташат. Баалоолорго караганда, алардын кызматтарын Орусиянын экономикалык жактан активдүү калкынын 85–90%ы колдонот.
Дүкөндөрү жетишсиз болгон алыскы калктуу конуштарда жашаган орусиялыктар кийим-кече, тиричилик техникасы жана үйгө керектүү башка товарларды сатып алуу үчүн бул платформаларга көз каранды.
Бирок өзүнүн товарларын да саткан жана ошол эле учурда маркетплейсти башкарган Amazon'дон айырмаланып, Wildberries менен Ozon дээрлик толугу менен ортомчу платформа катары иштейт.
Алар Орусия боюнча көз карандысыз сатуучуларды сатып алуучулар менен байланыштырып, товарларды сактоону жана жеткирүүнү камсыздайт, ошондой эле төлөмдөрдү иштетет.
Бул чабуулдардан келип чыккан чыгымдын олуттуу бөлүгү өз товарларын ушул платформалар аркылуу саткан ишкерлерге тиет дегенди билдирет.
2025-жылдын экинчи чейрегиндеги маалымат боюнча, Ozon маркетплейсинде 600 миңден ашык активдүү сатуучу иштеген. Алардын 80%дан көбүн аймактардагы ишкерлер түзгөн.
Кремл онлайн платформалар аскерди камсыздоо үчүн колдонулуп жатат деген маалыматты четке кагат.




























