Киевдеги жапырт чабуулдан алты киши каза болду

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жумага караган түнү орусиялык аскерлер Украинага, анын ичинде Киевге кайрадан катуу сокку урду. Өлкөнүн борбор шаарында акыркы маалыматтар боюнча алты адам каза таап, 30дан ашууну жарадар болду. Владимир Зеленскийдин айтымында, жабыркаган имараттардын арасында Азербайжандын элчилиги да бар.
"Чабуул мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга жана жарандык инфраструктурага зыян келтире тургандай жасалган", - деп жазды Телеграмга Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Анын айтымында, Киевде ондогон көп кабаттуу үйлөр, анын ичинде Азербайжандын элчилигинин имараты жабыркаган. Баку азырынча бул маалымат боюнча пикирин билдире элек.
Украинанын улуттук полициясы болжол менен 30дай турак жай жабыркаганын кабарлады.
Кол салуунун эң оор кесепеттерин Деснянский районунда көрүү болот. Ал жакта көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн натыйжасында бир адам өмүрү менен кош айтышты.
Украинанын борбор калаасында жалпысынан алты адам набыт болгонун шаардык аскер администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко билдирди. 35 адам жабыркады, алардын арасында 7 жана 10 жаштагы эки бала бар; 15 адам ооруканага жаткырылды, анын ичинде кош бойлуу аял да бар.
Шаардын эки районунда түнкү чабуулдан кийин жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады, деп билдирди Киевдин мэри Виталий Кличко.
Киевде автобустардын, троллейбустардын жана трамвайлардын кыймылы да токтоду.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Киевден тышкары түндө Украинанын башка аймактарына да чабуул коюлду.
Киев облусунда беш район чабуулга кабылганын облустук аскер администрациясынын башчысы Николай Калашник билдирди. Алты адам, анын ичинде жети жаштагы бала ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, орусиялык аскерлер түнкү чабуулда жалпысынан 430 дрон жана 19 ракета колдонгон.
Баштапкы маалыматтар боюнча, Сумы облусунда "Циркон" ракетасы колдонулган. Чабуул облустун четиндеги өнөр жай аймагына тийип, натыйжада ал жерде өрт чыкканын жергиликтүү бийлик билдирди. Сумы облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы эки адам жабыркаганын билдирди.
Одесса облусунда жарандык инфраструктура жана энергетикалык объектилер чабуулдун алдында калды. Катуу соккудан кийин турак үйдү жана гараждын чатырын да өрт каптады. Жергиликтүү администрация бир адам жабыркаганын билдирди.
Орусиянын бийлиги азырынча түнкү чабуул боюнча маалымат бере элек. (ZMa)































