2023-жылы дүйнөлүк кризис күтүлөбү?

    • Author, Алексей Калмыков
    • Role, Би-Би-Си Орус кызматы
  • Published

Өткөн 2022-жыл дүйнөлүк экономиканын саламаттыгына өлчөөсүз зор кесепетин тийгизди. Ковид кризисинен кийин саал оңоло баштаган кезең, сыягы, кайра үзгүлтүккө учураткан кезеңге орун берип жаткандай. 2023-жылдын башталышы эч кандай жеңилдикти убада кылбай турат. Быйылкы жылдын чарбалык турмушуна баа катары көп кайталанып айтылчу сөз – "рецессия" сөзү болоору жоромол кылынууда.

Учурдагы экономикалык мүшкүл абалдын себептери дүйнөлүк экономиканын өнөкөт көйгөйлөрүндө жатат. Эгерде авторитардык башчы Владимир Путин орусиялык аскерлерди Украинаны каратып алуу үчүн аттандырбаганда жана Европага отун-кубат согушун ачпаганда, балким, дүйнөлүк экономика өзүнүн өнөкөт оорусунан айыгып деле кетмек.

Орусиянын Украинага бир тараптуу басып киришинен улам пайда болгон дүрбөлөң түшүүлөр жалпы дүйнөдөгү COVID’ден кийинки калыбына келе баштаган илгерилөө далаалаттарын кайрадан тумчуктуруп салгансыды.

Deutsche Bank’тын экономика адистери жаңы жылдык майрамдын ирегесинде:

"2023-жыл канчалык жакындаган сайын, бул Коён жылы XXI кылымдын антирейтингинде үчүнчү орундагы жыл болуп калат ко деген божомолдор ошончолук күчөдү. Буга чейин коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылы жана дүйнөлүк каржы кризисинен кийинки 2009-жылы гана акыбал өтө начар болгон", – деп баса белгилешти.

2009-жылы да, 2020-жылы да дүйнөлүк экономика рецессияга кабылган ("рецессия" – алты айдан узак мөөнөттү кучагына алчу экономикалык төмөндөөнү билдирчү термин).

Экономисттер экономикада байлыктын, өндүрүштүн жана ишкердик жигердүүлүктүн өсүшү акырындап төмөндөө менен алмашылган алты айга же андан көп убакытка созулган кезеңди жалпылап "рецессия мезгили" деп аташат.

Мындай кезеңде калайык жакырданып, ишкер чөйрөлөр бүлгүнгө учурап, социалдык чыгымдар кыскартылып, инфратүзүм начардайт да, келечекке киргизилчү капиталдык салымдар – билим берүү, өндүрүш, технологияга жумшалчу инвестициялар жокко чыгарылат.

Акыркы убакка чейин окуялардын мындай өнүгүшүнүн ыктымалдыгы тууралуу эч нерсе алдын ала белги боло алган эмес. Ковид пандемиясы учурунда дүйнөлүк экономика рецессияны баштан кечирип, 3%га чейинки өсүү деңгээлине төмөндөгөн, бирок пандемиядан кийинки биринчи жылы – экономика 6%га өсүп, жандана түштү. Ал эми 2023-жылы, экономика адистеринин баамында, 2.2% гана пайыздык өсүү күтүлөт.

Былтыр жай-баракатыраак болсо да, дүйнөнүн бакыбаттык деңгээли өсүп чыкты. Жалпы дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн (ИДӨнүн) көлөмү 2022-жылы тарыхта алгачкы жолу 100 триллион доллардан ашты. Бул көлөмдүн 57%ы – өнүккөн өлкөлөргө туура келет, анын ичинде кубаттуу аймактар – АКШ (дүйнөлүк экономиканын ИДӨсүнүн 25%ы) менен Евробиримдик (17%ы) бар. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ичинен Кытай 18%дык үлүшү менен өз сабындагылардан алда канча илгери суурулуп чыкты. Ал эми жалпы аянты зор болгон мамлекеттин – путиндик Орусиянын дүйнөлүк экономиканын ИДӨсүнүн жалпы көлөмүндөгү ээлеген үлүшү – бар болгону 2%ды гана түзөт.

2023-жылы экономикалык кризистин эң олуттуу соккусун дал ушул Батыш өз көкүрөгү менен тосмокчу.

Эмне үчүн Батыш оор соккуга кабылмакчы?

Бай өлкөлөрдүн клубу болгон “Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун” (OECD) экономика адистери Коён жылында Батыш өлкөлөрү кыйла түйшүктөргө кириптер болоорун мындайча жоромол кылышты:

"АКШ менен Европанын экономикалык ыргагы кескин басаңдайт жана 2023-жылы экономикалык өсүштүн төрттөн үч бөлүгүн Азиянын өнүгүп келе жаткан экономикалары камсыздайт".

Бул адистер тарых барактарына да кылчайышты. Жок эле дегенде, акыркы жарым кылымдагы окуялардан аныкталгандай, өнүккөн экономикалары бар мамлекеттер өздөрү үчүн сырттан ташылган негизги товарга – отун-кубат заттарына сарптоолору кескин көбөйгөн чакта гана рецессияга түшкөн. Жалгыз гана бир учур өзгөчөлүккө ээ: 2020-жылдагы экономикалык төмөндөө отун-кубат байлыктарына коротулган акчага эмес, коронавирус пандемиясына багыныңкы болду.

Бул жолу – Коён жылында – рецессия үчүн демейдеги өңүттөрдүн бардыгы пайда болду. Мурдагы учурларда (2020-жылды кошпогондо) экономикалык төмөндөө электр кубатына, отунга жана жылуулукка сарпталчу каражаттар ИДӨнүн 13%ына жеткенден кийин гана орун алган. Өткөн 2022-жылы электр кубатына, отунга жана жылуулукка сарпталчу каражаттар ИДӨнүн 17%ынан да ашып түштү.

Отун-кубат булактарына болгон баанын кескин көтөрүлүшү Орусиянын эгемен Украинага каршы баскынчыл согушунун түздөн-түз кесепети болуп калды, анткени Батыш Орусиядан сатып алынып жаткан мунай менен көмүргө санкция киргизген жана расмий Кремль Евробиримдикти газ менен жабдууну саясий жооп катары кыскарткан.

Натыйжада, Батыш Европа техникалык рецессияны (ушул кышта катары менен эки токсондукка созулчу төмөндөөнү) баштан кечирүү тобокелчилигине башкаларга караганда көбүрөөк туш болууда. Андан тышкары Евробиримдик жалпы эле 2023-жылды кемүү менен аякташы ажеп эмес. Мындай пикирди FT гезити жакында жүргүзгөн сурамжылоого катышкан экономика адистеринин көпчүлүгү билдиришкен.

Дүйнөдөгү мунай жана газ өндүрүү боюнча алдыңкы өлкө катары АКШны алсак, ал керектүү отун-кубаттын 60%ын сырттан ташып келүүгө аргасыз болгон Евробиримдикке салыштырмалуу алда канча жакшы абалда турат. Дүйнөдөгү эң ири экономиканын (АКШнын) өкмөтү жана Борбордук банкы Коён жылы рецессиянын кылтагына илинбей калаарын айтышууда. Bloomberg декабрда жүргүзгөн сурамжылоого караганда, адистер болсо АКШнын экономикалык төмөндөөдөн аман чыгышынын ыктымалдуулугун 70%дай деп баалашууда.

“Oxford Economics” аттуу көз карандысыз экономикалык сереп уюмунун адистеринин баамында, быйылкы төмөндөө чындап орун алган чакта деле кыска гана мөөнөткө созулушу ыктымал. Бирок, 2008-жылдагы ири кризистен кийинки абалдагыдай эле, мурдагы экономикалык өсүү ыргагына тез арада кайтууга да мүмкүн эмес.

Мунун себеби – АКШ менен Европадагы арзан акчанын доору тез арада эле кайтып келбей тургандыгында. Ал эми кыйла тыңыган Кытай – Батышты дүйнөнүн негизги насыя берүүчүсү катары алмаштыруу жаатында дагы эле чамасы чарк бойдон. Төмөнкү тыянак жогорудагы “Oxford Economics” адистеринин 2023-жылдын экономикалык кырдаалы жөнүндөгү басма сөздө жарыяланган пикирине негизделди:

"Рецессия жумшак өтөт, бирок андан кийинки калыбына келтирүү жүрүмү деле көңүлдү калтыра алат. 2022-жылы дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн басаңдап калуусунун негизги себептери 2023-жылы акырындап жоюла берүүгө тийиш, бирок бул жагдай – жетишсиз".

Деги булар – кайсы көйгөйлөр?

Эмне үчүн азыр кырдаал начардады?

Башкы дүйнөлүк көйгөй – бул инфляция. Орусиянын Украинага жасаган баскынчыл чабуулу инфляцияны курчутуп гана койду. Анткени бул керексиз согуштун айынан отун-кубат жана азык-түлүк баалары кескин өсүп чыкты. Батыштагы баалар, – акыркы 40 жылды эсепке алганда, – бул согушсуз деле рекорддук ылдамдыкта өсүп жаткан болчу.

Негизги себеп – коронавирус. Бир жарым жылдык обочолонуудан соң, калайык деле, ишкердик чөйрө деле ковид маалында колдон чыккан мүмкүнчүлүктүн эсесин толтуруу үчүн жапырт ат коюшту.

Суроо-талап рекорддук ыргак менен өсүп, ал эми товарларды жана кызматтарды жабдуу жааты бул сунуштарга үлгүрө алган жок. Мунун олуттуу себебинин бири – Кытай өлкөсү ковиддик карантинден чыкпай койгону болду. Орусиялык баскынчыл согуш өлгөндүн үстүнө көмгөн делген кырдаалды жаратты, анткени бул согуштун көйгөйлөрү дүйнөлөшүү жүрүмүн жана дүйнөлүк сооданы ого бетер жарга кептеп салды.

Баары жоктун баарына таңкыстык жаралды: санариптик чиптер, автоунаалар, арзан жумушчу күчү, унаа менен ташуу кызматы жетишпей жатты. Баалар асмандап өсүп чыкты. Ишкердикти чагылдырган басма сөздөгү 2022-жылкы башкы сөз – “инфляция” сөзү болду.

Инфляцияга каршы күрөшүү үчүн борбордук банктар үстөктүк пайыздарды акыркы жыйырма жылдын ичиндеги рекорддук ылдамдыкта жогорулатууга барышты.

Насыяларга баалардын өсүшү кардардык керектөөнү, курулушту, инвестицияны азайтты жана турак жай базарына бөгөт түздү. Инфляцияны эптеп-септеп төмөндөтүүгө мүмкүн болду, бирок аны качанкыга чейин кармап турууга болот? Аны кармап туруунун куну эмнеге татыйт?

Улуу Британиянын экономика жана ишкердикти изилдөө борборунун (CEBR) адистери болсо: "Жакшы кабар бар. Бул – инфляция азыркы тапта тездик менен төмөндөшү керектиги. Ал эми жаман кабарга келсек: бул мүдөөнү камсыздоо үчүн көптөгөн өлкөлөр рецессияны баштан кечирүүгө аргасыз болмокчу", – деген ойлорун ортого салышты.

Рецессия эмнеси менен жаман?

Бир же эки жылдай суу жана каткан нан менен отуруп калуу – өтө кооптуу мүнөздөп тамактанууга жатат. Мындай шарттан баары тең эле эсен-соо чыга албайт, деп экономика адистери эскертишет.

Анткени экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө дээрлик жыйырма жыл бою насыялык акчалар иш жүзүндө текейден арзан болуп калган. Бул жагдай келечектүү компанияларга кирешелүүлүк өңүтүн эсепке албай туруп эле өнүгүү долбоорлоруна жигердүү инвестиция салууга, ал эми келечексиз компанияларга болсо чыгымдарын жаап-жашырууга мүмкүндүк берип турду.

Биринчи топтогу компаниялар үчүн бекер насыялар доорунун аякташы дүркүрөп өсүштүн ылдамдыгын басаңдатууга алып келет. Соңку он жылдыктын лидерлери – Amazon, Facebook, Apple жана башка жогорку технологиялык компаниялардын тагдыры буга мыкты мисал болуп калды. Алар чыгымдарды кескин азайтып, кызматкерлерди олуттуу кыскартып, бир катар долбоорлорду жокко чыгарууда.

Экинчи топко кирген "зомби (өлүмүш) компанияларды" ар кандай банкроттуктан жеткиликтүү насыялык акчалар гана ушул убакка чейин куткарып келген. Эми рецессия алардын жаназасын окушу ажеп эмес. Экономиканын төмөндөшү аларды кирешелеринин бир бөлүгүнөн ажыратат. Ал эми насыянын үстөк пайыздарынын жогорулашы карызды тейлөөгө жана компаниянын өнүктүрүүгө кетчү чыгымдарды кескин көбөйтөт. Алар банкроттукка туш болушат, алардын ээлери жана кызматкерлери кирешесин жоготот. Орто жолдо аларды сүйөмөлөп келген банктар өздөрүнүн аманатчыларынын насыя түрүндө берген каражаттарынан кол жуушат.

Банкроттук толкуну 2008-жылда орун алган кубаттуу кризистегидей болуп ликвиддүүлүк кризисине туш кылышы жана каржы базарындагы башка да жаңы соккуларды пайда кылышы ыктымал болууда. (Ликвиддүүлүк – бул каржы базарынын баалуу кагазды өз наркынан кемитпестен сатуу жөндөмү).

Ошол 2008-жылдагы кризис маалында саны бар, сапаты жок ипотекалардын кылтагына илинген далай банктар ойрон болушкан. Эми болсо ойрон болуу кезеги башка да насыя булактарына келүүдө. Жөнөкөй кишилер анчейин аңдай албай турган бул каржылык мекемелер менен аргалардын чоо-жайы татаал.

Мисалы, башкаларды айтпаганда да, кардарлардын баалуу кагаздарга (акцияларга) жана насыя кагаздарга (облигацияларга) карата салымдарын камсыздандыруу үчүн камсыздандыруу компаниялары же пенсиялык фонддор өз каражатын башка банктын же каржылык мекеменин үстөк пайызына берүүгө же чет элдик валюта алмашуу (“foreign exchange swap”) ыкмаларынан үстөк пайыз алууга барган тобокелчил тажрыйбаларды эскерсек болот.

Үстөк пайыздардын көтөрүлүшү турак жай базарында кризис жаратышы ажеп эмес. Айрым өлкөлөрдө буга чейин эле турак жай базарынын кризиси башталып калган.

Каржылык каатчылык босогого жакындады деген алгачкы ишааралар бир эле эмес, бир нече жолу байкалган.

Мисалы, криптовалюта базары куушурулуп, дээрлик үчтөн эки бөлүгүнөн ажырады. Amazon жана Meta компанияларынын деңгээлиндеги дөөлөрдүн баалуу кагаздары эки эсеге арзандады. Ал эми кыймылсыз мүлктүн баасы акыркы он жыл ичинде алгачкы жолу көтөрүлбөстөн, тескерисинче, төмөндөп кирди.

Абал мындан да начар болушу ыктымалбы?

Батыштагы жай баракат орун алчу рецессия жана дүйнөдөгү экономиканын өсүшүнүн өтө жай калыбына келүүсү тууралуу божомолдор өтө эле ашыкча оптимисттик маанайда айтылып жатышы да ажеп эмес.

Экономика адистери азыркы башкы коркунучтардын арасында төмөндөгү үч өңүттү атап жатышат.

Биринчиден, дээрлик үч жылга созулган карантинден кийин капысынан ачылган Кытай мамлекети ковиддин өз кесепеттери азырынча ачыкка чыга элек жаңы толкунуна кабылып жатат. Эгерде быйылкы жазга чейин ал толкун басаңдаса, анда Кытайдын отун-кубат байлыгына карата суроо-талабы кескин өсүп чыгат да, дүйнө отун-кубат кризисинин жана инфляциянын жаңы айлампасына туш болот.

Экинчиден, Орусиянын Украинага каршы согушунун андан ары күчөшү эгинди Украинадан сыртка ташып чыгуунун кайрадан үзгүлтүккө учурашына жана азык-түлүктүн андан ары кымбатташына алып келет.

Ушул эки себеп менен шартталган инфляциянын экинчи толкуну ар кыл өлкөлөрдүн борбордук банктарынын насыялык үстөк пайыздарды көтөрүүнү токтотуусуна тоскоолдук жаратат. Бул – үчүнчү өңүт.

Акчанын кунунун өсүшү экономиканын рецессиясын андан ары тездетет жана каржы тармагындагы жаңы көйгөйлөргө алып келет, анткени насыя берүүчүгө карыз болгондор үчүн өзүнүн насыя төлөөдөгү милдеттенмелерин аткаруу андан ары кыйындай берет.

Дүйнө жүзү насыяга таянуу аркылуу буга чейинки кризис жана пандемия менен күрөшө алды. Натыйжада, ЭВФтин маалыматы боюнча, өлкөлөр, ишкердик чөйрөлөр жана жарандар рекорддук көлөмдөгү – дээрлик 235 триллион доллардай карызга батып калышты. Ал эми Эл аралык каршы институту – Institute of International Finance (IIF) деп аталган дүйнөлүк каржы изилдөө бирикмесинин эебине караганда, насыялык көрсөткүч мындан да чоң болушу ыктымал.

Бул бирикменин маалыматына караганда, жалпы (жеке жана мамлекеттик) карыз –– дээрлик 300 триллион долларга жетти. Бул көрсөткүч он жыл мурдагы кризисте пайда болгон карыздан үчтөн бир үлүшкө көбүрөөк.

Улам куну өскөн АКШ долларына өз карызы байланып эсептелген өнүгүп келе жаткан өлкөлөр айрыкча аялуу абалда болууда.

Насыялык милдеттенмелерди кайра каржылоого жана карызды тейлөөгө кеткен чыгымдардын өсүшү бул өлкөлөрдүн экономикасынын калыбына келишине кесепетин тийгизиши ажеп эмес. Бул жагдай жалпы дүйнөлүк экономикалык турмушка да кыйла кедерги тийгизет, себеби 2023-жылга карата экономикалык өсүштүн бардык божомолдору Батыш өлкөлөрүнүн экономикасы бир орунда такалып калат жана өнүгүп келе жаткан базарлар тездетилген ыргакта өсө бермекчи, деген жоромолго негизделген болчу.

Өнүккөн өлкөлөр үчүн насыялык үстөк пайыздардын өсүшү да көйгөйлөрдү туудурат. Алар турак жай базарын жаңы кризиске дуушар кылышы ажеп эмес.

Кыймылсыз мүлккө карата суроо-талап жана мындай мүлктүн баасы төмөндөйт. Курулуш ишкердиги жана банктар кирешелеринен айрылышат. Ипотекалык насыялык төлөмдөрдүн көбөйтүлүшү кардарлардын суроо-талаптарын азайтып коёт, анткени карапайым калайыкта ипотекадан башка калган-каткан нерселерге жумшаганга азыраак гана акча каражаты эркин калат.

Иш жүзүндө, ошентип, акыркы ондогон жылдардагы экономикалык өсүштүн дээрлик бардык кыймылдаткычтары ташыркап, начар иштеп калмакчы.

Кыскара баштаган акчалай шыктандыруу усулу менен бирдей эле мезгилде дүйнөлөшүү жүрүмү да солгундайт.

Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) берген баасына караганда, өткөн 2022-жылы товарлардын дүйнөлүк соодасынын өсүшү 3,5%га гана жетти (ал эми коронавирустан кийинки учурда, 2021-жылы, бул өсүш көрсөткүчү 10%ды түзгөн болчу).

2023-жылы болсо бул өсүш 3,5%ды түзөт ко деп жоромол кылынып жаткан, бирок эми, тескерисинче, дүйнөлүк сооданын көлөмү 1%га төмөндөйт ко деп күтүлүүдө.

Бардыгынан кол жууудукпу?

Жөн эле жагымсыз божомолдордон тышкары, тим эле асман түшүп калчудай алааматты камтыган жоромол кептер да бар.

Бул түрдөгү жоромолдордун көпчүлүгү эки башка окуя нугуна байланган: бир жагынан, Орусиянын баскынчыл согушунун анан ары айыгыша күчөшү, анын ичинде өзөктүк согуштун башталышы; экинчи жагынан, Кытайдын Тайванга кол салышынын ыктымалдыгы жана анын айынан КЭРдин Батыш менен болчу жаңжалы.

Улуу Британиянын экономика жана ишкердикти изилдөө борборунун (CEBR) адистеринин жазганына караганда:

"Кытай менен Батыштын ортосундагы экономикалык согуштун кесепеттери Орусиянын Украинага кол салганына салыштырмалуу бир нече эсе олуттуураак болот. ...Алар дүйнөлүк экономиканын терең рецессиясына жана инфляциянын жаңы айлампасына туш кылаары дээрлик шексиз".

Бирок окуянын андан аркы улантылышы жаатында дүйнөлүк экономиканын төмөндөшүн болтурбай коюуга жана экономикалык орчун көйгөйлөрдүн көпчүлүгүн чечүүгө мүмкүнчүлүк бар, деген жагымдуу маанайдагы көз караштар да сунушталууда.

Андай жагымдуу натыйжа сунушталган окуялардын бир варианты путиндик Орусиянын Украинага каршы баскынчы согушунун токтотулушун камтыйт. Кремлдин өз аскерлерин Украинадан чыгарып кетүүсү жана репарацияларды төлөшү орусиялык режимге каршы киргизилген санкцияларды алып салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого жол ачат.

Дагы бир жагымдуу вариант – таптакыр жаңы технологиялык секирик жасалат ко деген үмүткө барып такалат. Буга чейинки ушундай чоң секирик – жалпы дүйнөгө бир нече ондогон жылдар бою өсүш берген интернеттин ойлоп табылышы жана жүзөгө ашырылышы болду.

Арийне, бул сыяктуу жаңы технологиялык өрүштүн карааны азырынча бүдөмүк. Ийгиликтер – жупуну бойдон.

Ковид пандемиясы аралыктан иштөөгө жана деңиз соодасындагы документ алмашуу жүрүмүн санариптештирүүгө зор түрткү берди, ал эми газ кризиси болсо өз кезегинде отун-кубатты сарамжалдык менен колдонууга түрткү болду. Бирок чыныгы технологиялык ачылыштар али алдыда.

Жасалма акыл-эс (интеллект) жана кванттык компүтерлер эмгек өндүрүмдүүлүгүн абдан көп эселентип жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жаңы кубат түрү, – анын ичинде өзөктүк ширелүү ыкмасы өндүрө турган кубат, – жаңы жумуш орундарын, кайра калыбына келүүчү отунду жаратууну, ошондой эле, кишилердин, ишкер чөйрөнүн жана планетанын кызыкчылыгы үчүн коротулчу чыгымдарды азайтууну камсыз кыла алат. Арийне, буга жетишүү мүмкүнчүлүгү – 2023-жылдын эмес, жаркын болочоктун гана шыбагасына таандыктай.

“Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун” (OECD) башкы адиси, португалиялык таланттуу экономист, профессор Алваро Перейра (Álvaro Santos Pereira; 1972-жылы Визеу шаарында туулган) мырза мындайча кеңеш берет: азыркы тапта өлкөлөрдүн бийликтеринин колунда учурдагы кризисти, – эч кандай кереметке жана сыйкырга үмүттөнбөстөн туруп, – узак мезгилдер бою сыналган жол аркылуу чечүү аргасы гана калды: бул арга – кандайдыр-бир келесоолук иш-аракетке баруудан кармануу.

"Баары жоктун баары – өз колубузда турат, – деп профессор Перейра өзү иштеген уюмдун 2023-жылга карата санааркатчу маанайдагы жоромолуна карата жеке оюн билдирди. – Эгерде акыл-эске төп саясат жүргүзүлчү болсо, анда байсалдуу болуу мүмкүнчүлүгү алда канча өсүп чыгаары шексиз". (TT)